“КУМТӨР” ТОГУЗ АЙДА 10,70 МИЛЛИАРД СОМ ПАЙДА КЕЛТИРДИ

Centerra Gold Inc. жана «Кумтөр Голд Компани» 2019-жылдын үчүнчү чейрегиндеги өндүрүштүк жыйынтыктарын чыгарышты. 2019-жылы 9 ай ичинде “Кумтөрдө” 451 679 унция же 14 048,8 килограмм алтын өндүрүлүп, компаниянын салыктары жана милдеттүү төлөмдөрдү 10,79 миллиард сомдон ашкан.

АЛТЫН ӨНДҮРҮҮ ЖАНА САТЫП ӨТКӨРҮҮ

2019-жылдын III чейрегинде «Кумтөр» кениндеги алтын өндүрүү көлөмү 150 305 унцияны же 4675,01 килограммды түздү. Алтын ылгоочу фабрикада иштетилген кендеги орточо алтын курамы 3,8 г/т, ал эми ылгоо коэффиценти 84,8 пайыз болду. 2019-жылдын III чейрегинде 160 088 унция, же 4979,30 килограмм алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2019-жылдын III чейрегинде 234,4 миллион долларды түздү.

Алтын өндүрүүгө кеткен чыгымдардан фабрикалык кайра иштетүүгө 18,4 миллион доллар, кен ишканасын күтүүгө 11,5 миллион доллар, өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор салыктарды кошкондо (бир унцияга АКШ доллары менен) 831 долларды түзгөн. Алтын өндүрүүгө кеткен башка чыгымдар жана өндүрүштүк көрсөткүчтөр “Кумтөрдүн” www.kumtor.kg сайтындагы пресс-релизде толук берилген.

“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык, “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз гана “Кыргызалтын” ААКсы ээ.

2019-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен 2017-жылдын 11-сентябрында түзүлгөн комплекстүү келишимдин күчүнө толук кирүүсүнүн алдын алуучу бардык шарттар аткарылды жана 2019-жылдын 26-августунда Стратегиялык келишим күчүнө кирди.

“ӨНДҮРҮШТӨ ОЛУТТУУ КООПСУЗДУК КӨРСӨТКҮЧТӨРҮНӨ ЖЕТИШТИК”

«Центерранын» президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп билдирди: «Биз ушул чейректе өндүрүштөгү олуттуу коопсуздук көрсөткүчтөрүнө жетиштик, мисалы, «Кумтөр» кени бир жыл бою жумуш убактысын жоготуусуз иштөөгө ийгиликтүү жетишти. Ушул сыяктуу ийгиликтер, жумуш убактысын жоготуусуз иштөөгө жетишүү “Центерра” үчүн аткарып жана жетише ала турган максат экенин билдирет. Мындай көрсөткүчтөр биздин жалпы кызматкерлерибиз «Центерранын» «Work Safe – Home Safe» коопсуздук программасын кынтыксыз колдоорун кепилдеп, биздин баалуулуктарды жана туруктуу өнүгүүбүздү үзгүлтүксүз бекемдөөгө жана өркүндөтүүгө жалпыбыздын жана ар бирибиздин багыт алуубуз керек экенин билдирет».

«Кумтөр» кени Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыштык компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдан бери өндүрүштүк ишмердик башталгандан тартып 2019-жылдын 30-сентябрына чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 12,5 миллион унцияга алтын өндүрүлгөн.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жылдын 14-ноябрына карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы
637 миллион доллардан ашты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mikana
2019-11-25 15:56:02
Кана эми ошол акчалар
0
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан