Кытайдын Фуцзянь провинциясынын жашоочусу кичинекей кызын сатып, анын акчасын интернеттеги кыздарга короткон. Маалыматты Daily Mail басылмасы жазды. Кызын саткан адам аны өзү жалгыз чоңойтуп келгенин айтат. Акыры бага албай калганда аны сатып жиберүүнү көздөгөн. Кардарлар кыз үчүн 80 миң юань (орточо 800 миң сом) берген. Бул тууралуу укук коргоо кызматкерлери билишкен соң иликтөөлөр башталган. Кичинекей кыздын атасы колуна тийген акчаны интернеттеги ар кандай кызматтарды көрсөткөн видеоблогер кыздарга, алардын кызматынан колдонуу үчүн сайттарга кирүүгө коротуп жүргөнү аныкталган.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg