ТАБЫШМАКТУУ ТИБЕТ

Саякат

Сиз менен биз жашап жаткан Жер шарында бир аймак бар. Аны “Ааламдын чатыры” деп атап коюшат. Түштүгү аскалары асман тиреген Гималай, түндүгү Кара-Корум, батышынан Кунлун тоо кыркалары менен курчалган бул аймак ичине далай сырды катып жатат. Көңүлүңүздөрдү табышмактуу Тибетке бурабыз.

Тибет – Кытайдын курамындагы автономдуу район
Тибетче аталышы – Бё, кытайча – Сицзан
Аянты – 1,2 миллион чарчы чакырым
Административдик борбору – Лхаса шаары
Дини – Буддизм

7-КЫЛЫМДА ТҮЗҮЛГӨН
Тибет – биздин замандын 7-кылымында түзүлгөн өлкө. Моңголдордун жортуулунан соң 13-14-кылымдарда көчмөндөрдүн кол алдында калган. 17-кылымда будда дининдеги гелугпа деп аталган сектанын башчысы Далай-Лама руханий жана жалпы иштер боюнча Тибеттин жол башчысы болуп калган. Бул арада табышмактуу тоолордун курчоосундагы өлкөгө моңголдор менен кытайлар кызыгып, өз аймагына кошуп алуу аракеттери башталат. Бул тирешүүдө кытайлар жеңишке жетишип, Лхасага Цин династиясынын аскердик бөлүгү жайгаштырылат. Өлкөнүн ички маселелери боюнча Далай-Ламанын бийлиги Кытайдан көз карандысыз болгон. Цин династиясы ураганда, Тибет өзүн көз карандысыз өлкө катары жарыялаган.

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК ҮЧҮН КҮРӨШ
Кытайда Коммунисттик партия бийликке келген соң 1951-жылы Тибетке кытай аскерлери кайрадан бастырып кирген. Тибеттиктер көз карандысыздык үчүн 9 жыл бою күрөшүшкөн. Башында Далай-Лама XIV турган партизандык күчтөр 1959-жылга барып жок кылынган. Баш-аягы 90 миңдей тибет өлтүрүлүп, Далай-Лама Индияга качып кетүүгө аргасыз болгон. Ошентип, 1965-жылы Кытайдын курамында Тибет автономдуу району түзүлгөн. Бул район тарыхый Тибеттин аймагынын жарымын гана түзөт. Мындан тышкары Цинхай, Юньнань провинцияларында жана Ганьсу, Сычуань уезддеринде Тибет автономдуу аймактары бар.
Тибеттер, негизинен, айыл жана мал чарбасы менен күн көрүшсө, ушул эле аймакта жашаган кытайлар соода, мамлекеттик башкаруу жана тейлөө кызматтарында иштешет.
Өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып бүгүнкү күнгө чейин тибеттер көз карандысыздыкка жетпей келишет. Тымызын да, ачык да кытай бийлигине каршы жүргүзүлүп келген күрөшүү 2008-жылдагы Бээжин Олимпиадасын үзгүлтүккө учуратып коё жаздаган. Далай-Ламанын жетегинде алар митингге чыгышып, ал кандуу кагылышка айланып кеткен. Учурда куугунтукталып жүргөн тибеттик өкмөттүн өкүлдөрү “бул тынч митинг болчу” дешсе, расмий Пекин “тынч митингден заматта Тибеттин аймагында жашаган кытайларды өлтүрүү, талкалоого айланып кеткен кандуу окуя” деп баалайт. Көтөрүлүштү Кытай аёосуз басып, Тибеттин аймагына чет жерликтерди киргизбей койгон. Дүйнөлүк коомчулук Кытайдын мындай күч колдонуу аракетин сынга алып, тибет диаспораларынын демилгеси менен Евробиримдиктеги көпчүлүк өлкөлөрдө Бээжин Олимпиадасына бойкот жарыялоо идеялары чыккан. Евробиримдиктин ошол кездеги башчысы катары Франция мындай демилгени моралдык жактан колдогону менен, бойкот жарыялоого деми жеткен эмес.

ТИБЕТ ПИРАМИДАЛАРЫ
Тибет пирамидалары окумуштуулардын кызыгуусун туудуруп келет. Кайлас аталган ыйык тоо негизги пирамида болуп саналат жана анын айланасында 100дөн ашуун майда пирамидалар орун алган. Алар тепкичтүү түзүлүшү менен айырмаланышат. Кайлас атактуу Хеопс пирамидасынан бийик.
Тибет жана непал ламаларынын ишеними боюнча, бул аймакта Кудайлардын шаары орун алган. Андыктан энергетикасы өтө күчтүү. Атактуу Өлүм өрөөнү да ушул Кайлас тоосунун түндүк бөлүгүнөн орун алган. Бул жерге йогдор өмүр менен коштошуу үчүн келишет.
Буддалар “Кайлас тоосун саат багыты менен айланып чыксаң, бардык күнөөлөрүңдөн арыласың, ал эми 108 ирет айлансаң, ыйыктардын катарына кошуласың” деп ишенишет.
Бул пирамидалар динчилдер үчүн эле эмес, окумуштуулар үчүн да сырдуу. Алар “Мисир жана Мексика пирамидаларынан айырмаланып, Тибеттеги пирамидалар көлөмү жагынан чоң жана байыркы” дешет. Бирок негизги өзгөчөлүгү – алардын курулушунда. Жарым айлана, тегиз же тескерисинче, ийилген таш конструкциялар менен курулган. Аларды образдуу түрдө “күзгүлөр” деп атап коюшат. Дал ушул “күзгүлөрдүн” арасында убакыт жайлап же тескерисинче, тездеп кетери тууралуу жоромолдор бар.
Байыркы тибет жазууларында Кайлас жана аны курчап турган тоолор беш элементтин (аба, суу, жер, шамал, от) күчүнүн жардамы менен курулган деп айтылат.

ШАМБАЛА
ималайдын кайсы бир жеринде Шамбала деп аталган ыйык аймак бар. Бул жерде биздин планетадагы байыркы баалуу цивилизацияны алып жүргөндөрдүн тукумдары жашашат. Алар медицина жагынан да, илим жагынан да, атүгүл технология жагынан да дүйнө жүзүндө алдыңкы орунда. Тибет медицинасы, медитация, левитация, антигравитация, биз менен параллель жашаган башка дүйнө менен байланыш, белгисиз учуучу объектилер (БУО) менен байланыш да ушул аймактан башталат...”
Мындай уламыштар кылымдардан бери адамзатын кызыктырып келет. Атактуу айрым окумуштуулардын айткандары уламыштарды ого бетер күчөтөт. Алсак, Тибет боюнча иликтөө жүргүзгөн Елена жана Николай Рерихтердин, Александра Давид-Ноэльдин, Елена Блаватскаянын айткандары. Алар адам баласы кыйынчылык менен жетчү аймактарда (Шамбала жана Агартада) “бардык нерселерди билген” сырдуу адамдар жашаарын, ошол жерден дүйнөнү башкарышары тууралуу айтып жазышкан.


Жылдыз-гид

Мелис Эшимканов:
"ӨЛБӨСТӨРДҮН ӨЛКӨСҮ" БАР ЭКЕНИНЕ ИШЕНЕМ"

Кыргызстандыктардан Далай-Лама менен бет келишип, баарлашкан эки гана адам белгилүү. Алардын бири – айтылуу доктор Жеңишбек Назаралиев, экинчиси – жазуучу Кубатбек Жусубалиев. Ошондой эле Тибетке барып, табияттын сырларына чөмүлгөндөр да көп эмес. Алардын катарында Мелис Эшимканов бар.

– Тибетке эмне максатта баргансыз?
– Тээ жаш кезимден бери өзүм ушул Непал, Тибет, Шамбалага кызыгып, барсам, көрсөм деп тилек кылып жүрөр элем. Тибетке барууга Кубат аке Жусубалиев да түрткү болду. 2007-жылы декабрда Асел жеңеңер, Кубат аке жана досум Бегалы Наргозуев болуп Индияга жөнөп калдык. Андан Непалга, Непалдан Катманду аркылуу Тибетке барып, Жаңы жылды ошол жактан тосуп кайтканбыз.
Бир нече жылдан бери Далай-Лама менен кытайлар чабышып келе жатышпайбы, ошондуктан кытайлыктардан башкаларды Тибетке таптакыр киргизишпейт экен. Ошентип биз Тибеттин Непал тарабын көрүп, этегинен эле кайтканбыз. Бир моторлуу самолёт менен алып чыгып көрсөтүшөт экен. Ошого чыгып Кайлас, Гималай тоолорун көргөнбүз. Картадан карап салыштырсам, биз Тибеттин 20-30 пайызын гана көрүптүрбүз.
– Тибетте Шамбала – “өлбөстөрдүн өрөөнү” бар дешет. Ошого ишенесизби?
– Ишенем. Шамбалага кызыгып, ал боюнча далай материалдарды окуп, маалымат чогултуп жүрөм. Атүгүл Ватикандагы китепканадан арамей тилиндеги материалдарды да таап, окуп чыккам. Эркектер 34, аялдар 16сында "өлбөс жашоого" өтөт деген маалыматтар бар. Курандын 28-сүрөөсү, Библия, Тоораттагы айрым маалыматтар да "өлбөс жашоо" бар экенине ишендирет. Кудай жакшы көргөн таза, аруу пенделерин өзүнө жакын "өлбөстөрдүн өлкөсүнө" чогултат окшобойбу.
– Тибет менен кеңири тааныша албаптырсыз. Деги эмне кызыктарды көрдүңүз?..
– Легендарлуу жерлерин көрө албасам да, ошол бийик тоо коюнунан келген кыргыздарды жолуктурдум. БУУ өңдүү уюмдардын жардамы менен Тибеттин бийик тоолуу аймактарында жашаган кыргыздар Непал тарапка түшүп, кадимки эле биздин туш кийиз, шырдак өңдүү буюмдарды сатып кетишет экен. Ошол Непалдан биз эки япон окумуштуусуна туш болуп, алардын чогулткан материалдарын окуп калдык эле. “Тибетте 3,5 миңдей кыргыздар бар. Алар “шерп” (туристтерди, илим изилдөөчүлөрдү топоз менен Тибеттин адам бара алгыс бийик тоолоруна алпарып, кайра алып келчүлөр) болуп иштешет” деген маалыматтарды кезиктирдик. Анан ошол Непалга түшкөн тибеттиктер менен таанышып калдык. Өздөрүн тибеттиктербиз дегени менен, кыргыз экенин билишет. “Түпкү тегибиз Орхон-Энисейден” дешет. Сөздөрү да биздикине окшош. Алар “топоз менен тоонун кайсы бир чегине чейин жакшы эле барабыз. Анан түшүнүксүз иштер башталат. Топоздор баспай, адамдар түтөктөп. Пенделерди андан ары өткөрбөй турган көзгө көрүнбөс дубал бардай. Ал чектен саналуу гана адамдар өтө алышат” деп кеп салып беришти. Айтып отурсаң, Тибетте кызыктар көп.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
TolonturCN
2010-08-20 19:35:11
Кытайча Шизаң деп аталат
0
bmmkgstan
2010-08-25 10:32:40
Kitaicha Tibettin Tuura atalishi:
Siler Urumchilikter "Шизаң" deisiner. Ozu "Сизаң" ele bolot. Siler "C" ni "Ш" kilip suiloisunor...
0
TolonturCN
2010-08-26 16:20:16
Шизаң деген кытайча аталышы, жердин атын кантип которуп колдонголу болсун, (С)ны с, (Ш)ны ш деп эле колдонобуз.
http://image.baidu.com/i?tn=baiduimage&ct=201326592&lm=-1&cl=2&word=%CE%F7%B2%D8
мынакей шизаң тууралуу маалыматтар, бул шилтемеден көрүңүздөр.
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан