КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИНИН УЧУРДАГЫ ЖАРАТУУЧУЛАРЫ

Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, 1994-жылдан баштап 17-ноябрь – Кыргыз киносунун күнү деп белгиленип келет. Андан бери кыргыз киносу кандай өнүктү? Кимдер өнүктүрдү? Канча тасмабыз сыйлыктарга арзыды? Мунун баарын макаладан окуңуз.

Кыргыз керемети. Албетте, бул терминди жана Союз кезиндеги мыкты тасмаларды аттап кете албайбыз. Кыргыз кереметин жаратуучулардын сап башында Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев сыяктуу залкар инсандар туруп, кыргыз киносунун атагын алыска таратышкан. Кыргызда көч дайым уланат делет. Аларды ээрчий эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин тасма талаасына Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Марат Сарылу сыяктуу таланттуу режиссёрлор келди. Андан кийинки көчтү улагандар Садык Шер-Нияз, Мирлан Абдыкалыков, Бакыт Мукул, Дастан Жапар уулу (экөө биригип «Атанын керээзи» тасмасын тарткан), Айбек Дайырбеков, Таалайбек Кулмендеев, Нурбек Эген болушту. Мындан сырткары Дальмира Тилепбергенова жана Наргиза Маматкулова, Бекзат Пирматов да бар. Аталган режиссёрлордун автордук тасмалары кыргыз элин чет элге таанытып, желегин желбиретип жүрөт десек болот.

АКТАН АРЫМ КУБАТ

Туулган жылы – 1957-жыл, 26-март

Билими – С.Чуйков атындагы Кыргыз улуттук көркөм окуу жайын бүтүргөн

Тарткан тасмалары – «Үйүң кайда, үлүл?», «Селкинчек», «Беш кемпир», «Маймыл», «Свет аке», «Кентавр» жана башкалар.

Эгемен өлкө болгонубуздан кийин кыргыз киносунун башында турган режиссёрлордун бири – Актан Арым Кубат. 1990-жылдары Союз урап, эл оор кырдаалга учурап турганда кинонун көч башында тургандардан. Алгач 1992-жылы «Үйүң кайда, үлүл?» деген көркөм тасмасын тарткан. Кийинки жылы тартылган «Селкинчек» тасмасы Швейцариянын Локарно шаарында өткөн кинофестивалдан башкы сыйлыкты жеңип алган. Бул тасмасы менен чет элдиктердин көзүнө илинип, Актан мырзаны француз продюсери Чедомир Колар өзү издеп келген. Кийин ал «Беш кемпир», «Маймыл», «Свет аке», «Кентавр» тасмаларынын продюсери болгон. Актан Арым Кубат акыркы эки тасмасында башкы ролдорду өзү аткарган.

АКТАН АРЫМ КУБАТ: «СЫЙЛЫК АЛГАНДА ЛИФТТЕН КЫЙКЫРГАМ»

– Эң биринчи эл аралык сыйлыкты «Селкинчек» тасмасына алгам. Бул тасма Швейцариянын Локарно шаарында өткөн кинофестивалдын «А» классындагы категориясына катышкан. Негизи бул тасманы аябай кыйналып тарткам, анткени кыш мезгили болчу, «ооруп калбайлы» деп үч маал пияз жечүбүз. Муздак жерде жатып, үшүп-тоңуп тарткан элек. Ал убакта унаабыз жок болгондуктан аппараттарды эшек арабага жүктөп жүрчүбүз. Продюсерлерим Марина Абакировна жана Пётр Елиференко болчу. Алар кыйналганыбызды көрүп «жакшы тартсаңар баарыңарга костюм-шым кийгизебиз» дешкен.

Режиссёр мен, операторум Хасан Кыдыралиев, сүрөтчүм Талгат Асыранкулов, анан сценарийин жазган жана экинчи режиссёр болгон Эрнест Абдыжапаров эле. Эмгегибиз акталып, сыйлыкка ээ болуп калдык. Ошондо аябай эле сүйүнсөм керек, азыр эсимде жок. Бирок костюм-шым убада кылгандары эсимде калыптыр (күлүп). Бишкекке келсем баягы убада кылынган костюм-шым жок, анткени сыйлык алып келгенден кийин режиссёрдун эмгегин кызгана башташты, бир аз талаш-тартыш болду. Биринчи сыйлыгым кубаныч да, көңүл калууларды да жараткан.

Ал убакта чөнтөк телефон жок, тегерегимде бүт чет элдиктер, тил билбейм. Сыйлык тапшырып жатканда сыр билгизбей белектерди колума алып, куттуктоолорду кабыл алып жаттым. Анан мейманканага келип лифтке киргенде жалгыз калдым да, болушунча кыйкырдым (күлүп). Анда да үнүмдү чыгарбай кыйкырдым окшойт, иши кылып эмоцияга жол бердим. «Селкинчек» баарына жол ачты. Ошол жерден француз продюсери Чедомир Колар издеп келип, таанышып, кийинки тасмаларыма продюсерлик кылды. Ошо баягы убадаланган костюм-шымды кийбей калгангабы, кийин «Маймыл» тасмасы менен Канн фестивалына барганда биринчи жолу смокинг кийдим. Анткени сөзсүз түрдө смокинг кийүү керек деген эреже бар экен. Уулум Мирлан (ред.: Абдыкалыков) экөөбүз тең ошол жерден ижарага алып кийгенбиз.

ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ

Туулган жылы – 1961-жыл, 27-февраль

Билими – Бишкек шаарындагы (Фрунзе) педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган

Тарткан тасмалары – «Менин пирим – Алманбет», «Таранчы», «Боз салкын», «Саякбай», «Айыл өкмөтү» жана башка

Учурда кино жаатындагы лөктөрдүн бири – Эрнест Абдыжапаров. 1993-жылы алгачкы тасмасы «Менин пирим – Алманбет» деген документалдуу фильмин тартат. Кийин «Таранчы» тасмасын тартып, ал бир нече эл аралык сыйлыктарга ээ болот. Анын тасмалары 20дан ашуун эл аралык фестивалдарга катышып, 9 эл аралык сыйлыкты жалгыз «Таранчы» тасмасы чогулткан. «Айыл өкмөтү», «Саякбай» тасмалары бир нече кинофестивалдарга катышып, башкы сыйлыктарга арзыган.

САДЫК ШЕР-НИЯЗ

Туулган жылы – 1969-жыл, 10-март

Билими – Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн (мындан тышкары кино тармагында жогорку курстарды бүтүргөн)

Тарткан тасмалары – «Курманжан датка», «Чыңгыздын жылдызы өчпөсүн», «Биринчи кадр», «Аян»

Садык Шер-Нияз «Курманжан датка» тарыхый тасмасынын режиссёру. «Курманжан датка» тасмасы «Оскар» киносыйлыгына, андан кийин «Ника» киносыйлыгына көрсөтүлгөн. 10дон ашык эл аралык сыйлыктарга көрсөтүлүп, көптөгөн статуэткаларды куржунуна толтурган тасма. Ошондой эле «Курманжан датка» тасмасы аркылуу кыргыз киноиндустриясы мыкты техника менен жабдылганын айта кетүү керек.

МАРАТ САРЫЛУ

Туулган жылы – 1957-жыл, 26-сентябрь

Билими – Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн (андан тышкары кино тармагында жогорку курстарды бүтүргөн)

Тарткан тасмалары – «Көч», «Эргүү», «Найман эненин кошогу», «Алтын кыргоол» жана башкалар

Эгемен өлкөбүздө тасма тартып баштагандардын алгачкылары. Чыңгыз Айтматовдун «Бороондуу станция», «Бетме-бет», казактардын «Оскарга» чейин талапкер болгон «Келин» тасмаларынын сценарийин жазган. Марат Сарылуну кино чөйрөсүндө «биздин Ким Ки Дук» дешет. Тасмаларында минимализм жанрын көп колдонуп, каармандары дээрлик сүйлөшпөйт. Бирок ар биринде терең маани камтылган. Тасмалары эл аралык фестивалдардан куру келбейт.

МАРАТ САРЫЛУ: «КИМ КИ ДУККА ОКШОШТУГУМ ЖОК»

– Тасмаларымдын кайсынысы канча эл аралык сыйлык алды, азыр толук айта албайм. Анткени өтө көп. Эң абройлуусун «Алтын кыргоол» тасмам алган. Ал «Үч континенттин фестивалы» аталышындагы фестивалга катышып, баш байгени жеңип алган. Союз учурунда Кыргыз өлкөсүндө кино тартууга эмес, тамак жегенге каражат жок болуп калбадыбы. Казакстанда аз болсо да тасмалар тартылып жатты. Кино жаатындагы таланттуу операторлор, актёрлор Казакстанда жүрүштү. Ошондуктан ал жакта көп жүрүп калгандыктан казак эли менен биргелешип көп тасмаларды жаратып жүрдүм. Корей режиссёру Ким Ки Дукка окшоштугум жок. Биздин тасмаларыбызда берейин деген идеяларыбыз да, койгон ыкмаларыбыз да башкача.

ДАСТАН ЖАПАР УУЛУ

Туулган жылы – 1988-жыл, 15-январь

Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин оператордук бөлүмүн бүтүргөн

Тарткан тасмасы – «Атанын керээзи»

Жаш болсо да мыкты ийгиликтерге жетишкен Дастан Жапар уулу Бакыт Мукул менен биргеликте «Аталар керээзи» тасмасын тарткан. Идеясы, айта турган ою Бакыт Мукулдуку менен шайкеш келгендиктен, биргеликте иштешип бул бийиктиктерди багындырган.

БАКЫТ МУКУЛ

Туулган жылы – 1965-жыл, 25-январь

Билими – Токтоболот Абдумомунов атындагы театралдык окуу жайдын актёрлук бөлүмүн бүтүргөн

Тарткан тасмасы – «Атанын керээзи»

Эл куудул, актёр катары таанып келген Бакыт Мукулдун режиссёрлук таланты өзүнчө сөз кылууга арзыйт. 2016-жылы тарткан «Аталар керээзи» аттуу алгачкы тасмасы 34 эл аралык фестивалга катышып, 27 жолу башкы сыйлыкты утуп алган. Учурда «Акыркы көч» аттуу тасмасын тартып жатат.

БАКЫТ МУКУЛ: «ЖАЛГЫЗ ТАСМАМ АБРОЙЛУУ БОЛДУ»

– Жалгыз эле тасмам бар. Аны Дастан Жапар уулу экөөбүз биргеликте тарттык. Мурун мааниси терең, философиялык тасмаларды көрчүмүн. Кыргыздар эмне эле чоң кино тарта албайт деп ойлоп жүрчүмүн. Тартып баштаганда эле «биз фестивалдардын атасы болгон тасма тартып жатабыз» десем мыйыгынан күлгөндөр болгон. Ошону ырас айтып коюптурмун. Болбосо бул жактагылар ишенбей «кокустук бул» деп күйдүрүшмөк (күлүп). 40ка жакын эл аралык фестивалга катышып, 27 жолу баш байгени утуп алдык. Монреалдагы «А» класска кирген абройлуу кинофестивалдан «Золотой зенитти» утуп алганыбыз өзгөчө жеңишибиз болду. Эми кыйкырып, өкүрүп деле сүйүнгөн жокпуз. «А» класска катышуу, 5 миң тасманын ичинен тандалып чакырылуу деле укмуш жеңиш болчу. Анан ойлоп көр, «силер жеңдиңер» дегендеги абалыбызды (күлүп). Албетте, сүйүндүк. Негизи баш байге мурунку жылдары
110 миң доллар болчу экен. Ошол жылы жобосу өзгөрүлүп, азайып кеткен. 60 миң доллар алдык. Тасманы тартууга жарым акчасын мамлекет берген, жарымын карызга алганбыз, ошолорду төлөдүк. Андан кийинки фестивалдарды жеңгенде да 10-15 миң доллар алып жаттык.

МИРЛАН АБДЫКАЛЫКОВ

Туулган жылы – 1982-жыл, 3-июнь

Билими – Кыргыз улуттук университетинин тележурналистика факультетин бүтүргөн

Тарткан тасмалары – «Жөө күлүк», «Сүтак»
Мирлан Абдыкалыков элге актёр катары таанымал. Атасы Актан Арым Кубаттын тасмаларына өспүрүм кезинен баштап тартылып келген. Ал экинчи режиссёр катары тасма талаасында иштеп жүрүп, 2015-жылы өз алдынча «Сүтак» тасмасын тарткан. Бул кыргыз киночуларынан эл аралык «Ника» сыйлыгын алган биринчи тасма. Экинчи тасмасы «Жөө күлүк» Түштүк Кореяда өткөн эл аралык кино сынчылардын Фипресси сыйлыгын утуп алды. Бул дүйнөлүк кино дүйнөсүндө абройлуу сыйлык. Аталган сыйлыкка атактуу режиссёрлор Эмир Кустурица, Андрей Тарковский, Френсис Форд Копполалар лауреат болушкан.

МИРЛАН АБДЫКАЛЫКОВ: «НИКАНЫ» АЛГАНДА ИШЕНБЕЙ КОЙГОМ»

– «Ника» сыйлыгы КМШ жана Балтия өлкөлөрүндөгү эң мыкты сыйлык. Тилекке каршы, мен сыйлыкты алууга бара албай калгам. 1-апрель күнү мага келинчегим чалып сүйүнчүлөсө тамашалап жатат го деп ишенбей койгом. Расмий сайтынан окуп аябай сүйүнүп, бири-бирибизди куттуктаганбыз. Тартуучу топ ушул күнгө чейин сыймыктанат. Статуэтканы Орусиядагы элчиликте иштегендер алып, бизге салып жиберишкен. Кийин Орусиядан кино тармагынын аттуу-баштуу адамдары Бишкекке келип, статуэтканы өз колу менен тапшыралы дешкенде мен дагы башка өлкөгө фестивалга учуп кеткем.

Эми «Жөө күлүк» тасмасына келсек, идея тушоо тойдон келип чыккан. Ошол тушоо той аркылуу мен чыныгы жашоону бергим келген. Марага чуркап келе жаткан бала келечегине чуркап келе жаткан бала. Акыры ошондой кагылып-согулган балдар өлкөбүздүн келечегин көтөрүп кетет деген ишеним менен тарткам. Буюрса, «Жөө күлүк» да марага чуркап, алдыңкы эл аралык сыйлыктарды ала баштады.

ТЕМИР БИРНАЗАРОВ

Туулган жылы – 1965-жыл, 22-август

Билими – Алматы шаарындагы Т.Жүргенов атындагы Улуттук көркөм театралдык университетинин режиссёрдук бөлүмүн бүтүргөн

Тарткан тасмалары – «Түнкү күзөт», «Кумар», «Белгисиз маршрут», «Парз» жана башкалар

Темир Бирназаровдун тасмалары ар дайым талкуу чордонунда. Ал орчундуу бир ойду айтып маселе көтөрөт. Анын «Белгисиз маршрут» тасмасы Орусиянын абройлуу «Ника» сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ар бир тасмасы эл аралык фестивалдарга катышып, башкы сыйлыктарды алып келген.

АЙБЕК ДАЙЫРБЕКОВ

Туулган жылы – 1979-жыл, 16-май

Билими – Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн (андан тышкары кино тармагында жогорку курстарды бүтүргөн)

Тарткан тасмалары – «Дарак ыры», «Кыялданууга укук» сериалы (Казакстан), «Тез жардам» сериалы (Казакстан), «Эркектердин окуясы» сериалы (Казакстан) жана башкалар

Учурда Айбек Дайырбеков Кыргыз Кинематографисттер союзунун төрагасы. Ал биринчи жолу кыргыз тилинде мюзикл тартып кино жаатына жаңычылдык киргизди. «Дарак ыры» ага аброй гана эмес, көптөгөн эл аралык сыйлыктарды алып келди.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
maralum93
2019-11-18 12:38:22
Ушундай жакшы макалаларды жазса да болот экен ээ
+4
ona
2019-11-19 10:42:28
Руслан Акунду да бул сапка кошунуздар. "Кок бору","Салам Нью-Йорк" ж.б. фильмдери мыкты деп эсептейм.Менимче копчулук да бул ойду колдойт!
+5
Mavlyuda
2019-11-24 09:23:08
Суйун Откеев да жакшы тасмаларды тартат. Бакыт Осмонкановдун Такебай сонун тартылыптыр
0
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан