АКШнын Колорадо штатынын Дейв Махалик аттуу тургуну 34 жыл аралыгында 303 литр кан тапшырган. Бул тууралуу жергиликтүү сайттар жазышты.
Дейв Махалик биринчи жолу досунун ооруканадагы апасына кан куюш керек болгондо кан тапшырган. Мындан кийин ал 2 апта сайын ооруканага барып кан тапшырууну адатка айлантып алган.
34 жыл аралыгында Махалик канга муктаж 1920 адамдын өмүрүн сактаган. 640-жолку кан тапшырууга келгенде аны оорукана жетекчилиги “ардактуу донор” төш белгиси менен сыйлаган. “Кайрымдуулук иштерин кылууга мүмкүнчүлүгү жок адамдар муну кан тапшыруу жолу менен ишке ашыра алат”, - дейт Махалик.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg