“BLACKPINK`тин” ЖҮЗҮ КИМ ЖИСУ

Беделдүү компания менен болгон келишимге карабай бул сулуунун аты коомчулукта көпкө чейин жашыруун жүрдү. Белгилүү агенттик менен кызматташуу каарманыбызга атак-даңк, популярдуулукка жол ачты. Андыктан анын өмүр таржымалы жаштарга абдан кызык. Учурда дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан түштүк кореялык “Blackpink” тобунун солисти Ким Жису менен таанышып алыңыз.

КИМ ЖИСУ

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы – 1995-жыл, 3-январь

Бою – 162 сантиметр

Салмагы – 45 килограмм

Үй-бүлөдө – агасы жана эжеси бар

Билген тилдери – корей, япон

Лейбл – YG Entertainment

Топто – негизги солист, топтун жүзү

Кесиби – ырчы, актриса, модель

Тартылган тасмалары – “Продюсер”, “Жарым айлыкка иштеген айдол”, “Асдалдын тарыхы”

КЕЛЕЧЕГИН ӨЗГӨРТКӨН КЕЛИШИМ

Табиятынан сулуу, мукам үнгө эгедер Ким Жису Blackpinkлейблине чейин мектебинде популярдуу болчу. Назик, арыкчырай келген кызга жигиттердин көбү ашык эле. Анын өзгөчө келбети, үнү YG Entertainment агенттигинин көз жаздымында калган жок. Корей шоу чөйрөсүнүн дөө-шаасы атыккан, дүйнөлүк ырчыларды, актриса, актёрлорду таптап чыгарган компанияга Жису 2011-жылы стажёр катары кабыл алынат. Ырчы кыздын бул кадамы келечегин түп тамырынан бери өзгөрттү. 16 жаштагы секелек кыз агенттик менен келишимге кол коюп жатып жакынкы жылдары миллиондогон күйөрмандарды ээрчитип, баш айланткан атактуулукту багынтарын ошол учурда аңдабаса керек. YG Entertainment агенттиги Ким Жисуну 1 жылдан кийин эле жарнамалай баштады. 2012-жылы интернеттеги расмий баракчасына Жисунун сүрөтүн жүктөп “бул кайсы кыз?” деп суроо салды. Көп убакыттан кийин гана сүрөттө Ким Жису экенин ачыкташты.

2013-жылы аталган агенттик кайрадан Жисунун сүрөтүн чыгарып жакында Pink Punk аттуу топ дебют жасаарын жар салды. Бирок мындай аталыштагы топ бактыга жарашабы же тилекке каршыбы, жарыкка чыккан жок. Эмнеси болсо да Жису баары бир уттурган жок.

“BLACKPINK`ТИН” АЛГАЧКЫ СОЛИСТИ

2016-жылы 15-июнда YG Entertainment агенттиги жаңы түзүлгөн Blackpink тобунун мүчөсү деп эң биринчи Жисунун сүрөтүн жарыялайт. Кийин гана Женни, Розэ, Лалиса кошулган топтун толук курамынын сүрөтүн чыгарышкан. Муну менен Жису топко эң биринчи болуп кабыл алынганын билсе болот. Топ дебют жасаган күнү YG Entertainment агенттигинин негиздөөчүсү Ян Хён Сок топто лидер жок экенин билдирген. Бул ролго топтогу кыздардын баары татыктуу болгондуктан арасынан бирөөнү иргеп алуу кыйын деп түшүндүргөн.

“АНГЛИС ТИЛИН БИЛБЕЙТ...”

Ушул жылдын башында Blackpink Американы жана Европаны дүйнөлүк тур менен кыдырарын жар салды. Концерттик турнеге бет алган топтун кыздары бир нече америкалык телешоуго катышканга жетишип, алпаруучулардын суроолоруна жооп беришти. Кореялык телеберүүлөрдө тили тилине тийбей сүйлөгөн Жису бул ирет унчукпай отуруп бергенин топтун күйөрмандары байкап калышты. Күйөрмандардын бир тарабы “топто Жисудан өткөн сүйлөөк кыз жок болчу. Англис тилин билбегендиктен сүйлөбөй отурду” деп сынга алышты. Экинчи тарабы Жисуну колдоого алып “Жису, сен өмүр бою англисче сүйлөбөй койсоң да биз сени жакшы көрөбүз” дешти. Женни Жаңы Зеландияда, Розэ Австралияда чоңойгондуктан, Лалиса 3 тилде эркин сүйлөгөндүктөн англис тилинде оюн билдирүү маселе жараткан жок. Түштүк кореялык Жису тилдик барьерден жапа чегип калды.

“БИЙЛЕЙ АЛБАЙТ...”

Жису топтогу Лалиса менен Женниге салыштырмалуу ийкемдүү эмес. Муну анын дайыма арткы планда бийлеп жатканынан байкаса болот. Мындан улам “Жису жакшы бийлей албайт” деп сындалып келет. Анткен менен Жису кооз үндүн ээси. Бекеринен топтун негизги солисти эмес да. Анын жаздырылган үнү менен жандуу үнүнүн айырмасы жок. Бирок “ырлардын көпчүлүк бөлүгүн Женни менен Лалиса ырдайт, Жису менен Розэге адилетсиз мамиле кылынат” деп күйөрмандары капа болуп келишет.

ЖИГИТИ КИМ?

Таланттуу кыздын жеке жашоосу жети кулпу артында катылуу. Маалымат каражаттарынан ырчынын карьерасы, хоббиси, кызматташуусу тууралуу гана окуй аласың. Бирок айрым маалымат каражаттары “Жисунун бай үй-бүлөнүн уулу, Ким Намжун аттуу жигит менен мамилеси бар” деп жазып чыгышкан. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес. Ырчы жеке жашоосу тууралуу суроолорду кулак сыртында калтырат. Болгону “камкор жана көңүл буруп турган жигиттер жагат” деп жооп берип келет.

ЖИСУ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР:

  • Топтогу Женни анын жакын курбусу
  • Лалисага корей тилин үйрөнүүгө жардам берген
  • Кулагынын 9 жери көзөлгөн
  • Шопингге кызыкпайт
  • Бийиктиктен коркот
  • Бир нече корей дорамаларына тартылган

Урматтуу К-рор күйөрмандары, кайсы корей жылдызы жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы
super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
admin_portal
2019-11-25 12:04:18
eljana, гезиттин ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлерди тиешелүү дарекке жиберилиши керек.
0
Sabish
2019-11-25 23:53:00
Суроттору эмнеге толук корунбойт ушу бир четиэле корунот чоон кылып чыгарасынарбы не балээ, батпай калат
+1
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан