Англиялык "Тоттенхэм" футболдук клубу жаңы башкы машыктыруучу дайындады. Аргентиналык Маурисио Почеттинону кызматынан бошотуп, анын ордуна айтылуу португалиялык машыктыруучу Жозе Моуриньону дайындады. Бул тууралуу клубдун расмий сайты билдирет.
Жозе Моуриньо 2023-жылга чейин келишимге кол койду. Анын айлыгы бир жылга 13 миллион еврону түзөт. Моуриньо буга чейин "Порту", "Челси", "Манчестер Юнайтед" жана "Реал" командаларын машыктырганы менен белгилүү.
"Тоттенхэм" өткөн сезондо Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жетип, анда "Ливерпулга" утулуп калган. Учурда "Тоттенхэм" Англия Премьер-Лигасынын турнирдик жадыбалында 14-орунда гана келе жатат.
Почеттино "Тоттенхэмдеги" ишин 2014-жылы баштаган.
Динара Акимова
sport@super.kg