ТӨРӨТТӨН КИЙИНКИ ДИАСТАЗДЫ АЙЫКТЫРУУ ҮЧҮН КӨНҮГҮҮЛӨР

Аялдардын толгоодон тарткан азабы аз келгенсип, төрөттөн кийинки азаптары да букет-букет болорун айтып саймедиреп келишет. Анын ичинде бой-келбеттин бузулушу да бар. Аялдардын 25-40 пайызы төрөттөн кийин кабылган диастаз аттуу көйгөй бар. Алдыда ушул тууралуу сөз болот.

Диастаз – курсактагы түз булчуңдардын ажырап кетиши. Ичтеги булчуңдар бири-бирине так борбордон тарамыш аркылуу биригип турат. Дал ошол тарамыш курсакка күч келгенде ажырап, булчуңдардын ортосу ачылып кетет. Бул өз алдынча айыгып же калыбына келе турган нерсе эмес. Аны алгач аныктоо керек, баштапкы стадияларында тийиштүү көнүгүүлөрдүн жардамы менен жөнгө салса болот. Ал эми өтө чоң болуп ажырап кеткен болсо хирургдун кийлигишүүсү талап кылынат.

ДИАСТАЗДЫ КАНТИП АНЫКТАЙБЫЗ?

Төрөттөн кийинки көнүгүүлөрдү жасоодон мурун диастаз барбы же жокпу аныктап алуу керек. Бул көйгөй көпчүлүк аялдарда 3-4-төрөттөн кийин жаралышы мүмкүн.

1. Түз жерге чалкадан жатып, тизени бүгүп, буттун аралыгын ийиндин кеңдигинде ачып, тамандарды жерге коёбуз.

2. Башты жана ийинди көтөрүп, бир кол менен желкени кармайбыз.

3. Экинчи колдун манжаларын булчуңдардын ортосуна тигинен салып киндиктин ылдый-өйдөсүнө жылдырабыз. Эгерде кол кирип кетсе, анда сизде диастаз бар. Колду туурасынан кылып да салып көрүү керек. Канчалык көп манжа батса, диастаздын көлөмү ошончолук чоң болот. Эгер диастаз жок болсо, анда кол булчуңдардын ортосуна кирбейт.

4. Диастаз бар деп күмөн санасаңыз, анда дарыгерге кайрылуу кажет. Адистер сиздин ичиңизди текшерип, диастаздын стадиясын аныктап берет жана ошого жараша кандай чара көрүү керектигин сунуштайт.

5. Диастаздын 3 стадиясы бар:

1. 2-5 сантиметрге чейин ажыроо

2. 5-7 сантиметр

3. 7 сантиметрден жогору

КАНДАЙ КӨНҮГҮҮЛӨРДҮ ЖАСООГО БОЛБОЙТ?

- Чалкасынан жатып бутту көтөрүү:

- Чалкасынан жатып тулку бойду көтөрүү (жаткан абалдан жер таянбай отурган абалга келүү).

- Планкага туруу

Мындан тышкары отжимание кылууга, чалкасынан жатып “велосипед тебүү”, бутту көтөрүп алып кайчылаштыруу (“ножницы”), “мостик” сыяктуу курсак булчуңдарына күч келе турган бардык көнүгүүлөрдү жасоого тыюу салынат.

Күнүмдүк тиричиликте сакталуучу эрежелер

1. Баланы колго көтөрүп жүргөндө бандаж тагынуу керек.

2. 5-6 килограммдан оор нерселерди көтөрбөө кажет.

3. Бир нерсени көтөрөрдө ичтин булчуңдарына күч келтирбей көтөрүү керек.

4. Кош бойлуулук учурундагыдай эртең менен төшөктөн турарда капталдап жатып туруп, анан көтөрүлүү керек.

5. Стулдан турарда ичти бир аз тартып, курсак булчуңдарына эмес, бутка күч келтирип туруу керек.

6. Баланы же оор жүктү узак убакытка көтөрүп жүрүүгө болбойт.

ДИАСТАЗДЫ ЖОЮУ ҮЧҮН КӨНҮГҮҮЛӨР

- Чалкадан жатып, тизелерди бүгүп, эки буттун аралыгын ийиндин кеңдигинде ачабыз. Эки колду желкеге коюп, башты жана ийинди көтөрүп 30 секунд турабыз. Бул учурда дем алууну да туура жөнгө салуу керек. Демди тартканда курсак булчуңдарды жыйрып, демди кайра чыгарганда жыйрылган булчуңдарды бошотуу керек. 30 секунддук мындай көнүгүү 4 ирет жасалат.

- Чалкадан жатып, эки колду желкеге алып, бутту жана башты бир учурда көтөрүп 30 секунд турабыз. Дем алуу процесси биринчи көнүгүүдө кандай болсо ошондой жүрүшү керек. Бул көнүгүү да 4 ирет жасалат.

- Тизелеп туруп, колдор менен жерди таянабыз. Эки буттун ортосун ийиндин кеңдигинде ачып, белди болушунча ийип, башты өйдө көтөрөбүз. Жамбаш менен баш өйдө болуп, бел жак селкинчек сыяктуу ылдый ийилиши шарт. Ушул эле позицияда далыны дөмпөйтүп өйдө чыгарып, бүкүрөйгөн абалга келебиз. Мындай көнүгүүнү 30 жолу кайталоо керек. Ал эми белди ийип жатканда демди чыгарабыз, бүкүрөйүп жатканда демди тартабыз.

Мындай көнүгүүлөрдү күнүнө 15 мүнөттөн үзбөй жасап турса, аракеттин жыйынтыгы 3-4 айдын ичинде билине баштайт. Көнүгүүлөрдүн арты менен диастаздын алгачкы стадияларында булчуңдарды калыпка келтирүү мүмкүнчүлүгү бар.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 888, 7-13-ноябарь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан