Зуура Сооронбаева: «ӨМҮРҮМДӨ БИР ГАНА АДАМДЫ СҮЙДҮМ»

Атактуулар арзуусу

Зуура Сооронбаева. Бул ысым менен эл жантыгынан жата калып окуган “Чоочун киши”, “Астра гүлү”, “Ак чач аял”, “Жапайы розалар”, “Жетимдер” чыгармалары тыгыз байланыштуу.
Зуура апанын сүйгөн адамы үй-бүлөлүү болгон. Ошол курулган очокту бузгусу келбеген жазуучу өмүр бою башкага тагдырын кошо албады.

СҮЙҮҮНҮН КӨЗ ИРМЕМИ БҮТҮНДӨЙ БИР ӨМҮРГӨ БАРАБАР
Зуура бой жетип, жаңы ачылган кызгалдактай кулпура баштаган кезинде сүйүүгө жолугат. Ысык-Көлдүн ак куусуна Чүйдүн Шарип деген кулуну ашык болот.
– Менин Өзгөндө мугалим болуп иштеп жүргөн кезим. Бир күнү агам экөөбүз дарыканага бардык. Келишимдүү бир жигиттин мени жалдырап карап турганын көзүмдүн кыйыгынан көрүп жаттым. Бир убакта тиктеше түштүк. Ал көз ирмемди агамдын "кеттикпи, Зуура?" деген сөзү бузду. Ал түнү ошол жигиттин көз карашы кайра-кайра эле көз алдыма келе берди. Эки-үч күн өтпөй кошунабыз мени үйүнөн даам сызып кетүүгө чакырды. Бул чакырыктын түйүнүн кийин билдим. Көрсө, баягы дарыканада тиктешкен жигит мени чымын-куюн болуп катуу издептир да, жыйынтыгында таанышуу үчүн конокко чакырып жатыптыр.
Чай үстүндө сүйлөшүп отуруп, өң-келбеттүү, маданияттуу жигиттин аты Шарип экенин билдим. Өзгөндө башкы мал доктур болуп иштейт экен. Ошентип, ортодо алоолонгон сүйүү пайда болду. Бирок бул сезим көпкө созулган жок. Каргашалуу согуш чыгып, Шарип кан майданга аттанды. Кетерде экөөбүз жолугуша албай калдык. Мен Караколго сапар алдым. Шарипти такыр унута албадым. Ал мени кандай сүйсө, мен да аны ошондой аруу сезим менен сүйгөн элем.
Таанышуудан көп өтпөй өзгөндүк жигит ала качып кетип, ой-боюма койбой отургузуп коюшту. Күйөөм болгону менен, оюмда да, түшүмдө да Шарип. Арадан ай өткөрүп качып чыктым да, борборго келе жаткан машинага түштүм. Төркүндөрүмө келип, ошол боюнча Өзгөнгө барбай койдум.
Согуштун акыркы жылдары "ушинтип бой жүрө бермек белең" деген туугандарым дагы турмушка беришти. Башкага көңүлүм эч чаппайт. "Шарип баары бир мени табат" деген үмүт менен жашап жүрдүм. Ал байкушум мени издеп көпкө чейин убара болуп, акыры өзүн алаксытуу үчүн үйлөнүп алыптыр. Биз бир аймакта жашап жүрүп, Күкүк менен Зейнептей көрүшө албадык. Мен бул жерден да баса бердим. Бир уулумду караан тутуп күн кечирип жүрдүм. Шарипти өмүр бою күтсөм, ал мен деп жүрүп ооруга чалдыгыптыр. Үй-бүлөлүү болсо да, "жашоодо бир эле рахатым бар, ал – Зуура" деп ачык эле айтчу экен.
“Убакыт баарын дарылайт” деп коёт эмеспизби. Бирок бул сөздөр Зуура менен Шариптин сезимдерине таптакыр каршы келет. Сүйүшкөндөрдүн бири жубайы, балдары бар экенине карабай, экинчиси бакытын колдон алдырганына өкүнүп, ичтен сызат. Ошентип, жазуучу айым эки жолу турмушу болбогон соң кайра үй-бүлө курган эмес. Бул Шарипти катуу сүйгөндүгүндө экени талашсыз.
Кара сөздүн чебери мындан 10-15 жыл мурун тааныштарына жолугуп калат. Алардан Шарип атанын катуу ооруп калганын угат. Караколдогу дүкөндөрдүн биринен кымбат, эч кимде жок көйнөк таптырып, чыгармачылыктагы сиңдиси Меңди эжени ээрчитип алып, өмүр бою аздектеп келген адамынын үйүнө жөнөйт. Ал киши борбордо турчу экен. Айтылган даректеги үйдүн алдында таяк кармаган, чачы аппак адам отурган эле. Карыя эки аялды жалжал карап, жанынан өткөрүп жиберет. Айымдар көп кабаттуу үйгө кирип, биринин коңгуроосун басышат. Эшикти өңдүү-түстүү, ыйманы ысык аял ачат.
– Сен Шариптин байбичеси эмес­сиң­би?
– Ооба, мен.
– Мен Зуурамын.
– Э, айланайын, Зуурасыңбы? Эми келдиңби, бизди издеп? Эртерээк эле келбейт белең?!
Бир кезде атаандашып, бир мырзаны кызганып келишкен эки аял артта калган күндөрүн унутуп, кучакташа кетишет. Дасторкон жайган аял “атаңды чакырып кел” деп балдарынын бирин сыртка чуркатат. Аңгыча жолдо жалдырап карап кала берген чачы, кашынан бери буурул баскан карыя кирип келет.
– Э, абышка, кел бери. Бизге ким келгенин көрдүңбү? Зуура келбедиби,- дейт жубайы.
Убакыттын өтүшү менен таанылгыс болуп өзгөргөндөр кучакташып көрүшөт. Шарип атанын көзүнөн сызылып жаш агып кетет. “Зуура, мен карып болгондо кел­диңби? Менин акыбалым ушундай”,- дейт. Зуура апа да, чай даярдап жүргөн аял да ыйлайт. Шарип ата колуна тийгизе албаган сүйүүсүн көрүп жашыса, Зуура апа кычыраган жигиттин карып калганына зээни кейип ыйлайт. Ал эми Шарип атанын аялы өмүр бою жолдошун кызганып келгени үчүн көзүнө жаш алат. Бул жолугушуудан көп өтпөй жазуучунун арзыганы о дүйнө салат.
Мына, бүтүндөй жаштарга сүйүү деген эмне экенин түшүндүрө алчу дастаны бар Зуура Сооронбаеванын махабат баяны. Ак маралдай койкойгон жазуучуга Шарип атадан башкалар да далай ашык болушкан.
– Колумду сурагандардын арасында аттуу-баштуулар, карапайым адамдар да болду. Бирок Шарипти эч кимге алмаштыргым келген жок. 30 жашымда Токтоболот Абдумомунов арзуусун билдирди. Көпкө чейин сүйүүсүн түшүндүрүп, кат жазып жүрдү. Акыры ийибестигимди көрүп, "мени түшүнбөй койдуң го?.." деп түңүлдү.
Кийинчерээк Аалы Токомбаев сөз айттырды. Ал убакта байбичеси өтүп кеткен эле. Караколдогу үйүмө адегенде каты, андан кийин кызы келди. Катында "байбичемден ажырап жалгыз калдым. Экөөбүз жолугуп сүйлөшсөк жакшы болот эле" дептир. Аалыкеге кийин борбордон жолугуп, сылык гана "кадырыңызга жете албайм, түйшүгүм көп. Карыган энемди бага турган эч кимим жок" дедим. Ошентип, өмүрүмдө бир гана адамды сүйдүм.

СУЛУУЛУГУ, АЙ, СУЛУУЛУГУ!
Жаш кезинде Зууранын сулуулугуна, назына суктанбаган жан болбогон. Караколдуктар “шаарда койкоё баскан эки эле сулуу бар, бири – Зинаида” деп орус улутундагы айымды айтышса, экинчиси – биздин каарман Зуура Сооронбаеваны кеп кылышчу экен. Узун чачын жараштыра түйүп, өңдөштүрө кийингенинен үлгү алгысы келген жаш кыздар жүздөп саналган.

“АСТРА ГҮЛҮНӨН” БАШТАЛГАН АБРОЙ
Зуура Сооронбаеванын жазуучулукка болгон байсалдуу жолун кеп кылбай коюу акылга сыйбаган иш. Каракол шаарындагы “Ысык-Көл правдасы” деген гезитте терүүчү болуп иштеп жүргөндө кесиптеши Мидин Алыбаевдин ырларын жата калып окуй турган. Курч жазылган ырлардын таасиринен уламбы, Зуура көкүрөгүндө уктап жаткан ой-толгоону ырга, анан прозага айлантууга ниет кылат.
Кара сөз чыгармаларын көтөрүп алып Түгөлбай Сыдыкбековго келет. Жазуучу жаш кыздын аңгемелерин окуп чыгып: “Кызым, сен прозаны эмне кыласың. Аял кишиге проза жазуу оор болот. Андан көрө ырыңды жазып жүрө бер”,- деп кетирип жиберет. Шаабайы сууп, Көлгө бара жаткан Зуура Сооронбаева бир айым менен сапарлаш болот. Ал айымдын жашоосу жакшы болгону менен, жетпей калган сүйүү күйүтү бар эле. Сапарлашы айтып берген окуя жаш Зууранын жүрөгүнө тынчтык бербейт. Аны чыгармага айлантып, жакындарына окутуп көрсө, алар жакшы жазылганын чын дилден айтышат. Мына ошол повесть “Астра гүлү” деген китеп болуп чыгып, Сооронбаевага атак алып келет.

КАРЫГАНДА БЕРСИН ДӨӨЛӨТТҮ
Зуура апа ата-энесинин жалгыз кызы болгондуктан, алардын жанынан жылбай, кыздын да, уулдун да милдетин аткарган.
Карылыкка моюн суна баштаган жазуучу эки жыл мурун Караколдогу үйүнөн кан басымы көтөрүлүп жыгылып, бутун сындырып алган. “Ата-энеңди кандай сыйласаң, балдарыңдан ошондой сый көрөсүң” деген сөз бар эмеспи элибизде. Ата-энесине көрсөткөн сыйды Зуура апа азыр неберелери Салават, Зинат, Набат, Жанаттан көрүп келет.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
PaxaT
2010-08-20 20:01:24
Мен З.Сооронбаеванын бир дагы чыгармасын калтырбай окуганым менен озунун омур баянын ушул убакка чейин окуган эмес экем.Албетте талантына таазим кылабыз.Эженин "Чоочун киши" чыгармасын 7-класста уйдогулорго корсотпой ар жерде бекинип журуп окуганмын ошол китептин экинчисин быйыл окудум бирок мага биринчидей таасир калтырган жок тескерисинче кыжырым келди.Бироонун тынч турмушун бузган Зыйнатты апендинин кызындай эле мактаптыр.Байкуш Жайнагулду 2-орунга койгону мага жаккан жок
0
tyrgon
2019-05-05 16:25:47
PaxaT, Зинат деген небереси бар ошого ошентип мактап жазганго
0
lira
2010-08-20 23:09:48
Zuura apa Karakolubuzdun almashtyrylgys baylygy.
Emgekterinizge,kalem saptarynyzga taazim!!!
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан