Михаил Шубин, "Альянс Алтын" ЖЧКсынын директору: «ЖЕР-ҮЙДӨ» ЭКОЛОГИЯ МАСЕЛЕСИН ЖАРАТПОО БИРИНЧИ ОРУНДА ТУРАТ»

Өлкөдө алтындын корунун көптүгү боюнча 2-орунда турган "Жер-Үй" алтын кенинде төрт жылдык даярдыктан кийин 11-ноябрда тоо-кен казуу иштеринин расмий ачылыш аземи өттү. Бул иш-чарага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, "Жер-Үй" алтын кенин иштеткен “Алтын Альянс” компаниясынын өкүлдөрү, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков, Орусиянын Кыргызстандагы соода иштери боюнча өкүлү Валерий Латыпов, облустук администрация башчысы Марат Мураталиев, президенттик аппараттын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн сектор башчысы Аскар Беков жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

«ЖЕР-ҮЙ» АЛТЫН КЕНИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТАРГА ТОКТОЛСОК:

• “Жер-Үй” алтын кенинин жайгашкан аймагы Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтү;

• Кен мындан 41 жыл мурун негизделген;

• Андагы алтындын кору - 86 тонна;

• “Жер-Үй” долбоорунун инвестициялык көлөмү – 273 миллион доллар;

• Кенди казуучу “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому менен 2015-жылы 20 жылга келишим түзүлгөн;

• Жылына өлкөгө 2 миллиард сом салык төгүү планы бар;

• Бир тонна топурактан 3 грамм алтын алынат.

Тоо-кен казуу иштеринин расмий ачылыш аземинде тоону жардыруу иши орун алды. “Жер-Үй” алтын кенинин өкүлдөрүнүн айтымында, кенди алуу үчүн тоону жардыруу кен казуу ишиндеги жаңылык эмес. Тактап айтканда, бул кен казуу иштериндеги зарыл болгон кадимки эле жумуш жана мындай ыкманы кен казган ишканалардын баары жүргүзөт.

– Биз тоону жардырууда жаратылышка тийгизген таасирди мүмкүн болушунча азайтуу технологияларын ишке ашырдык. Дагы белгилеп кетчү жагдай, жардыруу иштери жумуштун башкы этаптарында эле болот, кийин жалаң казуу иштери улантылат.

Иш-чарага катышкандар жер кыртышынан 3500 метр бийиктикте турушту. Андан 1500 метр бийиктикте тоо жардырылды. Дал ошол жерден, тактап айтканда, 5 миң метр бийиктиктен кен казылып алынат.

ЖЫЛЫНА «ЖЕР-ҮЙДӨН» 5 ТОННАГА ЧЕЙИН АЛТЫН АЛЫНАТ

“Жер-Үй” долбоорун ишке ашырган “Альянс Алтын” ишканасы 2015-жылы тендерден утуп алган. Андан берки төрт жыл аралыгында кен казуу иштерине даярдыктар, ага керектүү болгон 17 объекттин курулушу жүргүзүлгөн. Компаниянын директору Михаил Шубин тоо-кендерин казуу иштеринин ачылыш аземинде колдоо көрсөткөндүгү үчүн өкмөткө, ишеним арткандыгы үчүн элге ыраазычылык билдирди:

– Биз бүгүн абдан маанилүү иш-чарадабыз, бул күндү “Жер-Үйдү” иштетүүгө лицензия алгандан бери күткөнбүз. Алгач жаңы жылга чейин 50 миң тоннага жакын кенди казышыбыз керек. Ошол иштердин расмий башталышы бүгүнкү күн болуп жатат. Албетте, буга чейин башыбыздан оор күндөрдү өткөрдүк, бирок анын жыйынтыгында ушул күнгө келип жеттик.

Бул жерден 34 чакырым алыстыкта кенден алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика жайгашкан. Ал фабрика жылына
1 миллион 300 миң тонна кенди иштете алат. Бул орто эсеп менен 3,5 тоннадан 5 тоннага чейин алтынды ылгайт дегенди билдирет. Бирок айта кетүүчү жагдай, топурактагы алтындын курамы ар кайсы жерде ар кандай, ошондуктан жылына иштелип чыккан алтындын көлөмү да туруктуу деп айтуу кыйын.

Ушул күнгө карата “Жер-Үй” алтын кен аймагына 300 миллион доллар каражат инвестицияланды. Жыл аягына чейин дагы 100 миллион доллар каражат жумшалат.

Азырынча фабрика ишке кире элек. Эмне үчүн тоо-кен казуу иштери эрте ишке киришет, себеби адегенде биз тоонун кенсиз катмарын казабыз. Бул 1-1,5 айга созулат. Андан кийин гана алтын бар топурак казыла баштайт. Кен казылып топтолгондон кийин фабрикага иштетүүгө жөнөтүлөт. Бир жарым айдын ичинде биринчи алтынды алабыз деп пландап жатабыз.

«БИРИНЧИ АЛТЫН – БУЛ ӨЛКӨГӨ ТӨЛӨЙ ТУРГАН САЛЫКТАР»

– Компания ишке киришкен биринчи күндөн тартып эле жаратылышка зыян келтирбөөгө чоң маани берип келет. Биз коомдук талкуу учурунда коомчулукка кенди казуу жана кайра иштетүүдө эң заманбап ыкмаларды пайдаланууга убада бергенбиз. Бул убадаларды аткарып, экологияга зыян алып келбей турган технологияларда иштейбиз. Алтынды чайкоодон чыккан бир да литр суу дарыяга куюлбайт. Ал суулар кайра иштетилип, алтын чайкоого жумшалат,- деди Михаил Шубин.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов "Жер-Үй" долбоору өлкө үчүн абдан маанилүү дейт:

– Биз "Жер-Үйдүн" ишке кириши боюнча 40 жылдан ашык убакыттан бери аракет көрүп келдик. Бул салыктын көлөмүнүн өсүшүн шарттап, социалдык мекеме кызматкерлеринин айлык маянасынын өсүүсүнө өбөлгө болот. Буга байланыштуу анын иштеп кетишине колдоо көрсөтүүбүз зарыл.

Бул кенде 86 тонна алтындын кору бар, бирок геологиялык чалгындоо жүргүзө турган болсо буга дагы 20-25 миң тонна кеңири кошулат деген божомолдор бар.

«ЖУМУШЧУЛАРДЫН 90 ПАЙЫЗЫН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ТҮЗӨТ»

Өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев “Жер-Үй” алтын кенин иштетүүгө уруксат берилгенден тартып аны ишке ашырган “Альянс Алтын” ишканасы жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешип, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөк көрсөтүп жатканын айтты. Ал белгилегендей, акыркы 2 жыл аралыгында облус аймагында 71 ишкана салынган болсо, анын жарымынан көбү аталган компания тарабынан курулган:

– Кен ишке киргенден кийин жылына 400-500 миллион сом жергиликтүү бюджетке түшөт. 258 миң калкы бар облус үчүн бул абдан жакшы сумма. Акча каражаттар медициналык, билим берүү кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү, ошондой объектилерди курууга жумшалып алдыңкы 2 жылда башка Талас болуп өнүгөбүз. Буга чейин да "Альянс Алтын" тарабынан абдан көп иштер аткарылды.

Мен болуп жаткан ар бир иш үчүн облус элинин алдында жооп берем. "Жер-Үй" алтын кенинде уран, мышьяк сыяктуу зыяндуу заттар жок экени аныкталган. Ал эми кооптуулугу боюнча жарандарда кандайдыр бир маалыматтар болсо бизге келип айтсын, биздин эшик ачык.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыковдун айтымында, мындай чоң долбоорлор менен иштешүү өлкөнүн ишенимдүү жана туруктуу экенин көрсөтүп, башка инвесторлорду тартууга шарт түзөт.

Бул долбоор чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорго оң сигнал берет. Өзгөчө Орусияда гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө да мыкты иши менен белгилүү “Альянс Алтын” холдингинин бизге келип иштеп жатканы кубандырат. Биз сиздерге максималдуу колдоо көрсөткөнгө аракет жасайбыз.

Ушул тапта “Жер-Үй” алтын кенинде 600 адам эмгектенет. “Альянс Алтындын” жетекчиси Михаил Шубин жаңы жылга чейин жумушчу, кызматкерлердин саны миңге жете турганын айтты. Буга чейин жергиликтүү 250 тургунду атайын кен казуу багытында окутушкан. Учурда алар жумуш менен камсыз болгон. Эки тараптуу келишимге ылайык, жумушчу, кызматкерлердин 90 пайызын кыргызстандык жарандар түзөт.

Кызжибек Раимова

 Кыстарылган видео 
Михаил Шубин: "Жерүй" алтын кенин иштетүүдө жаратылышты сактоо да башкы орунда турат"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 889, 14-20-ноябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан