СҮТ. ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Сүт жана сүт азыктарысыз адам жашоосун элестетүү мүмкүн эмес. Учурда иштетилген сүттүн түрлөрү көп. Бирок ошол эле учурда сүт иче албаган адамдар да бар. Андыктан сүт, сүттүн түрлөрү, пайдасы, зыяны тууралуу маалымат чогулттук.

ИШТЕТИЛГЕН СҮТТҮН ТҮРЛӨРҮ

Лактозасыз сүт

Кайра иштетүү менен курамындагы лактозадан (сүт канты) арылтылган сүт. Лактозаны сиңире албай турган адамдар үчүн чыгарылат.

1 килограмм сүттөгү лактозанын өлчөмү 0,1 граммдан ашпайт. Ал эми кальций, белок, майдын өлчөмү кадимки сүттөгүдөй болот.

Пастеризацияланган сүт

Сүттү 3 түрдүү ыкмада пастеризациядан өткөрүшөт.

Узакка пастеризациялоо – сүттү 63-65 градустагы ысыкта 30 мүнөт кармоо. Кыска убакытка пастеризациялоо – сүт 74-78 градустагы ысыкта 15-30 секунд кармалат. Моменталдык пастеризациялоо – 85-87 же 95-98 градустагы ысыкта 6-7 секунд кармалат.

Пастеризациялоодо сүттөгү микроорганизмдердин болжол менен 90 пайызы өлөт. Ыкма азыктын сакталуу мөөнөтүн узартат. Мындай сүт бардык адамдарга, өзгөчө жаш балдарга сунушталат. Эгер сизде сүт жакшы пастеризациялоодон өткөн жок деген күмөн болсо, кайнатып ичиңиз.

Гомогенизацияланган сүт

Гомогенизация – “бир түрдүү, бир өңчөй” деген маанини берет.

Мындай сүттүн майы майда бөлүкчөлөргө ажыратылып, сүткө текши бөлүштүрүлөт (сүттүн каймагы бетине топтолбойт). Айрым окумуштуулар мындай ыкмада ксантиноксидаз ферменти пайда болот, ичкен адамдарда атеросклероз, гипертония, артрит оорусун жаратат дешет. Башка окумуштуулар адамдын организми ксантиноксидаз ферментин өзү деле көп иштеп чыгарат, андыктан зыяны жок дешет.

Мындай сүттү жаш балдарга берүүгө болбойт.

Стерилизацияланган сүт

Бул жогорку басымда, 100 градустан жогорку ысык температурада 2-10 секунд кармалган сүт. Курамындагы микроорганизмдер, бактериялар өлөт. Пастеризацияланган сүткө караганда узакка сакталат. Сүт биологиялык баалуулугун жана даамын сактап калат. Бардык жаштагылар ичсе болот.

калыпка келтирилген сүт (восстановленное молоко)

Бул тазаланган ашкана суусуна кургак сүттү аралаштыруу менен алынат. Чындыгында сүт эмес, сүт суусундугу. Бул деле атайын иштетүүдөн өткөрүлөт. Жыйынтыгында сүттүн даамына окшоп калат. Аны балдарга берүүгө болбойт.

Нормалдаштырылган сүт

Бул талаптарга ылайык майлуулугу нормага келтирилген сүт. Сүт заводуна келген сүттүн майлуулугу адатта 3,6-3,7 пайыз. Бирок мындан төмөн же жогору болгон сүттү ичкиси келген кардарлар болот. Андыктан сүттү иштетүүдө майлуулугу көбүрөөк болушу үчүн сүттүн каймагы көбүрөөк кошулат (6 пайыз майлуулукка чейин) же майлуулугу азайтылат (1,5 пайызга чейин). Жаш балдарга майлуулугу 3,6-3,7 пайыздан ашкан сүттү берүү сунушталбайт.

Табына жеткирилген сүт (топлёное молоко)

Сүттү пастеризациядан өткөргөн соң, аны оозу жабылган идиште 85-99 градус ысык температурада 3 сааттан аз эмес убакытка кармашат. Сүттүн каймагы бетине топтолуп калбашы үчүн аралаштырылып турат. Аралаштыруу менен 40 градуска чейин муздатышат. Сүт коюу тартып калат.

Табына жеткирилген сүт коюу болгондуктан анын 1 килограммында май 6 пайыз (башка сүттөрдө 2,5-3,5), кальций 124 грамм (башка сүттөрдө 115 грамм), темир 0,1 грамм (башка сүттөрдө 0,06 грамм), А витамини 0,04 грамм (башка сүттөрдө 0,025 грамм) болот. Бирок пастеризацияланган сүттө C витамини 4 эсе, B витамини 2 эсе көп болот.

Табына жеткирилген сүттү кичине балдарга берсе организмине күч келтирет. Анемия, остеопороз менен ооруган чоңдор ичсе жакшы.

“40 ЖАШТАН ТАРТЫП СҮТТҮ АЗ ИЧҮҮ КЕРЕК”

“Орто курактан тартып сүттү эмнеге ичүүгө болбойт? Сүттү кимдер сиңире албайт?” деген суроо менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, терапевт Болот Турусбековго кайрылдык.

– Сүттүн курамында белок, май, кант, лактоза, кальций, магний, калий, натрий, фосфор, витаминдерден – A, B1, B2, B12, D жана башкалар бар. Баары адам организмине керектүү заттар. Мисалы, кальций, магний, фосфор сөөк жана тиштердин негизги курамын түзөт. Эң башкысы – кальций. Магний жана калий жүрөктүн иштешине, ал эми фосфор мээнин ткандары үчүн зарыл.

Бирок уйдун сүтү айрым кичинекей балдарда аллергияны жаратат. Кичинелер жана чоңдор арасында да сүттүн курамындагы лактозаны сиңире албагандар көп. Себеби алардын 12 эли ичегисинде лактозаны сиңирүүгө таасир этүүчү лактаза ферменти (лактозаны глюкоза жана галактозага ажыратат) тубаса жок же өтө аз болот. Фермент ашказан-ичеги ооруларынан кийин да азайышы мүмкүн. Лактозанын сиңбөөсүнүн чоңдордогу жана кичине балдардагы белгилери кандай болот? Сүт сиңбей ичегиде тура бергендиктен андагы микроорганизмдер көбөйүп ич көбөт, ич өтөт. Кичине балдардын заңы көбүктөнүп, ачкыл-кычкыл жыттанат, тынчсызданып, ыйлайт. Чанда бирөөлөрдүн гана ичи өтпөшү мүмкүн. Эгер ушул белгилер билинсе педиатрга текшертүү кажет. Чоңдор да текшерүүдөн өтүп, лактозасыз сүттү алуулары керек.

Адамдын жашы өткөн сайын организминде лактаза ферментинин иштелип чыгышы азая берет. Андыктан 40 жаштан тартып сүттү аз ичүү сунушталат. Анын ордуна быштак, айран, сыр, йогуртту чени менен ичип-жесе жакшы (өзгөчө аялдар климакстан кийин). Себеби аталган азыктар иштетүүдөн өткөндүктөн курамы кайсы бир деңгээлде өзгөрөт.

Майсыздандырылган сүт жана сүт азыктарында кальций жок же өтө аз өлчөмдө болот. Муну ашыкча салмактагылар, кант диабети, жогорку кан басым, атеросклероз оорусу барлар колдонушу керек. Организми өсүп жаткан жаш балдарга мындай сүт сунушталбайт.

Сасык тумоологондо, өпкө ооруларында, өзгөчө какырык коштолгон бронхитте, гайморитте сүт ичпөө сунушталат. Анткени организмде былжырлар, тактап айтканда, чимкирик, какырык көбөйүп кетет.

УЙДУН СҮТҮ ЭМЧЕК РАГЫН ЖАРАТАБЫ?

Айрымдар айтып жүргөндөй “Лейкоз менен ооруган уйдун сүтү эмчектин рагын жаратабы?” деген суроо менен медицина илимдеринин кандидаты, маммолог Сергей Буюкляновго кайрылдык.

– Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын орун басары Николай Власовдун "лейкоз оорусу (дартты вирус козгойт) менен ооруган уйлардын сүтү аялдарда эмчектин рагын жаратуусу мүмкүн" деп айтып чыкканы бар. Орусиянын сүт тармагындагы ишканаларынын союзунун директору Людмила Маницкая да ушул сыяктуу маанидеги билдирүү менен чыккан. Бирок лейкоздуу сүт ракты жаратары тууралуу илимий так аныктама жок. Анын үстүнө Евразиялык экономикалык союз 2016-жылдын 1-январынан тартып лейкоз менен ооруган уйдун сүтүн иштетүүгө, сатууга тыюу салган. Жаныбарлардын саламаттыгын коргоо боюнча дүйнөлүк уюмдун маалыматына караганда, Кыргызстанда уйлардын лейкоз оорусу 2008-жылы биротоло жоюлган.
 

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 890, 21-21-ноябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан