ДОСТУККА КЫЯНАТ (Кыйышпас достор, достуктун бузулушу, сүйүү үч бурчтугу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бугун мушташтан чыгарып жеңилдей түшкөн Эржан көпкө ойлонду. Акыры арманын ичине катып, алдыга кадам таштоодон башка жол жок экенин түшүндү. Мурда ал тагдырды өзгөртсө болот, адамдын каалоосу менен аракети гана керек деп ойлочу. Көп жолу достору менен талаша кеткенде ушинтип жеңип кетчү. Көрсө, андай эмес экен. Жараткан маңдайга эмнени жазса, ошону көрөсүң. Канчалык тытынба, чуркаба, буюрбаса жетпейсиң. Болбосо, жанынын бир бөлүгү болуп калган Асел башкага, болгондо да жакын досуна жубай болуп калат деп ким ойлоптур? Аселге «сен баары бир мендик болосуң» дечү. Максат... Досум деп жүрүп, душмандай далыга бычак сайды. Сүйүүдөн, достуктан көңүлү калган Эржан күчүн жумуштан чыгармай болду. Айылда көпкө жүрө алмак эмес. Ата-энеси менен кеңешти да, окуусун сырттан окуу бөлүмүнө которуп, чет өлкөгө иштегени кетти. 2 жыл иштеп келип, үйлөндү Эржан. Болочок жубайын чет өлкөдөн кезиктирип, жактырып калды. Күлгөнү, баскан-турганы Аселге окшошуп кетчү. Айылга той берип, элден бата алып жаш үй-бүлө түтүн булата баштады. Чет жерде жашашат, Кыргызстанга маал-маалы менен келип турушат. Бир кыздуу болушкан.

ххх

Максат менен Асел Бишкекке келип, окууларын бүтүп жумушка орношушту. Максат жеке фирмалардын биринде, Асел мамлекеттик кызматта иштейт. Бир уулдуу болушту. Өтмүш унутулуп, баары өз ордуна түшкөн. Бир кезде кантип жашайм деп ой баскан Асел азыр Максатсыз жашоосун элестете албайт. Ошентип, 2 үй-бүлө тең өз жашоолору менен кетти. Ортодо байланыш жок, эски жара ырбап кетпесин дешет, Максаттын үйүндө Эржан тууралуу, Эржандын үйүндө Максат тууралуу дээрлик сөз болбойт. Кээде гана Эржандын келинчеги Аселдин атын айтып тамашалап, күйөөсүнө тийишип калат. Андайда Эржан унчукпай кутулат. Сырттан караганда Максат менен Эржандын үй-бүлөсү бири-бирине такыр тааныш эместей көрүнөт.

Бир күнү күтүүсүз окуя болду. Мындай болору Эржандын түшүнө да кирмек эмес. Максат телефон чалып, өткөндү унутуп мурдагыдай мамиледе калууну сунуштап калды:

– Эржан, эртели-кеч баары бир кезигебиз. Качанкыга чейин сүйлөшпөй жүрө бермек элек? Кел, мамилени үзбөйлү.

– Үзүлгөнү качан?..

– Уланталы дегеним.

– Көрөбүз. Азыр конокто отургам, узак сүйлөшө албайм,- Эржан телефонун өчүрүп койду. Үйүндө эле жаткан, болгону сүйлөшүүнү уланткысы келген жок. Ошону менен Максат чалган жок, Эржан да чалбады. Максатты кечирди, болгону эски жара жакында унутулчудай эмес.

ххх

Эржан менен Максат мектепти бүткөндүгүнүн 10 жылдык жолугушуусунда кезигишти. Асел мурдагыдай эле сулуу бойдон экен. Жолуксам толкунданам го деп ойлогон Эржан, андай болбоду. Катардагы аяштарынын бири катары учурашып өтүп кетти. Ал деле Эржанды көптүн бириндей эле тиктеди. Мурдагыдай сүйүүгө толгон, жоодурап караган көз карашы жок, бир аз жылмайып койгону гана болбосо сыр алдырган жок. Максат менен учурашып, ал-жай сурашты. Андан соң келинчегин тааныштырды.

– Менин келинчегим, аты Керемет,- жубайын белинен кучактап өзүнө тартып койду.

– Асел.

– Максат.

Классташ балдар, алардын жубайлары, эже-агайлар, баары тойканада майрамда отурушту. Баары бактылуу эле.

«Мен бактылуумун. Кудайга шүгүр, сен да бактылуу экенсиң. Бактылуу экениң ар бир кыймылыңдан билинип жатат. Шипширин кызың, жароокер аялың бар экен. Ал да сени сүйөрү, сыйлаары көрүнүп турат. Балким, биздин бири-бирибизге жетпей калганыбыз жакшы болгондур. Бактылуу бол!»- деди Асел ичинен.

«Бир кезде сенсиз жашай албайм дедим эле. Ааламдын ичи кең экен, өзүңө окшош жароокер жарга туш болдум. Көздөрүң балбылдап, мурдагыдай эле сулуу бойдон экенсиң. Бакыт гана каалайм»,- деп ичинен күбүрөнгөн Эржан Максатты тиктеди: «Сени кечиргем, өжөр экенсиң. Достугубузга кыянаттык кылсаң да, ишенимден эбак чыксаң да кечирдим. Бирок мурдагыдай ынак боло албайбыз. Жүрөктүн тагын биротоло жууп кетире албайсың»...

(Аягы)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Bekobala
2019-11-25 12:19:36
Бүттүбү ошентип
+1
Paprikafm
2019-11-25 12:44:14
Урааа бутту
+1
kgul
2019-11-25 13:59:42
Эккк. Ушул элеби? Бир аз кызыктуурак кылсанар болмок. Экоо тен бактылуу болгону жакшы го бирок, мындай окуяларды кун сайын угуп эле атпайлыбы.
+2
Umutmurza78
2019-11-25 21:33:42
Анча кызык эмес болуп бүтүп калдыго
+1
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан