ОКСАНА ФЁДОРОВА

Сулууга суктанбаган жан барбы? Шыңга бойлуу, татына жүздүү чүрөктү көргөндө көп жигиттердин көңүлү бурулары анык. Орус кызы Оксана Фёдорова бирде бийчи жигитти, бирде ырчы мырзаны өзүнө багындырып келет. Учурда ырчы Николай Басков Оксананын торунан чыга албай жүргөн кези.

Толук аты-жөнү – Фёдорова Оксана Геннадьевна
Туулган жылы –
1977-жыл, 17-декабрь
Туулган жери – Орусия, Псков шаары
Бою – 178 см, салмагы –
58 кг
Параметри –
88-64-93
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

Жакшы көргөн ...
шаары – Санкт-Петербург
түсү – Ак
мезгили – Жаз
гүлү – Гербера
жаныбары – Дельфин

Жактырган ...
жазуучулары – Ф.Достоевский, Р.Бах
ырчылары – Андриано Челентано, Селин Дион
тасмасы – “Куда приводят мечты?”
актёру – Аль Пачино
актрисасы – Софи Лорен
атыры – Марк Якобс
стили – Классика

БҮКҮРӨЙГӨН СУЛУУ
Ар күнү Псков шаарындагы №8-мектепти көздөй чачын экиге байлаган шыңга бойлуу кыз жөнөчү. Ал мектепке келгенде бүкүрөйө басып, боюнун узундугун жашырчу. Классташтары “узун куш” деп тийишкенде арданып, апасына даттанып келчү. Апасы “кызым, бүгүн боюңдун узундугу көзүңө жаш алдырса, эртең ушул көз жаш сүйүнүчкө айланат”деп кызын жоошутчу. Бул сөздү ал эне жүрөгү менен туюп айткан.
Оксана эки жашка толгондо атасы үй-бүлөсүн таштап кетет. Дарыгер болуп иштеген Елена кызын жалгыз бой тарбиялап өстүргөн. Апасынын маянасы аз болгондуктан, көп нерсеге жетчү эмес. Андыктан Оксана энесине жардам кылып, майда-барат жумуштарда иштечү. Кийинчерээк кек сактабастан атасын көрүүнү каалап, аны издей баштайт. Тилекке каршы, атасы каза болуп калганын угат.

МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ
Сулуу мектепти бүткөндө, модель болууну көздөгөн эмес.Көпчүлүк күтпөгөн милиция кызматкерин даярдоочу орто окуу жайына тапшырган. Бул тандоосуна таятасы себепкер болгон. Себеби ал өз убагында Орусияга аты кеңири таанымал аскер кызматкери эле. Милиция мектебин аяктаган соң Санкт-Петербургдагы ИИМдин университетине тапшырган. Университетти артыкчылык диплому менен бүтүрүп, аспирантурага тапшырып, билимин тереңдетүүнү туура көрөт. Учурда ал юридика илимдеринин кандидаты, милициянын майору. Бул наамга ал окуусун бүтүп, иштеп жүрүп жеткен.

“ААЛАМ ПЕРИСИН” КАНТИП ЖЕҢИП АЛГАН?
Студент кезинде окуу жайлар арасындагы сулуулар сынагына катышып, дайыма жеңишке жетишчү. Мисалы, “Санкт-Петербург сулуусу” сынагынын жеңүүчүсү болгон. Андан кийин жакындарынын сунушу боюнча “Орусия сулуусу” сынагына катышып, биринчиликти илип кеткен. 2002-жылы АКШда өткөн “Аалам периси” сынагына катышуу сунушун алган. Анда Оксананын сынакка катышуу оюнда да жок эле. Анткени ал диссертациясын жактоого камынып жүргөн. Сынакка аз калганда уюштуруучулар Орусиянын атынан Оксананын барарын айтып, керектүү документтерди топтоп жөнөтүшкөн. Сынакта калыстардын “сенин бетиңди эмне алоолонтуп кызартат?” деген суроосуна: “Маанилүү учурда керексиз сөздү сүйлөп алганда кызарам”,- деп кызарып кеткен. Калыстар муну баалап, аягында "Аалам перисинин" таажысын орус кызы Оксанага ыйгарышкан. Ошентип, ал өз өлкөсүнүн тарыхында 1-жолу бул чоң сыйлыкка жетишкен.

СЕНСАЦИЯ – СЫЙЛЫКТЫ ЖЕҢҮҮСҮ ЭМЕС, АНДАН БАШ ТАРТУУСУ
Ошол кездеги сенсациясы анын сыйлыкты алышында эмес, андан баш тартканында болгон. “Эмнеге?” деген суроого "Аалам периси": “Мага баарынан да диссертациямды жактоо маанилүү. Мен аны бул жылы жакташым керек”,- деген.
“Аалам периси” наамын алган Фёдорова мекенине кайтып келгенде жогорку деңгээлдеги түрдүү иштер сунушталган. Алардын бири – телеалпаруучулук. Мисалы, “Жылдыздар фабрикасы” долбоорун алпар” деген сунушка макулдугун бербей койгон. Ал эми бала чагынан сүйүп көргөн "Түнүңөр бейпил болсун, бөбөктөр" аттуу балдар берүүсүн алпарууга сунуш түшкөндө ойлонбой туруп макулдугун берген. Учурда “Алтынчы күнү кечинде” музыкалык телеберүүнү алпарат.

ЖАШООСУНДАГЫ МЫРЗАЛАР
“Оксананын “Аалам перисинен” баш тартканынын чыныгы себеби башкада” деген маалымат ошондо эле тараган. Бир жыл бөтөн өлкөдө жүрүүгө макулдугун бербеген кримавторитет мырзасынын каалоосу боюнча баш тартып келе берген. Ал ким экени учурунда жашыруун болчу. Бирок кийинчерээк Питердеги абройлуу ишкер Владимир Голубев (Голубь же Бармалей деген лакап ат менен таанымал) экени билинген.
"Фёдорова өзүнөн 22 жаш улуу, үй-бүлөлүү киши менен 16 жашынан баштап мамиле түзгөн" дешет. Голубев бул чырайлуу перини сулуулар сынагында көрүп, көзү түшүп калат. Жаш сулууга жетүү үчүн колундагы байлыкты бүт колдонгон.
Ал жөнүндө сулуу: "Володя экөөбүз жети жыл бирге болдук. Менин жашоомдун өзгөрүүсүнө анын ролу чоң. Эгер "жашоодо идеалдуу мырза барбы?" деп сурашса, Володяны ошол образга жакын деп айтмакмын. Бирок экөөбүздүн сонун күндөрүбүз артта калды. Азыр биз жакын доспуз",- дейт.

ЫРЧЫЛЫККА БАСКОВ МЕНЕН
Андан кийин "Жылдыздар менен бийлөө” теледолбооруна катышып, өнөктөшү Александр Литвиненко менен мамиле курган. Эл арасында алардын үйлөнөрү тууралуу маалымат тарап турган кезде (2007-жылы) немис ишкери Филипп Тофтко турмушка чыгат. Ошондо бийчи жигит “жашоодо жомок жок. Айымдар дайыма колунда бар байды тандашат” деген сөздү айтып тим болгон.
Оксана немис жолдошу менен жакында эле мыйзамдуу түрдө ажырашты. Эмне себептен ажырашканын айтпай, “бул менин жеке жашоом, жашырууга укуктуумун” деп келет.
Акыркы кезде бул сулууну жандаган мырза – популярдуу ырчы Николай Басков. Экөө кол кармашкан соң Фёдорова ырчы болуп чыга келди. Учурда ал “Бир кадам алга” аттуу ырына клип тарттырып бүттү. Оксана өзүнө популярдуу ырчы болуу максатын коюп, аны ишке ашыруу үчүн тынбай иштөөдө.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Regenbogen
2010-08-23 23:02:58
4indap ele ajabaj suluu,birok orustardi ollo jaman koryp kaldim
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан