Иттин шилекейиндеги оору козгоочу бактериялар 63 жаштагы кожоюнунун өлүмүнө алып келди. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жарыялашты.
Германиянын Бремен шаарындагы ооруканалардын бирине бейтап сасык тумоо оорусунун симптомдору менен кайрылган. Дарыгерлер анын коркунучтуу бактерия жугузуп алганын аныкташкан. Кийин белгилүү болгондой, бейтаптын ити кожоюнунун колун жалаганда колундагы жарааттан бактерия кирип кеткен. 4 күндүн ичинде бейтаптын абалы начарлап, бетине бүдүр чыгып кеткен. Буттары канталап, ички органдары иштөөсүн токтоткон. Буга гангрена кошумча болуп, мээси шишип кеткен. 16 күндөн кийин бейтап каза болгон.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg