Адамдын организминде аз талап кылынуучу кобальт, кадмий, рубидий, цезий микроэлементтери да бар. Кобальт организмге эмне үчүн керек? Ал сөөктү бекемдейт, анемия, атеросклероз, кант диабети, кандын рак оорусунун алдын алат. Мээнин активдүү иштеши, зат жана аба алмашуу үчүн да керектелет. Кобальт эт, сарымсак, кызылча, алмурут, карагат, балык, сыр, уйдун боору, нокотто кездешет. Кобальттын өлчөмү чоң адамдын организминде болжол менен 10-15 миллиграммды түзөт. Аталган элементтин жетишсиздиги алсырап, бат чарчоого, баш айланууга, анемияга, жүрөктүн иштешинин бузулушуна жеткирет.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg