"АЙЫЛ БАНК" ААКсынан КРЕДИТТЕР: АР ТҮРДҮҮЛҮГҮ ЖАНА АЛГЫЛЫКТУУЛУГУ МЕНЕН АЙЫРМАЛАНАТ

Кыргызстандын рыногунда 23 жылдан ашуун убакыттан бери ийгиликтүү иштеп, калайык-калктын кеңири катмарынын колдоосуна ээ болуп келе жаткан “Айыл Банк” ААКсы республиканын бүтүндөй аймагы боюнча айыл чарбасынын бардык керектөөлөрү, орун алган муктаждыктары үчүн насыяларды сунуштаган анык лидер болуп саналат. Албетте, ушул убакыт аралыгында айыл чарба багыты үчүн гана эмес, калайык-калктын бардык суроо-талаптарын канааттандырган кредиттик шарттардын кеңири түрмөгү иштелип чыгып, элге сунушталууда.

Банктын шарттарынын катарын агрокредиттер, бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер сыяктуу эле ири ишканаларды, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө кредиттер жана керектөө насыялары толуктайт.

Көптөн бери көксөп келген олуттуу бир буюмду сатып алууга топтогон акча каражаты жетпей жаткан учурда дал ушул керектөө кредити жардамга келип, акчага болгон муктаждык көйгөйүн чечип берет. Кредиттин бул түрү дароо тариздетилиши жана кыска убакыт ичинде берилиши менен айырмаланат.

“Айыл Банкынан” керектөө кредитин унаа каражаттарын, эмеректерди, тиричилик техникасын сатып алуу же үйдү оңдотуп, жасалгалоо, үй-бүлөлүк кубанычтуу иш-чараларды өткөрүү, балдардын окуусуна төлөө же эмгек өргүүсүн алып, чет өлкөгө саякатка чыгуу сыяктуу ар кандай максаттарга алууга болот.

«ТИРИЧИЛИК НАСЫЯСЫ»

Кредит коммерциялык иш багытына байланыштуу болбогон иш багытына, атап айтканда, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүү, балдардын окуусуна төлөө, дарыланууга жумшоо жана эс алууга баруу сыяктуу максаттарга сунушталат.

Банк 3 жылга чейинки мөөнөткө 10 000 сомдон 2 500 000 сомго чейинки суммада кредиттерди жылдык 21 пайыздан 22 пайызга чейинки пайыздык чен боюнча берүүгө, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта жеңилдик мөөнөтүн да караштырууга даяр.

«ЭМГЕК АКЫ ДОЛБООРУ БОЮНЧА КЕРЕКТӨӨ КРЕДИТТЕРИ»

Кредиттин бул түрү да жогоруда белгиленгендей, үй-бүлөлүк маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө, балдардын окуусуна төлөөгө, дарыланууга жана эс алууга баруу жана башка күнүмдүк муктаждыктар үчүн берилет:

– 5 эмгек акыга, 100 000 сомго чейинки кредиттер күрөөсүз жана кепилдиксиз;

– 200 000 сомго чейинки насыялар – кыймылдуу мүлк күрөөсү алдында, ал эми топ түзүп алып насыя алгандарга эки жылга чейинки мөөнөткө 250 000 сомго чейинки өлчөмдө сунушталат.

Эгерде кредит кепилдиксиз бериле турган болсо жылдык 23 пайызга чейинки пайыздык чен боюнча, ал эми жубайынын макулдугусуз эле сунуштала турган болсо, жылдык 30 пайыз алдында берилет.

"ЭЛДИК"

«Элдик» аталышындагы кредиттин түрү күндө пайдаланылуучу товарларды (тиричилик/ кеңсе техникаларын, эмеректерди жана башка товарларды) өнөктөш катары иш алып барган дүкөндөр аркылуу сатып алууга өбөлгө түзөт.

Кредиттин минималдуу суммасы – 5000 сомдон 100 000 сомго чейин, 3 айдан 18 айга чейинки мөөнөткө сунушталат. Кредиттин бул түрү боюнча пайыздык чен жылдык 26 пайыздан 30 пайызга чейин, ал эми эмгек акы долбооруна тартылган кызматкерлер үчүн жылдык 24 пайыздык чен белгиленген.

Бул жерде 50 000 сомго чейинки суммадагы акча каражатын кепилдиксиз алууга боло тургандыгын баса белгилеп кетүү зарыл. Андан жогору суммадагы насыялар үчүн сатылып алынган мүлктүн өзү күрөөгө коюлууга тийиш.

Кредитти тариздетүү үчүн аларды чогултуу анчалык түйшүк алып келбеген документтер талап кылынат. Учурда ab.kg сайты аркылуу кредит алууга онлайн-билдирмени жөнөтүү мүмкүнчүлүгү да жөнгө салынган. Банк кызматкерлери кредиттөө шарттары, алардын мөөнөттөрү жана кредит алуу үчүн талап кылынган документтер тизмеги менен кеңири тааныштырып, кеп-кеңеш берүүгө дайым даяр. Кардар банктын талаптарына макул болгон шартта документтерин банкка тапшырат жана келип түшкөн билдирмелер бир күндөн үч күнгө чейинки аралыкта каралып, тиешелүү чечим кабыл алынат.

Кредит суммасын банктын терминалдары аркылуу жана банктын бардык бөлүмүнөн накталай түрдө төлөөгө болот.

Банктын калайык-калк үчүн эң эле ыңгайлуу жана алгылыктуу шарттар каралган кредиттери кошумча финансылык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу, эч кандай ашыкча түйшүксүз эле, ойлогон ой-максаттарын кыска мөөнөт аралыгында ишке ашырууга өбөлгө түзүп, жакындан жардам берип, колдоого алып келет.

http://www.ab.kg
0312680000
0770551100

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shef87
2019-11-27 12:22:16
Кымбат өтө пайыз
0
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан