Апта айымы - АЙЯ САДЫРОВА

Абдан аракетчил ырчы, үйдө мыкты кожойке, сүйүктүү жар, ошондой эле эне бактысына балкып отурган Айя Садырова “Апта айымы” рубрикабыздын коногу.

“ӨЗҮМ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА АЙТСАМ...”
Лакап атым... Киса.
Эгерде мен ырчы болбой калсам... анда журналист болмокмун.
Мага... жүзүмдөгү уячам жагат.
Менин фобиям... жөргөмүш.
Стиль боюнча мен алган эң мыкты кеңеш... “Өтө кенен кийимдерди кийбе. Көркүңө көлөкө түшүрөт”.
Жыйырма жылдан кийин мен... депутат болууну же башка жол менен саясатка аралашууну кыялданам.
Акыркы жолу ыйлаганым... “Муздак жүрөк” деген мелодраманы көргөндө жашым мөлт-мөлт акты.
Жакшы жаңылыктарым менен бөлүшкөн эң биринчи адам... менин апам.
Үй жыйнаганда жактырбаганым... убакыт тар болуп калып, ойдогудай жыйнай албай калганым.

“ЭС АЛУУДА...”
– Мурда курбу-курдаштарым менен каалаган жагыма барып эс алчумун. Бойдок кезде эс алуу башкача эле. Шаңдуу музыка, шайыр курбулар менен тамашалашуу, жаңы таанышуулар, кызыктуу адамдар менен баарлашуу мага чоң рахат тартуулачу. Искандер жарык дүйнөгө келгенден тарта жашоомдо чоң өзгөрүүлөр болду. Мен үчүн баламдын жанында бир саат уктоо – эс алуу. Ии, баса, жакында эле эс алып, анан бир клип тарта келейин деп Ысык-Көлгө барганбыз. Чынын айтсам, эс алгандай деле болгон жокмун. Клипти да көңүлдөгүдөй кылып тарттыра албадым. Бала менен кыйын болуп калат экен. Анын үстүнө бойдок кездегидей эле өзүмө керектүүлөрдүн баарын алып, балага керек болчу зарыл нерселердин жарымын унутуптурмун. Бирок кыргызда “көрө-көрө көсөм болот” деген жакшы сөз бар го. Турмуш өзү сабак болуп турат экен.

“ДОСТУК ЖАНА КАСТЫК...”
– Курбуларымдын көбү Алматыда. Биздин шоу-бизнестегилердин баары менен саламым түз, бирок жакын досум жок. Негизи, курбу кыздар болуп чогулуп калганда өзүбүздүн жеке жашообуз тууралуу жашырбай сыр төгүшүп алабыз. Бирок бир курбу кызыбыз бизге кастык кылды. Ал өзүнүн жигитине биздин сырларыбызды толук айта берет экен. Ушундан кийин ал кыз менен байланышпай калдык. Дос болуу да, кас болуу да заматта экен.

“КЫЗДУУ БОЛСОМ ДЕП КЫЯЛДАНГАМ...”
– Кош бойлуу кезимде таттуу нерселерди баса калып жечүмүн. Ошондон улам кыздуу болом го деп ойлочумун. Анан УЗИге барып текшерилсем, уул экенин айтышты. Бирок мен “аппарат деле жаңылат” деп, кыялымда кызымдын чачын өрүп жүрө бердим. Анан уулдуу болдум. Бирок Искандердин көзүн көргөндө жүрөгүм тим эле жарылып кетчүдөй болду. Азыр өнөрү чыгып калды. Кимди көрсө эле күлө берет. Жөн отурбай талпына берип суй жыгылтат. Искандер кичине торолгондон кийин карындаштуу кылсам деген кыялым бар.

“МЕН ТУУРАЛУУ УШАКТАР...”
– Негизи, эл көзүндөгү адам болгондон кийин ушак ээрчибей койбойт экен. Менин жакын досум – стилист Олег Беда ушакташканды аябай жакшы көрөт. Бирок мен ал үчүн ушакташууда кызыксыз маектеш болушум керек. Анын айткандарына кызыгуу менен кошулбагандыктан, “ай” деп кол шилтеп коёт. Ушак айтып отурууну иши жок бекерчилердин эрмеги деп эсептейм. Өзүм тууралуу оозду ачырган акыркы уккан ушактар булар болду: “Айянын күйөөсү улгайган киши имиш”; “Айя бай, үй-бүлөлүү кишиге күйөөгө тийиптир”; “Айянын төшү силикон экен”. Бирок мен мындай ушактарга маани бербейм.

“СООДА КЫЛГАНДА...”
– Көпчүлүк айымдар дүкөн кыдырганды жактырышат эмеспи. Мен дүкөнгө барганда бир нерсени жактырып калсам, аны алмайынча кетпейм, айрыкча жакшынакай көйнөк көрүп калсам. Анан да “арзандатуу” деп коюшат. Мындай жерлерге баш бакпай койбойм. Бирок муну элди алдоо деп эсептейм. Көп эле жолу күбө болдум. Мисалы, 2000 сомдук нерсени 2500 деп баасын көтөрүп, 500 сом арзандатып сата беришет. Ал эми чет мамлекеттерге көп чыгып калдым, ал жерлерде чын эле арзандатышат. Менде бир жаман адат бар болчу, дүкөн кыдырганда болгон акчамды бүт коротмой. Азыр өлчөп алып чыкканга үйрөндүм.

“СУЛУУЛУК ТУУРАЛУУ...”
– Өзүн сыйлаган айым дайыма өзүнө кам көрүп жүрүүсү абзел. Азыр сулуу болуу үчүн бардык шарттар бар. Кээ бир айымдар балалуу болгондон кийин “эки адам үчүн тамак жешим керек” деп өзүн кыйнап тамак жей берип толуп кетишет. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Ашыкча тамактануу эч качан пайдасын алып келбейт. Чынында, боюнда бар айымдар бир топ эле салмак кошушат. Бирок табигат буга деле кам көрүптүр. Эмчек эмизгенден баш тартпаган айым арыктайт экен. Мен муну өзүмдөн сезип жатам. Ал эми кээ бирөөлөр "фигурам бузулат" деп баланы эмизбей коюшат. Табигаттан берилген нерсени кайра калыбына келтирип алууга болот деп айтар элем.

“КИНО ЖААТЫНДА...”
– Режиссёр болом деген кыялдарым бар эле. Муну эң оңой кесиптердин бири катары эсептечүмүн. Бирок акыркы жолу “Байланыш” кинотасмасына тартылганда бул кесиптин кыйынчылыктарын көрдүм. Көрсө, бул жашоодо оңой эч нерсе жок экен. Бул тасманы өзүм көрө элекмин. Бет ачары болгон күнү бала менен бара албай калдым. Кээде “өзүңдү Голливудда элестете аласыңбы?” деген суроолорду узатып калышат. Мен буга “жок” деп эле жооп берем. Себеби мени бааласа, кыргыз элим гана баалай алат. Өз элимде эле популярдуулукка жетише алам.

АЙЯДАН АЗЫКТАНДЫРУУЧУ МАСКА
– Негизи, бетке кам көрүүдө үй шартында жасаган маскалар жакшы натыйжасын берет.
Мисалы, бир кашык каймакка бир кашык лимон ширесин жана сулунун үлпүлдөгү кошулган масканы көп колдоном. Бул маска бетти азыктандырып, терини тазалайт.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Zoro
2010-08-21 17:06:01
Койногун утуктобой кийип алыртыр го,суротон да даана корунуп турат!
0
adilxx
2010-08-21 21:58:00
oi oi ukmuw elesiner ! koinogunun utuktolbogonunon beri karaisynar go?!mumkun utuktoboi turgan koinok?
0
Замира
2010-08-21 23:05:49
сулунун үлпүлдөгү degen emne bilgen jan barby?
aldyn ala rahmat!
0
nuriza
2010-08-22 11:46:05

Айя Садырова эжекебиздин негизи ырлары жакшы.......
0
Саби
2010-08-22 17:23:02
Мен да тушунгон жокмун сулуунун улпулдогу дегендин орусчасын да кашага алып жазып койсонор болмок анткени андай нерсени кобубуз билбейбиз кийинкисинде эсибизде болмок.
0
laleshka
2010-08-22 17:52:02
Sulunun ulpuldogu? bilgender bolso jazip kounuzdar :)
0
lovekg
2010-08-23 17:43:37
slunun ulpuldogu - ovsyanye hlopya bolso kerek..
0
Regenbogen
2010-08-23 22:54:39
sulunun ulpuldogu maga da kizik bolup jatat,al emi Zoro sizdin kojnogynon beri sindaganiniz jakkan jok,mymkyn 4indap ele ytyktolboj turgan kojnok
0
Mile
2010-08-24 09:22:55
Жон эле тушуп корсомбу ушул койнок менен деген суротту коюп коюшкан го.Утуктобой кийчу койноко окшобой турат,гардеробдон тырышып турган жеринен дароо алып кие койгонсуп:(
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан