ТОКМОКТУН АЯЗДУУ ТАҢЫ ЖАШ КЕЛИНСИЗ АТТЫ

Сөздөн сөз чыгып отуруп, айрымдар кантип бири-биринин мурдун канжалата койгонун да билбей калышат. Ошонун сыңары жаңы эле түрмөдөн чыккан бул кылмышкер кумарын кандырууга каршы болгон келинди мыкаачылык менен өлтүрүп койду. Ошентип, абактан кайра абакка сапар алды.

12 КАБЫРГАСЫ СЫНЫП, БАШ СӨӨГҮНӨ ДОО КЕТКЕН
Уккан адамдын төбө чачын тик тургузган бул окуя мындан бир нече жыл мурун болгон. Жаңы эле абактан чыгып келген кылмышкер бир күнүн да жөн өткөрбөй, ошол эле түнү кайрадан абакка өзү жол ачты. Жол ачканда да уурулук сыяктуу майда кылмыш менен эмес, жаш келиндин өмүрүн алып кетти.
Токмок шаары. Декабрь айынын кычыраган аяздуу түнү өтүп, таң супа салып келе жатты. Таң атканын кабарлагансып короздор да биринен сала бири кыйкырып киришти. Элдин алды кызуу уйкудан ойгоно баштады. Мына ушул маалда ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан коңгуроо келип түштү. Алар шаардын Шамшы көчөсүндө жайгашкан гараждын жанында аялдын өлүгү жаткандыгын кабарлашты.
Кабар келип түшөрү менен оперативдүү топ окуя болгон жерге дароо жетип келишти. Жерде 30-35тер чамасындагы азиат улутундагы аял сунала жаткан эле. Анын жылаңачталган денесинде эч бир тамтык жок. Адамдын көзү токтолуп карап тура алгыс көк ала тактар киши колдуу болуп өлгөнүн айгинелеп турду.
Мындай окуя шамалдай тез тарайт көрүнөт. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери менен катар шаар тургундары да топтоло түштү. Алардын бири келинди таанып: "Кечээ эле муну менен тиги жактан жолуккам, минтип айтты эле. Өлүм оюнда жок болчу",- десе, кээ бирөөлөр: “Дегеле жакшылык көрбөй жүрүп өттү. Көрөр күнүң ушул беле?! Эми жалгыз кызыңды ким карайт? Убалың кылмышкерге жетсин!”- деп шыпшынып жатышты.
Ошол замат атайын топ түзүлүп, иликтөө иштери башталды. Денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн алып кетишти. Текшерүүдө аялдын 12 кабыргасы сынып, боору жарылып, баш сөөгүнө доо кеткендиги аныкталды. Муну уккан-көргөндөр бул иш коркунучтуу кылмышкердин колунан келгендигин айттырбай түшүнүштү.

ЖАБЫРЛАНУУЧУ – КҮЙӨӨСҮ МЕНЕН АЖЫРАШКАН КЕЛИН
Көк ала койдой союлуп, өлтүрүлгөн келиндин ким экени тез эле билинди. Жабырлануучу күйөөсү менен оту күйүшпөй ажырашып кеткен жаш келин болуп чыкты. Ал 5-6 жашар чамасындагы кызы менен жалгыз бой жашаган Токмок шаарынын 36 жаштагы тургуну Акбермет экен. Акбермет турмушунан жолу болбой жашоонун кыйын кезеңине кабылып, акыркы күндөрү "жинди сууга" азгырылып жүргөн эле. Аны кой-ай дечү бир туугандары да, ата-энеси да алыста болчу.
Иликтөөнүн негизинде жаш келиндин өлөрдөн бир күн мурун жаш жигиттер менен арак ичип жүргөнү билинди. Чогуу арак ичкен жигиттер шектүү катары кармалып, ШИИБге алынып келинди. Алар бирге арак ичкендерин жашырышкан жок. Ал гана эмес, келин менен интимдик катнашта болгулары келгендерин да айтып салышты. Жигиттердин айтымында, 2-3 саатча арак ичип, көңүл ачып отурушкандан кийин тарап кетишкен. Ошентип, булар ак болуп чыга келишти. Кылмыш өз учурунда ачылбай, создуктурула берди.

ШЕКТҮҮ АДАМ КАРМАЛЫП, КЫЛМЫШТЫ МОЮНУНА АЛДЫ
Иш ачылбай убакыт созулганы менен, иликтөө иштери токтотулган жок. Укук коргоо кызматкерлери шек санаган адамдарды, кылмыш чөйрөнү, бул чөйрө менен байланышы барлардын баарын катуу көзөмөлгө алышты. Акыры бул аракет жарым жылдан кийин жемишин берди.
Арадан жети ай өткөндө ШИИБге мурун уурулук менен бир нече жолу соттолгон, европа улутундагы 31 жаштагы мырза кармалып алып келинди. Бул адамдан Токмок шаарынын тургундары да, опертоп да көп нерсени шектенип, астейдил карап жүрүшчү. Ал буга чейин жасаган оор кылмыштарын бурмалоо үчүн ортодо майда уурулуктарды жасай коюп кармалып, түрмөдө отуруп жүргөн жигит эле. Алгач бул эргул кылмышты өзүнө жуутпай, суудан кургак чыгып жатты.
Мындай кылмыштардын далайынын бетин ачкан тажрыйбалуулар акыры колу менен жасаган ишин моюну менен тартууга аргасыз кылышты. Бир нече күнгө созулган аңгемелешүүдөн кийин кылмышкер болгон окуяны толугу менен баяндоодон башка айласы жок экенин түшүндү.

ТҮРТҮП ЖИБЕРГЕНИНЕ НАМЫСТАНЫП...
– 18-декабрда түн ичинде дүкөндүн жанынан Акберметке жолугуп калдым. Аны менен көп жылдан бери жакшы тааныштардан элем. Ортодо жакшы мамиле да бар болчу. Мен бир аз кызуу элем, анын деле таза эмес экенин байкадым. Абактан жаңы чыкканымды айтып, белгилеп коёлу дегениме каршы болгон жок. Чөнтөгүмдө болор-болбос эле акчам калыптыр. Ички чөнтөк, сырткы чөнтөктөгү акчаларымды чогултуп, бир бөтөлкө арак алдым. "Бул аздык кылат го. Сен да бирди албайсыңбы?"- десем: "Акчам жок",- деди.
Анан гараждын артына өттүк. Эмнегедир элден оолак болууну самадык. Экөөбүздүн тең ичибизде ичимдик бар болгондуктан, улам-улам бири-бирибизге каалоо айтып жатып тез эле кызып калдык. Ошентип канча убакыт өткөнүн деле билбей калдым. Ортодо өткөн-кеткен көп окуялар айтылды. Турмуштан жолу болбой күйөөсү менен ажырашып кеткенин да саймедиреп берди. Мен дагы абактагы күндөрүмдүн кандай өткөнүн айтып отурдум.
Абакта жатып аялды эңсеп калган жаным кумарга баткым келди. Ачыгын айтсам каршы болуп койду.
Мен ал күнү эркиндикке чыкканымабы, айтор, өзүмдү башкача сезип, асманда учуп жүргөндөй болуп жаткам. Ошонун күүсү менен анын каалабаганына карабай кучактап өпкүлөй баштадым. Ал мени түртүп жиберди. Ушундан кийин намысыма келе түштүм. Анын үстүнө мурун менин айтканыма каршылык кылбаган келин азыр макул болбой турганына ыза болдум. Мени теңине албай жаткандай сезилди. Ушундай ойлор менен каным кызып чыкты. Анан эмне кылып жатканымды өзүм да билбей калыптырмын. Эсиме келсем, денеси эчак муздап калган экен. Эмне кылсам экен деп көпкө ойлонуп отуруп, кийимдерин чогултуп гараждын үстүнө ыргыттым да, кетип калдым.

Сөз соңунда бул жигит мындан башка да кылмыштарга себепчи экенин айтып, көз жашын көлдөтүп отурду.
Мына, окурман, ичимдиктин эч качан жакшылыкка алып келбесинин дагы бир далили. Жаш келин эски таанышына жолугуп, бирок "жүздөшпөй" кетип калса, мындай өлүмгө туш келбес беле? Аттиң дүйнө...

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
PaxaT
2010-08-20 20:11:01
Акыркы жылдары мындай окуялар жанылык деле болбой калды.Ким куноолу деген суроо эч кимибизди деле кызыктырбайт.Анткени турмуштан ажыраган келиндер сайдын ташындай эле шыгыраса, аракка кырчындай кезинде берилген жигиттер учун мода болуп калгандай
0
bekmyrza
2010-08-24 20:47:15
бул ишке бир эле арак эмес жумушсуздук да себепкер деп ойлойм
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан