Үй-бүлөлүк бизнес: КЫТАЙ БОЗ ҮЙЛӨРҮНӨ КАРАКОЛДУК АЛЬТЕРНАТИВА

Учурда Ысык-Көл облусу Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин «Чебер уз-усталардын шаары» макамына талапкер болууда. Жөн жерден эмес, мисалы, Көлдөгү Кызыл-Туу айылы боз үй жасагандардын ордосу катары таанымал. Дал ушул айылда ишкер Перизат Дүйшееванын кайненеси Бегайым Бекешева туулуп-өскөн. Колунан көөрү төгүлгөн уз байбиче келин-уулуна боз үй кармаганды үйрөткөн. Азыр жубайлар кытайдын төрт бурчтук темир боз үйлөрүнө баасы жана сапаты менен альтернатива боло турган үйлөрдү жасашууда. «Амина Кол» ЖЧКсынын жетекчиси дээрлик 11 жылдан бери учурда «Бакай банкка» биригип жаткан «БТА банктын» кардары.

Перизат Дүйшеева эки кесиптин ээси – педагог жана экономист. Мугалим болуп иштебегени менен, экономист катары микрокредиттик мекемеде эмгектенип, кийин бизнеске өтүп кеткен.

– Боз үй ааламы менен кандай таанышып калдыңыз?

– Өзүм Нарындан болом, апам шырдак, ала кийиз жасап, биз кармалашып, жүн, кийиз менен эле чоңойдук. Бирок боз үй жасачу эмес. Бул өнөр мага кайненемден өттү го деп ойлойм. Ал кишини мен «эне» дейм, энем Бегайым Бекешеванын төркүнү Ысык-Көлдөгү жалаң боз үй жасагандардын ордосу болгон Кызыл-Туу айылынан экен. Энем боз үйдү жасоонун ийне-жибине чейин жакшы билчү, ички, сырткы жасалгасын, жип-шуу, жабууларын. Колунан көөрү төгүлгөн уз адам эле. Кийизди өзүбүз ийлеп, агартыш үчүн айна менен жуучубуз, чий сокчубуз. Кайнатам да кыйын киши, дыкаттап, таптап жыгач-жарактарын даярдап берет. Азыркы күнгө чейин боз үй боюнча кайнатамдан кеп-кеңеш алып турабыз.

Энемдер өзүбүзгө, туугандарга, тааныштарга деп боз үйдүн түрүн жасашты. Бир убактарда боз үй популярдуу болбой калды. 2001-жылы жолдошум экөөбүз Каракол шаарына көчүп кеттик. Бизнестин түрүн кылып көрдүк. Жолдошум курулуш бизнесинде жүрдү. Темир, түстүү металлдарды алып иштедик. Андан соң айымдардын саркеч кийимин саткан эки кабат чоң дүкөн иштеттим. Түркияга айына 2 жолу каттап товар алып келчүмүн. Бул арада боз үйгө кызыгуу арта баштаганын байкадык. Кыргыздын нукура үйүсүз, боз үйсүз баары бир болбойт экен да, суроо-талап көп. Ойлонуп көрсөк колубуздан келчүдөй, анын үстүнө биз билген өнөр.

– Эмне себептен жыгачтан чыныгы боз үй эмес, металл каркастуу боз үйлөрдү жасоону чечтиңиздер?

– Эки жыл мурун жолдошум "темирден боз үй жасап көрбөйлүбү" деп айтып калды. Башында өзүбүзгө жасадык, аны көргөн тааныштар "бизге да жасап бергиле" деп сурана башташты. Бирди жасап сатып көрдүк. Ошентип уланып кетти. Жыгач боз үй, албетте, барктуу, ага ылайык кымбат дагы, машакаты көп, жоопкерчилиги да ошончолук чоң. Кайра-кайра тигиш үчүн жыгачтын мыктысы керек. Сапатсыз жыгач болсо матоосунан кетет, сынып калат. Анын үстүнө азыр жаштар боз үй тиккенди билбейт. Биз боз үйдү чарбага, бизнесте колдонгондорго ылайыктуу болгудай, заман талабына ылайык кылып жасап көрүүнү чечтик. Кытайдын боз үйлөрүн көрдүк, интернеттен башка варианттарды карадык.

Жыгач боз үйлөргө караганда темир каркастуу боз үйлөр тез жана оңой тигилет. Көлдүн жээгине, тоого, жайлоого жарым саатта тургузуп, жарым саатта чечип койсо болот. Үй салып жаткандардын убактылуу жашоосуна жакшы экен. Өзгөчө чабандарга ыңгайлуу. Кыштын өтө суугуна болбойт, бирок эрте жаздан, кеч күзгө чейин уруна берсе болот. Мындан сырткары учурда ар бир айылдан уруу-уруу же болбосо көчөмө-көчө чогулуп, жакшылык-жамандыкка кезек менен тигүү үчүн бир же бир нече боз үй алып калышыптыр. Кыргыздын канына сиңген экен, сөзсүз боз үйдүн тигилүүсүн каалашат, той берсе да, аш берсе да тигилет. Биздин боз үйлөр жылына бир эле жолу тикчү боз үйлөр эмес, той-топур убагында 2-3 күн сайын тигиле берет.

– Кытайлар жасап жаткан темир боз үйлөрдөн эмне айырмасы бар?

– Кытайлар чыгарган боз үйлөрдүкүнөн айырмасы чоң. Темири менен эле окшош десем болот. Мисалы, кытай боз үйү төрт бурчтук жана жеңил. Алардын жабуусуна целлофан, синтепон салынып тигилет, аба кирбейт, ичи жыттанып кетет. Биздин боз үйлөрдүн сөөгү темир, жабуусу кийиз же болбосо фетр. Кадимкидей керегелери, ууктары, түндүгү бар, кадимкидей эле тигилет: биринчи айланасын коюп, эшигин салып туруп, түндүгүн өйдө көтөрүп, ууктарын киргизип коёт. Жабуусун 3 кат деп коёт, алгач кийиз, плащевка, анан таар менен жабабыз. Кыргыз боз үйүндөгүдөй эле оймо-чиймелерди түшүрөбүз. Полу жыгачтан, жайлоодо болобу, кайда болбосун сыз, ным өтпөйт. Кытай боз үйлөрү жеңил, чабандар шамал болсо кашарга, кулун желелерге чейин учуп кетерин айтып жүрүшөт. Булар абдан туруктуу.

Баасында да айырма бар. Кытай боз үйлөрү 20-25 миңден. Биздикилер кооздолушуна, жасалышына, көлөмүнө жана сапатына жараша 40 миңден 350 миң сомго чейин.

– Боз үйдү түрдүү идеялар менен жасайт экенсиз, кайдан аласыз идеяларды?

– Нукура боз үйгө буюртма келгенде Кызыл-Туудагы тайларыбыз менен байланыштырып коём. Кээде "темир боз үйдү кыргызча жасалгалап бергиле" дешкенде да Кызыл-Тууга барып жеңелерге буюртма берип, жабык баш, өрмөк, чачы кылып, баарын жасатып келем. Жайлоого чыкчулар, хостелге колдончулар "полу менен жасап бергиле" дешет. Жыгачтан пол жасап, кийиз менен жаап беребиз. Айрым романтиканы жакшы көргөндөр, көлдүн жээгине боз үйдүн ичинде отуруп ырахаттанып көз чаптыргысы келгендер керегеси айнектен болсун дешти. Аны да жасадык.

– Бизнести өнүктүрүү максатында кандай иштерди жасадыңыздар?

– Ар кандай тендерлерге катышабыз, утуп алабыз. Былтыр эл аралык белгилүү бир уюм менен кызматташкан айыл өкмөттөрдүн жайыт комитеттери менен иштештик. Долбоор айыл жериндегилерге жана чабандарга жардам берүү максатында экен. Комитеттин өкүлдөрү Каракол шаарына атайын өздөрү келип, биз менен таанышып, боз үйлөрдүн сапатын жактырышты. Программа боюнча, жайыт комитети боз үйдүн баасынын 25 пайызын, ал эми калган 75 пайызын эл аралык уюм төлөп берип, элге таратышат экен. Алар менен иштешип, түштүк облустарына 200 боз үй жасадык, ар бир айылга бештен, ондон боз үй туура келет. Мисалы, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда айыл өкмөттөр абдан көп экен, жакында эле элүүдөйүн жеткирип берип келдик. Мындан сырткары жыл сайын Көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Бизден сатып алышып, ошол жакка көп тигишүүдө. Эсеп палатасы менен иштешип, жарманкелерине катыштык.

– Бир боз үйдү жасаганга канча убакыт кетет?

– Бир боз үйдү төрт күндө эле жасап беребиз. Цехте 8 адам эмгектенет. Темирлерин – кереге-ууктарын 4 бала станок менен жасашат, ал эми ички-тышкы жасалгаларын, жабууларын 4 кыз тигет. Тигүү иштерин баары эле алып кете алышпайт, өтө оор. Тигүүчүлүк шыгына карап алабыз. Диаметри беш метрден башталат: 12 метрге чейин кылып, 65 баш, 85 баш, 100 баш деп жасап беребиз. Кээ бириники 24 уук, айрым учурда 33, кээде 42 уук. Эгер кандайдыр бир ката кетирилсе, ошол эле жерден кардарды "15-20 мүнөт күтө туруңуз" деп, кайра жасатып берем.

– Чет жактардан буюртма боло элекпи?

– Буюртма чет жактардан жыгач боз үйлөргө болот. Биз жыгач кармабагандыктан Кызыл-Туудан жасаттырып беребиз. Жакында эле Казакстандан атайын келип алып кетишти. Бул боз үйлөр кино тартканга керек экен. Кытайдыкы төрт бурчтук болуп анча окшошпойт, өздөрүнүкү жапыз, ал эми биздин темир боз үйлөр бийик болуп, жыгачтан эч айырмаланбайт. Сыртына кийиз жаап тартышат окшойт.

– Пландарыңыз кандай? Жыгачтан боз үй кармоого кандай карайсыз?

– Биринчиден, биз азыр кийизди Бишкектен, Токмоктон, Новопавловкадан алабыз. Учурда мен кийиз даярдоочу станок үчүн чоң долбоор жазып жатам. Кудай буюрса, өтүп калса, азыр, мериностон башка жүндөрдүн баары ыргытылып жатпайбы, ошолорду алып, өзүбүз кийиз бастырат элек. Бул тегеректегилер кийизди алыска барып, жүктөп келишпей эле, Караколдон алышмак. Мындан сырткары цехти кеңейтип, айылдарда көп эле кол өнөрчү үйдө отурат, ошолорду топтоп шырдак, ала кийиз, бешик, сандык, туш кийиздерди жасоону ойлонуштуруудабыз. Боз үйдүн жыгачын да кармасакпы деп жатабыз. Азырынча билбейбиз. Билген кишини алып келип, балдарга үйрөтүш керек. Буюрса, жаз чыгары менен жолдошум экөөбүз көп ишти баштаганы турабыз.

– Сиздин бизнеске «БТА банктын» катыштыгы канчалык деңгээлде?

– Менин «БТА банк» менен иштешкениме 11 жыл болуптур. 2008-жылдан бери эсеп-чотторумдун бардыгы «БТАдан» жасалып келет. Мага бул банк абдан ыңгайлуу. Иштеген кыздар да билимдүү, өз иштерин жакшы билишет. Качан барбайын кызматты ыкчам жана сапаттуу көрсөтүшөт. Акча керек болгондо жок дешпейт, тез арада, мага ыңгайлуу шарттарда, төмөн пайыздар менен беришет. Тендерлерге катышканда өзүбүздүн каражат жетпей, чоң суммадагы акча тезинен керек болот. Чоң заказдар болгондо сөзсүз «БТА банкка» кайрылам. Учурдан пайдаланып, банктын Каракол шаарындагы филиалынын жетекчисине жана иштеген кыздарга иштериндеги ийгиликтерди каалайм.

– «БТА банкты» учурда Кыргызстандагы дагы бир белгилүү банктардын бири «Бакай банк» өзүнө бириктирип алып жатканынан кабарыңыз барбы?

– Албетте, мага айтышты. Бириккени кайра жакшы экен, кеңселери көбөйүп, тобокелчиликтер акталат. «БТА банк» менен иштеше берем.

Жыл сайын 19-ноябрда Дүйнөлүк аял ишкерлердин күнү белгиленип келет. Учурда биригүү процессинен өтүп жаткан «Бакай банк» жана «БТА банктын» ишкер кардарлардын жарымына жакынын айымдар түзөт. Эки банктын кызматын колдонгон ишкер айымдардын саны сегиз миңге чукул.

«БТА банк» менен «Бакай банк» бириккенден кийин экөөнүн тең филиалдарынын баары сакталып калат. Бириккен «Бакай банк» филиалдар түйүнүнүн саны боюнча Кыргызстандагы бардык каржы уюмдарынын ичинен 4-орунда, уставдык капиталынын көлөмү боюнча 3-орун, ал эми активдер жана насыялык портфел боюнча 6-орунда болот. 2020-жылдын башында биригүү процесси жыйынтыкталган соң «БТА банктын» бардык филиалдары «Бакай банктын» ээлигине өтөт. Банктардын биригүүсү биринчи кезекте эки банктын тең кардарлары үчүн пайдалуу, мурдагыдан да көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт: филиалдардын, сактык кассалардын, банкоматтардын саны эки эсеге көбөйүп, эки банктын эң мыкты тажрыйбалары өнүктүрүлүп, кызмат көрсөтүү деңгээли жогорулайт. Кыргызстандын ар бир аймагында сапаттуу банктык кызматтар жеткиликтүү болот.

«БТА банк» ЖАКсы КР УБ №036 лицензиясы
«Бакай банк» ААКсы КР УБ №043 лицензиясы

Үмүт Рысбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан