СОЛТТУН ИЙГИЛИГИ – АНЖЕЛИНА ЖОЛИ

Тасма таржымалы

Эгерде экстрим сүйүүчү же детективдик окуяларга кызыксаңыз, бул фильм сиз үчүн. Батыш боевиктерине тиешелүү укмуштуу трюктар, мушташуу, атышууга толгон сюжеттик линия бүткөнчө бир гана ойду ойлоп отурарыңызга ишенип коюңуз. Ал “Жолиден башка адам бул ролду жарата алат беле?” деген суроо.

Тарткан өлкө – АКШ
Жанры – Триллер
Режиссёру – Филипп Нойс
Сценарийди жазгандар – Курт Уиммер, Брайан Хелгеленд
Оператору – Роберт Элсвит
Башкы ролдордо – Анжелина Жоли, Лив Шрайбер, Чиветел Эжиофор

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Мыкты тыңчы Эвелин Солттун өзгөчөлүгү – коркунучка көз ирмебей тиктегенинде жана кооптуу жашоосуна карабай үй-бүлө күткөнүндө. Күтүлбөгөн жерден пайда болгон Олег Орлов Эвелин советтик тыңчы, аты-жөнү Ченкова экенин айтат. ЦРУнун тыңчыларын алдоо мүмкүн эмес эле. Ошондуктан Эвелин качканга аргасыз болот. Ал чындыгында эле советтик тыңчы болчу.
Көп жыл мурун Ченкова Орловдун колуна түшкөн. Бул коркунучтуу адамдын максаты – наристелерден чыныгы баш кесерлерди, профессионал тыңчыларды таптап, Американы жок кылуу үчүн колдонуу. Анын лагерине туш келген балдар көп жылдык машыгуудан кийин тирүү робот болуп чыгышчу. Ченкова анын эң мыкты шакирти эле. Тапшырманы аткарып, орус президентинин жүрөгүн уу менен убактылуу токтототуп койгон Эвелин Олег Орловго келип, кийинки тапшырманы күтөт. Кийинки тапшырма өзөктүк согушту ачып, Американын президентин өлтүрүү болчу. Орлов Эвелин алаксыбасын деп, анын көз алдында күйөөсүн атып салат. Көз ирмемде жырткычка айланып кеткен Эвелин Орловду эле өлтүрбөстөн, бүт лагерди жок кылат. Эми ал Советтер Союзуна кызмат кылбоону чечет. Бардык күчүн өзөктүк согушту токтотконго, Американын президентин сактап калууну, деги эле жашоосун адамдарга жакшылык кылганга жумшоону максат кылат. Максатына жеткен Эвелин камакка түшөт.
Эми Эвелинге ишенген бир гана адам калган. Ал – ЦРУнун тыңчысы, өзүнүн кесиптеши. Ал “алар мендеги бардык жакшы нерсени кыйратышты. Мен өч алышым керек!” деп жаалданган Эвелинди коё бериши керек экенин түшүнүп, учактан секирип кеткенге шарт түзүп берет.

ЭДВИНДИН ОРДУНА ЭВЕЛИН
Мындан бир нече жыл мурун Жоли “Columbia Pictures” студиясынын жетекчиси Эми Паскаль менен сүйлөшүп калып, анын бондиана сыяктуу фильм тарткысы келип жатканын угат. Ошондо тамашалап “юбкачан Жеймс Бондду аткарсам дегенде эки көзүм төрт” деп элди күлдүргөн. Сценарий боюнча башкы ролдо эркек болушу керек эле. Фильм “Эдвин Солт” деп аталып, башкы ролго Том Круз тандалган. Бирок бул роль Том Круздун атагын чыгарган “Аткарылбас тапшырма” (“Миссия не выполнима”) тасмасындагы ролго окшош болгондуктан, актёр бул тасмадан баш тарткан. Ошентип, тасма аянтында Анжелина Жоли пайда болуп, баш каарман Эвелин Солт болуп өзгөрөт.

КАЙДА ТАРТЫЛГАН?
Фильм алгач Вашингтондо, анан Нью-Йорк шаарында тартылган. Эвелин качып бара жаткан эпизод Ак үйдөн бир квартал ары жакта болгон.
Фильмдеги эң маанилүү эпизод – Орусиянын президентине кол салына турган учур. Бул “Ыйык Бартоломео” чиркөөсүндө тартылган. Бул үчүн 700 адамга атайын костюм тигилген. Ал эми өзөктүк бомбаны коё бере турган эпизод АКШнын президентинин оперативдик штабында тартылган. Бул имарат Франклин Рузвельт учурунда салынган.

АКТРИСА ЭМЕС, АКРОБАТ
Көпүрөдөн жүк ташуучу машинага, андан кайра жеңил машинага секирген трюктарды күнүгө эле көрө бербейт эмеспизби. Анын дээрлик көпчүлүгүн актриса дублёрсуз аткарган десек, андан да катуу таң каласыз. Режиссёр Нойс: “Энжи дублёр менен тартылганды жаман көрөт. Бирок биз анын өмүрүнөн кооптонгондуктан, ал эс алып жаткан маалында өтө коркунучтуу учурларды дублёр менен тарттык. Бирок жүк ташуучу машинадагы жана бийик имаратта илинип турган Анжелина Жоли экенине ишене бериңиздер”,- деген. Мыкты каскадёр Саймон Крейн менен Жолинин дублёру Юнис Хатарт актрисага жакшы жардам беришкен.

ОРУСТАР ЧЫЧАЛАП, АМЕРИКАЛЫКТАР СЫЙМЫКТАНЫП...
Орус кино сынчылары тасманы катуу сындашкан. “Бул триллер эмес, мистикалык тасма, реалдуу эч нерсе жок. Орус улуту мындай таш боорлукка барбайт. Эгерде Анжелина Жоли болбогондо, тасма дүйнөлүк прокатта ийгиликке жетмек эмес. “Солттун” ийгилиги – Жоли” деген пикирлерин билдиришкен. Ошого карабастан, аталган тасманын бет ачары Москва шаарында болуп, кызыл килемден Анжелина Жоли басып өттү.
Кантсе да “Columbia Pictures” студиясы тартуулаган “Солт” тасмасы бир нече апта бою дүйнөлүк кассада башкы тизмеде туруп, Орусияда бир аптада 5,1 миллион доллар топтоду.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
milli
2010-08-20 19:46:53
Bul tasmany korgon adam armanda kalbayt, abdan sonun tartylgan...
0
gulkyz
2010-08-20 23:09:43
Ах какая женщина Энжи!когда она приехала в москву на премьеру этого фильма ,я ее в живую увидела,просто супер!она в живую еще красивее и соблазнительнее!я люблю тебя Энжи!
0
laleshka
2010-08-22 17:57:56
Hmm da ,tasma jakshi tartilgan :) Anjelina Joli bolso ech kimdi kaydiger kaltirbayt!!!
0
TolonturCN
2010-08-26 19:03:47
Биз көрбөгөн тасма экен.
0
meerime
2010-08-30 18:20:14
aiabai jakshy tartylyptyr azamat Enji!!!
0
Luckyman
2010-09-21 02:47:11
ооба фильм чынында аябай кызык тартылган!))особенно менин суйгон жанрымда!а Анджелина моя самая любимая актриса!
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан