Кытайдын Харбин шаарынын тургуну Чжан Биньшэн мурдунда тиши бар экенин 20 жыл бою билбей жүргөн. Маалыматты Daily Mail басылмасы жазды.
30 жаштагы Биньшэн акыркы 3 айдан бери мурду бүтүп, дем алуусу оор болуп, түнкүсүн уктай албай жатканын айтып дарыгерге кайрылган. Врачтар бейтапты рентгеноскопияга тартып, мурундун ичинен уюп, катып калган бир нерсени байкашкан. Биньшэн 10 жашында 3-кабаттан кулап кетип 2 тиши түшүп калганын айткан. Мындан улам дарыгер Биньшэн кулаганда оозундагы тиши күч келгенден улам мурун жакка жылып кеткен деп божомолдоодо. Бейтаптын мурдуна врачтар жарым саат операция жасап, узундугу 1 сантиметр болгон тишти алып чыгышкан.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg