Рысбай Исаков, манасчы: “БИЙЛИКТЕГИЛЕРДИН "МАНАСКА" БОЛГОН МАМИЛЕСИНЕ КЕЙИЙМ”

"Манас" – кыргыздын руху. Бирок ушул руханий байлыгыбызды канчалык деңгээлде баалап жатабыз? Манас деп төш каккылаганыбыз менен, Манас тууралуу билгендер, "Манасты" кастарлап уккандар аз. Бул тармактагы көйгөйлөр, аткарыла турган иштер тууралуу манасчы, “Манас-мурас” коомдук фондунун аткаруучу директору Рысбай Исаков менен маектештик.

“ЖИНДИ БОЛУП КЕТЕМ ГО ДЕП ОЙЛОГОМ”

- Мен Оштун Өзгөн районунун Жээренче айылында төрөлгөм. Кичинемде жоош, тартынчаак, сырымды айта албаган, көп нерсеге жөндөмүм жок бала болгом. Кудай багыма манас айтууну буюруп койгон экен, эл катарына кошулуп калдым. Аян болбой баян болбойт дейт. Бала кезимде көптөгөн түштөрдү көрдүм. Бирок айланамда манас айтуу боюнча түшүнүгү бар адамдар жок болчу. Андыктан көргөн түштөрүмдү өзүм да байкаган эмесмин. Ошентип ооруга чалдыктым. Кыргыздар муну жандуу оору деп коёт. Өзүмдү жоготуп койчумун, көзүмө ар кандай нерселер көрүнчү. Кээде өз атымды унутуп, өмүр баяным эсимден чыгып кетчү. Анын баарын кайра эстеп чыкканча бир топ убакыт талап кылынар эле. Жинди болуп кетем го деп ойлогом. Кудайдан “башкалардай эле жашайынчы” деп жалдырап суранчумун.

Борборго окууга келгенде окутуучуларымдын арасынан мага багыт бергендер болду. Мен Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде окугам. Болот Акматов деген агайым “сен манас айтпасаң, айыкпайсың” деди. Манасчылыкка биротоло багыт алгандан кийин оору кайталанган жок. Ошондон бери манасчылык менен тирилик кылып келатам. Манас айтып жатканда ар кандай учурлар болот. Айрым учурда кайыптар дүйнөсүнө кирип кетип, окуянын арасында өзүң кошо жүрөсүң. Кээ бир учурда ошол дүйнөдө да, бул дүйнөдө да жашайсың. Кээде өзүңдү өзүң сырттан карап тургандай болосуң. Манас айтып жатып уктап кеткен учурларым болгон. Андайда уктап баратканымды байкап өзүмдү ойготууга аракет кылам. Оозум манас айта берет, акылым эмнени айтып жатканымды аңдабайт. Кийин уксам, баары кырааты менен жакшынакай эле айтылган болот. Кандай учурда мындай болорун өзүм да түшүнбөйм.

“БИЗДЕ МАНАС УГУУ МАДАНИЯТЫ ЖОГОЛДУ”

- Сагымбай, Саякбай аталарыбыздын доорунда манасчыларга атаандаштар болгон эмес. Ал замандын интернети, киносу, театры, телефону, телевизору да "Манас" болгон. Бүгүн анын ордун баскан заманбап нерселер көп. Бул атаандаштыкка туруштук берүү үчүн жаңы өнүгүүлөрдү кошо пайдаланышыбыз керек. Болбосо "Манас" эски замандын калдыгы болуп калып калат. Бүгүнкү коомдун өнүгүшүн, ааламдашууну эске алганда манасчылардын манас айтып койгону жетишсиз. Аны түшүндүрүп, окуяларын чечмелеп, угарманга чайнап беришибиз керек. Азыр манас айтып жатып арасына “Курманбекти”, “Жаныш-Байышты” же өзүңдүн өмүр баяныңды кошуп кетсең деле эл уга берет. Анткени кунт коюп угушпайт, эмне айтып жатканыбызды билишпейт. Магнитофонду коюп койгондой мамиле кылышат. Демек, бизде манас угуу маданияты жоголду. “Азыр манасчылардан Сагымбай, Саякбай чыкпайт. Алар айлап-жылдап айткан” дешет. Анткени алардын айлап-жылдап уккан угарманы болгон. Туура эмес айтып баратса, “ай, балам, ал жери андай эмес, мындай болчу” деп бурмалоого жол бербей, оңдоп турушкан. Азыркы угарманыбыз ашып баратса, 15 мүнөт угат. Менде такыр токтобой 11 саат айткан учурум болгон.

“МАНАС ТИРКЕМЕСИН ЖАСАСАК ЭМНЕГЕ БОЛБОСУН?”

- Азыр бүтүндөй кыргыз "Манасы" жок тарбияланып жатат. "Манастын" такыр жоголуп кетиши мүмкүн эмес. Кыргыз болгондон кийин манасчылар чыга берет деп ойлойм. Бирок аны түшүнгөн саналуу гана адам калышы мүмкүн. Азыркы абалыбыз менен ошого баратабыз. Андыктан аракет кылышыбыз керек. "Манас" – мамлекеттин сыймыгы деп мактанганыбыз менен, ага мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай келет. Жайылтуу иштерин мамлекеттик деңгээлде колго алыш керек. Телефондогу миң түркүн оюндар сыяктуу эмнеге Манас тиркемесин жасасак болбойт? Муну жасоо жалгыз менин колумдан келбейт. Мамлекет колунда бар адамдардын башын бириктирип бул иштерди жасай алат. Анимациялык мультфильмдерди тартып, комикстерди чыгарсак болот. Жаштайынан балдарыбыздын аң-сезимине Манасты сиңирип чоңойтушубуз керек. Жаңы жылда балдарыбыз жөргөмүш адам же халк эмес, Манас, Чубак, Алмамбеттин кейпин кийгиси келсе жаманбы?

Азыр мен социалдык тармактарда Манастын окуяларын айтып, аларды бүгүнкү күндөгү коомдогу окуялар менен салыштырып, жеткиликтүү түшүндүрүп берүүгө аракет кылып жатам. Көрүүчүлөрүбүз азырынча аз. Бул багыт баарын тартып ала турган жеңил-желпи нерсе эмес. Ыйык нерсе туюк болот. Мындайды көтөрүнгөндөр да, баалагандар да аз болот. Бирок бизди аз көрүп жатышат деп токтоп калбайбыз, аракет кыла беребиз. Миллиондон ашык адамды манас угууга кызыктырабыз деген ниетибиз бар. “Манасыңды жыйыштырып койчу. Мага нан чайнап берип жатты беле?” дегендерди да кызыктыруунун жолдорун издеп жатабыз.

“МАНАСТЫН" КЫРААТЫНДА БӨТӨН ПЛАНЕТАДАГЫЛАРДЫ ДА КАЙДЫГЕР КАЛТЫРБАГАН КАСИЕТ БАР”

- Карапайым элди коё туруп, маданият ишмерлери, өлкө бийлигин ээлеп отургандардын арасында "Манаска" болгон кайдыгерликке туш болгонумду айтайын. Бизди чет жактан делегация келгенде мамлекеттик иш-чараларга чакырып калышат. Чакырып алып, маскарапозду көрүп жатканчалык да мамиле кылышпайт. Ошол мамилеге кейийм. Жетекчилерибиздин "Манаска" болгон мамилеси туура эмес. Учурунда манасчыларды кадырлап, алдына ат, үстүнө тон жаап чакырып манас угуп, аябай сыйлап, алдына күтүрөтүп мал айдатып узаткан эл башчылары болгон. Алар Манастын кадырын ошентип көтөрүшкөн. Ушундай мамиле кылган жетекчилер барбы бүгүнкү күндө?

Чет жакта көп манас айттым. Эң жакшы кабыл алгандар – казак агайындар менен түрк туугандар. Эмнегедир, булар өздөрүнүн баалуулугундай кабыл алышат. Бизге караганда өтө аяр, сый мамиле жасашат. Манас айтылып жатканда түрк туугандардын жер тепкилеп жиберишкенин көп көрдүм. Кыргызча түшүнбөсө да, ушунчалык берилүү, ынтаа менен угушат. "Манастын" кыраатында, обонунда кандайдыр бир адам аңдай албай турган касиет бар. Аны түшүнгөндөр түшүнөт. Руханий байлыкка умтулгандар угары менен баса калышат да, кайрадан укканга аракет кылышат. Кыргызда “Манас келет дегенде байлатма жинди соо болгон, ыйлаган бала сооронгон” деп бекер айтылбаса керек. Бул обондо, кыраатта бөтөн планеталыктар угуп калса да, кайдыгер каратпай турган касиет бар.

Перизат Музуратбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Tyty1990
2019-11-18 09:28:36
Жарымы жалган жарымы чын,
жарандардын көөнү үчүн.
Көбү жалган көбү чын,
Көпчүлүктүн көөнү үчүн.
Манастын кыраатында касиет бар дегенге ишенгендер булар теңирчилер. Манас баатыр болгон туура муну четке кага албайм, бирок деген жери бар. Башка аалам башка планетадагылар укса кайдыгер карабайт дегени таптакыр чындыкка дал келбейт
-8
jemile
2019-11-18 22:43:52
Tyty1990,Сизге окшогондорго эмне дешти да билбейм...Манас-сиз үчүн жөн гага фантастика болуп калбаса экен деп, кудайдан миң ирээт суранам!!!
+1
katerina.li
2019-11-18 09:30:12
Туура,жакшы маек болуптур
+4
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан