ЖЭБ СОТУ: ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН АТАМБАЕВДИ СОТКО ЧАКЫРУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА

Мурдагы премьер-министр, Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору боюнча коррупцияга айыпталып жаткандардын бири Жантөрө Сатыбалдиев сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-депутат Өмүрбек Текебаевди чакырууну талап кылууда. Сатыбалдиев Текебаев ЖЭБди жаңылоого тийиштүү келишимди парламентте ратификациялоого активдүү катышкан, Атамбаев болсо ЖЭБди жаңылоо процесстерине буйрук берип турган деген маалыматтар бар деп жатат.

Аталган кылмыш иши боюнча айыпталуучу, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков болсо тагылып жаткан айыптарга таптакыр макул эместигин билдирип, ЖЭБ боюнча айыпталгандар мамлекетке 111 миллион доллар зыян келтирди деген акылга сыйбаган айыптоо экенин айтты. “Бизди 111 миллион доллар уурдаган деген – менин кадыр-баркыма шек келтирүү. Адамды минтип кемсинткенче атып таштаган жакшы” деди ал. Ошондой эле Исаков ал кезде президенттин аппаратында иштеп жаткандыгынан улам Кытай элчиси менен жолукканын, бирок ЖЭБ долбоорун ишке ашырган TBEA компаниясынын өкүлү менен эч качан жолукпаганын билдирди.

Айта кетсек, учурда Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча кылмыш иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Айыпталуучулардын адвокаттары шектүүлөргө тагылган айыптар далилденбей, соттук процесс калыс жүрбөй жатат деп нааразычылык билдиришүүдө.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан