ЖӨТӨЛДӨН УЛАМ 10 КАБЫРГАСЫ СЫНГАН

Кытайдын Чжэцзян провинциясынын жашоочусу ооруканага 10 кабыргасынын сыныгы менен кайрылган. Маалыматты чет элдик басылмалар жазды.

20 жаштагы кыз түнү менен жөтөлүп чыгып, эртеси ооруканага барган. Ага дарыгерлер астма диагнозун коюшкан. Бир нече күндөн кийин кыздын көкүрөгү чыдатпай ооруп, кайрадан ооруканага кайрылган. Дарыгерлер кыздын 10 кабыргасы жөтөлгөндө күч келип сынып кеткенин айтышкан. Бейтапты текшергенде анын канында кальций, фосфор D витамини кескин төмөндөп кеткени байкалган. Белгилүү болгондой, бейтап аппак терилүү болгусу келип, көчөгө чыкпай, күндөн коргонуп келген. Күн нуру жетишпегендиктен, сөөктөрү борпоң, сынма болуп калганы аныкталган.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AykaMer
2019-12-02 09:26:33
Кудай сактай көр
+4
№ 891, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан