10 АЙДА 5 МИҢ ФАКТЫ: ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК КЫРГЫЗДЫН НЕГИЗГИ КӨЙГӨЙҮ БОЙДОН КАЛУУДА

25-ноябрь күнү дүйнөдө, анын ичинде Кыргыз өлкөсүндө аялдарга каршы зордук-зомбулукка каршы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы старт алды. Бул өнөктүктүн максаты – өкмөттүк мекемелерди, зомбулукка кабылгандарды, активисттерди бир тилектештиктин алкагында бириктирип, ар түрдүү иш-чараларды уюштуруу. 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин кабыл алган.

Аталган иш-чаранын 25-ноябрда башталышынын себеби бар. Анткени дал ушул күнү Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнү белгиленет. Акция 10-декабрда – Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргыз жеринде үй-бүлөлүк зомбулук негизги көйгөй бойдон калууда. 2019-жылдын 10 айында өлкөдө 5185 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көрсөтүү учуру катталса, анын ичинде денеге залал келтирүү фактысы – 3647, психологиялык зомбулук – 1362, жыныстык зомбулук – 7ни түзөт.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 891, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан