КЫЗЫКТУУ КЕСИПТЕР

Постижёр – бул буюртма менен мурут, бакенбард, кирпик, сакал жана парик жасоочу адис.

Кавист – шарап түрлөрүн мыкты билген жана шарап сатылчу элиталык дүкөндө сатуучу болуп иштеген адис. Дүкөнгө келген ар бир кардардын табитине жараша шарап тандап берип, ал шарап менен кайсы тамак айкаша тургандыгын эскерте алат. Кийинки кездерде кависттин милдетине күчтүү алкоголдук ичимдик түрлөрүн да билүү жана сатуу кирүүдө.

Титестер – чайды дегустация кылуучу адис. Ал чайдын өскөн жерин, сапатын жана сортун аныктай алат. Титестер чай чыгаруу жана сатуу менен алектенген компанияларда иштейт.

Гринкипер – гольф, регби, бейсбол жана футбол талаасы үчүн газон өстүрүп, багуучу адис. Башкача айтканда, спорт талааларына жооп берүүчү адис.

Энолог – шараптын түрлөрүн өздөштүргөн адис. Шарап алынуучу жүзүмдүн жакшы сортторун жана аларды өстүрүү үчүн керектүү жер семирткичтерди тандай алат. Башкача айтканда, мыкты сапаттагы шарапты алууга жооп берип, ишканага кирешенин киришине таасир этет.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aituwas
2019-11-25 17:24:36
Шумдугун кургур
+1
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан