Дени сак, төшөк оюнунда кышта кирген буурадай эркектин бир күндө эле тукумсуз болуп табылышы ишене турган көрүнүш эмес. Антсе да мындай окуялар көп кездешет. Себеби, кептин баары эркектин сексуалдуулугунда эмес, уруктугунун саны менен сапатында. Эркек балакатка жеткенден тартып анын организминде ар секунд сайын миңден ашык сперматозоиддер иштелип чыгып турат. Мунун баары сперматозоиддердин эң күлүгү аялдын жумурткасына биринчилерден болуп жетип, аны уруктандыруу үчүн жасалган аракет. Антсе да оору түрлөрү, жагымсыз факторлор бул процессти бүлгүнгө учуратат. Натыйжада, эркектин тукумсуздугу жаралат.
Тукумсуздуктун себептери
Тукумсуздук баштапкы жана кийин пайда болгон тукумсуздук болуп эки түргө бөлүнөт.
Баштапкы – жыныс органдарынын өсүүсүндөгү аномалиялар. Мисалы, жумурткадагы сперматозоид чыгаруучу клеткалардын өөрчүбөй калышы.
Кийин пайда болгон тукумсуздук. Буга төмөнкүлөр себеп болот:
Варикоцеле – жумуртка жана урук калтасындагы урук каналынын венасынын кеңейип кетиши. Вена кеңейгенде жумурткадагы температура көтөрүлүп, сперматозоиддерди зыянга учуратат.
Крипторхизм – эркектин урук безинин урук калтасында болбой калышы. Мындай учурда урук бези урук каналында же ич көңдөйдө жайгашып калат да, дененин жылуулугунун айынан спермалар зыян тартат. Ал эми урук калтасынын температурасы дененин температурасынан төмөнүрөөк болуп, уруктун зыянга учуроосунан сактап турат.
Жыныстык жактан жугуучу жугуштуу оорулар. Орчундуулары: гонорея, сифилис, хламидиоз, трихомониоз оорулары.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).