МЕКТЕПКЕ КИРҮҮ ЖОЖго ТАПШЫРГАНГА БАРАБАРБЫ?

Мезгил үнү

Биринчи жолу 1-класска... Ар бир адамдын эсинде жакшы күндүн бири болуп калуучу маанилүү майрам. Учурда 1-сентябрь окуучунун эсинде жакшы болуп калаттыр, бирок ата-эненин көзү менен алганда, жакшы деп айтуу кыйын. Муну айтканыбыздын себеби, учурда баланы мектепке киргизүү ЖОЖго тапшыруу менен барабар болуп калган көрүнөт. Бул сөзүбүздү төмөндөгү сандар менен мисалдар тастыктаары бышык.

БИШКЕКТЕ КАНЧА МЕКТЕП БАР?
Бишкекте баш-аягы 93 мектеп бар. Алардын 20сы гимназия болсо, жетөө лицей, калганы жөнөкөй мектептер. Мындан тышкары Билим берүү министрлигинин көзөмөлүндөгү менчик лицей-мектептер да бар.

АЙЫЛДА МЕКТЕПКЕ КИРҮҮ ОҢОЙ
Самат кызы Жылдызхан бый-ыл Талас облусуна караштуу Миң-Булак айылындагы Чалдыбар мектеп-гимназиясына 1-класска барганы жатат. Тун кызын мектепке берген Самат мырзага "кызыңызды канча сом менен мектепке киргиздиңиз?" деген суроо узатсак, “Жылдызханды мектепке киргизүү үчүн эч кандай акча берген жокпуз. Эмнеге бермек элек?! Учурда мектептен бекер эле даярдоо сабагын өтүп жатат. Ал эми акчаны анын окуу куралдарына жана кийим-кечегине сарптадык” дейт.
Жакшы. Бул мисал менен айыл жергесинде мектепке кирүү взносу деген жок деп билели. Ал эми Бишкек шаарында мектепке кирүү бир топ кыйынчылык жаратат. Буга каарманыбыз Асылдын жагдайы мисал боло алат.

МУГАЛИМДИ ДА, КЛАССТЫ ДА ТАНДАП САТЫП АЛАТ ЭКЕНСИҢ, ТОБО!
Асыл (каармандын каалоосу менен аты өзгөртүлдү) болочокто журналист болууну каалап, учурда 3-курста окуп жатат. Ал: “Агам менен жеңем бул көрүнүшкө көз жумуп койсо да, журналист болом деген жүрөгүмдүн талабы мындай көрүнүшкө кайдигер каратпады”,- деп сөзүн баштады:
– Агам менен жеңем жакшы мектеп деп Бишкек шаарындагы №29-гимназияны тандашып, кызын 1-класска беришти. Кызы бир жыл бою ошол эле мектептин даярдоо курсунда окуду. Курс үчүн бир топ акча коротушкан. Анан ал жерден курс өткөнүнө карабай, кирүү үчүн "шапкасы" деп 150 доллар беришти. Бул – мектепке кабыл алуу үчүн гана берилген акча. Андан соң мугалимди тандагыла дептир. Бул гимназиянын башталгыч мугалимдери бөлүнөт экен. Ар биринин "ставкасы" ар башка. Жакшы сабак берет деп эсептелген мугалиминин "ставкасы", албетте, жогору турат экен. Анан да “А”, “Б”, “В” класстары болот го, аларга кирүү үчүн да ар түрдүү суммадагы акча бересиң. “А” классы VIP деп саналат экен. Ал эми VIP деп саналгандын баасын өзүңөр деле билесиңер да. Кыскасы, мугалимди да, мектепти да, кирүүчү классты да сатып алат экенсиң, тобо! Кызыгы, ата-эне акча берген соң "буларды эч кимге жарыялабайбыз" деген маанини камтыган келишимге кол коюшат экен. Мен аларга "бул мыйзамсыз, коркпой эле айткыла" десем, "жок, биз айтпайбыз, айтсак келишимди бузган болобуз. Акча “не жалко”, балабыз татыктуу, жакшы билим алышы үчүн баарына даярбыз" дешет.

КАЧАНКЫГА ЧЕЙИН КОРКУШУБУЗ КЕРЕК?
Асылдын агасы менен жеңесине окшогон ата-энени бүгүнкү күндө көп эле жолуктурууга болот. Бирок ачык-айкын айтып, "Чолпонбай" болууга алардын бири да даяр эместиги турган иш. Баласынын эртеңки күнүн ойлогон ата-энени туура түшүнсө да болчудай. Бирок ушул ыргак менен кете берсек, кайда барабыз?! Алынып жаткан акчанын баары баланын билим алуусуна кетип жатабы же башка жаккабы? Ушул суроону да терең ойлонуп койсок болчудай.
Мындай кырдаалды угуп гана тим болбостон, иш жүзүндө текшерип көрүү максатында Бишкек шаарындагы кээ бир мектеп, гимназия, лицейлерге кичинекей каарманыбыз Алтынайды ээрчитип алып баш бактык. Журналист катары эмес, баланы мектепке берүүчү катары ким менен эмне деп сүйлөшкөнүбүздүн баары диктофонго жазылды.

БАРДЫК ЖЕРДЕ ОРУН ЖОК!
Алтынай 6 жашта. Анын ата-энеси Бишкектеги өз аймагына тиешелүү мектепке беришиптир. Атасы:
– Кызыбызды жөнөкөй мектепке киргизүү көп кыйынчылык туудурган жок, оңой эле киргиздик. Алгач кызыбызды гимназияга берүү тууралуу ойлонгонбуз. Бирок ал жакка кирүү өтө кыйын жана акчасы кымбат экенин угуп, аракет кылган жокпуз. Ушул мектептен деле билимди өздөштүрүп окуп кетерине көзүбүз жетет. Анткени ал аябай жөндөмдүү, акылдуу,- дейт.
Баарыңыздарга маалым болгондой, гимназия, лицейлерге окуучулардын бардыгы алына бербейт. Бүгүн биз “Гимназияга кирүү чынында эле оорбу?” деген суроого жооп алуу максатында Алтынайды ээрчитип, шаардагы бир нече мектептерди кыдырдык. Быссымылда деп №12-гимназияга барып, мектеп директоруна киргенибизде "бир жыл мурун келишиңер керек эле, орун жок" деп сөзүбүздү аягына чейин укпай узатып койду. Мындан башка да мектептерге кайрылганыбызда ушул сыяктуу эле "жок" деген жоопту угуп жаттык. Барган жерибизде “1-класска орун жок” деген маанини камтыган жазууларды көзүбүз чалды.

ГИМНАЗИЯГА КИРҮҮ 1000 ДОЛЛАРБЫ?
“Төлөм акысы кымбат, бирок сапаттуу билим берет” деп саналган Интеллектуалдык өнүгүү институту деп аталган мектеп-лицейге жол тарттык. Бул мектеп-лицейдин директоруна жолугуп, “сиңдимди мектепке киргизейин дедим эле” десем, “ата-энеси кайда? Алар менен сүйлөшөбүз” деди. “Алар Орусияда, бул биздин колубузда. Каражат жактан кам санабаңыз, алар баласын камсыз кылууга даяр” деп айтсам, ошондо гана директор менен мугалим Алтынайдын өзү менен сүйлөшө башташты. Алардын “Алтынай, сен санай аласыңбы? Окуй аласың да, ээ?” деген суроолоруна кичинекей каарманыбыз башын ийкеп койду. Анан колуна китеп карматып, муун менен окутуп киришти. Кызык, 1-класска тамга таанып кириши шарт болсо, андан кийин эмнени окутушат? “Сыягы, дароо эле 2-класстын программасына өтүшөт го...” деген ой менен суроо узаттым.
– Азыркы талап ушундайбы? 1-класска тамгаларды толук билип, муундап окуй алган баланы аласыңарбы?
– Ооба, силер аябай кечигип келди­ңер. Эки апта аралыгында балаңарга эмнени үйрөтүп жетишерибизди билбей турам. Бир жыл мурун мектепке чейин даярдык курсунан өтүшүңөр керек эле. Эми да кеч эмес. Бизде саатына 200 сомдук даярдоо курсу бар. Күнүнө 3 сааттан даярданса, бир аз болсо да үйрөнүп калат. Ошондо 1-класска алабыз. Кызыңарды байкап көрдүк, аракети жакшы. Кабыл алуусу жакшы экен, классташтарын кууп жетип алат го.
– Угушубузга караганда, мектепке кирүү взносу деген болот экен. Ушул нерсе силерде канча? Андан кийин дагы канча төлөйбүз?
– Биз башында ата-эне менен келишим түзөбүз. Келишим боюнча, окуу акысы үчүн бир жылга 1300 доллар төлөнөт. Кирип жатканда анын 50 пайызын төлөйсүңөр. Мындан тышкары кирүү взносу бар. Ал бизде 100 доллар. Бул акча канцелярдык буюмдарга жана башкага сарпталат. Эгер киребиз деп чечсеңер, анда биз балаңарды окута турган мугалим менен сүйлөшөлү. Ага алдын ала эки апталык даярдоо сабагы үчүн 6000 сом беришиңер керек. Балаңар артта калды. Сентябрдан кийин кошумча сабакка да барышы керек. Ал, албетте, бекер эмес.
Бааларын укканда бир аз ойлонуп отуруп калсак, мугалим менен директор кепти улай:
– Бизде башкалардай эмес. Бир класста 30, 40 эмес, 10 эле бала окуйт. Шарттары талапка туура келет. Акчаңарды коротконго ичиңер ачышпайт деп ойлойм. Мисалы, азыр менчик эмес, мамлекеттик эле гимназияларга киргизүүнүн акысы бир топ. Билишимче, №67-гимназия 40 миң сом, №12-гимназия 38 миң, ал эми эң мыкты деп саналган №13-гимназия 1000 доллар алат деп уктук.
Ата-эне баласы үчүн эмнени гана жасабайт? Асмандагы айды да алып берүүгө даяр. Бирок кээде ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп калат. Бизге сунуштаган сумма өтө эле кымбат болду. Орто жашаган үй-бүлөгө 2000 долларга жакын акча оңой эмес да.
Биз өз суроолорубузга жооп алган соң “ойлонуп, кыздын ата-энеси менен кеңешип, анан силер менен байланышабыз” деп коштошуп чыга бердик.

“ГИМНАЗИЯГА КИРҮҮ ҮЧҮН ТАМГА ТААНУУ КЕРЕК”
“Гимназиянын 1-классына баруучу бала көп нерсени билиши шарт” деген талапты угуп, балдарды мектепке даярдоо курстарын издештирдик. Байланышканда көпчүлүгүнөн “азыр топко кошуп даярдоого кеч болуп калды. Жеке өзүн даярдай алабыз, бирок анын акчасы да кымбат. Гимназияларга балаңарды өткөрө албайсыңар. Ал үчүн бир жыл мурун камынышыңар керек эле” деген сыяктуу жоопторду алдык. Алардын арасынан Татьяна аттуу айым телефон аркылуу: “Билбейм, балаңар вундеркинд болуп эле баарын өздөштүрүп кетпесе, гимназияга киргизе албайсыңар. Албетте, сүйлөшсө болот. Бирок ал үчүн жакшы тааныш, чоң суммадагы акча болуш керек”,- деди. Биз: “Баланын жөндөмүнө карап, эки аптада тиешелүүсүн үйрөтүңүз. Ал эми гимназияны өзүбүз сүйлөшөбүз”,- деп Татьяна айымдан сурансак: “Балаңарды алып келгиле, сүйлөшүп көрөйүн. Анан эки аптада бир нерсе үйрөтө аламбы, жокпу, жообун айтам”,- деп жооп берди.
Аны угарыбыз менен Алтынайды ээрчитип Татьяна айым айткан дарекке бардык. Ал 1 бөлмөлүү батирди сабак өтүүчү жайга айлантып алыптыр. Саламдашып, таанышкан соң: “Кызыңардан тест алып көрөйүн (тест алуунун баасы 150 сом экен). Гимназияга киргизүү үчүн баладан эмнелерди талап кыларын жакшы билем. Андыктан алардын эң жеңили деп саналган суроолорду берем”,- деди.
1 саат ичинде Татьяна айым Алтынайдан көп нерсени сураганга жетишти. Тамгаларды сурады, жомок окутту, өз ысымын жаздырды, 1ден 10го чейин санатып, кошуу-кемитүү тапшырмаларын берип, дептерге жаздырып да жатты.
Бул тапшырмалар 1-класска бара турган бала үчүн эң жеңил деп эсептелсе, анда башкасын билбейм. Мисалы, биз мектепке кирип, анан тамганы, санды кошуп-кемитүүнү үйрөнгөнбүз. Бул көрүнүштү өнүгүү деп түшүнүү керекпи, билбей турабыз. Эгер ата-эне тамганы, жазууну үйрөтүп келиши шарт болсо, анда 1-классты жоюп, дароо эле 2-класска окутуу керектир?..
Аягында окутуучу айым: “Азыр кайсы гана мектеп-гимназияга сүйлөшүп киргизбегиле, алар өздөрүнүн даярдоо курсуна жазылууну талап кылышат. Анда мени жалдоонун кереги болбойт. Эгер жакшы мектепке беребиз десеңер, шашылгыла. Азыр орун табуу да оор. Жакшылап сүйлөшсөңөр, киргизе аласыңар. Балаңардын жөндөмү мыкты экен, бирок орус мектепке кирсе кыйналчудай. Жөндөмдүү экен, үйрөнүп, өздөштүрүп кетет”,- деп бизди узатты.
Кичинекей каарманыбыз чарчады көрүнөт. Мындан кийин аны актриса кылып кыйнабай эле коёлу дедик. Мыкты делинген мектептерге кирүүнүн башкы талабы эмне экенин түшүнгөн соң Алтынайды ата-энесине алып барып тапшырып, ишибизди уланттык.

“МЕКТЕПКЕ КИРҮҮ ҮЧҮН АКЧА ТӨЛӨНБӨЙТ”
“Бала 1-класска чейин сөзсүз тамга таанып, сандарды өздөштүрүп калуусу керекпи? “Кирүү взносу” деген түшүнүк бар экен, муну төлөө боюнча мыйзам барбы?” деген сыяктуу суроолор менен Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнагүл Ниязовага кайрылып, төмөндөгү жоопторду алдык.
– Эгер ата-эне баласын жөнөкөй мектепке киргизип жатса, тамга таанып, санды кошуп-кемитүүнү билүү шарт эмес. Ал эми гимназияга берип жаткан болсо, анын өзүнүн талабы, программасы бар. Учурда балдарга тамгаларды балдар бакчасынан эле үйрөтүп жатышат. Министрликтин талабына ылайык, ар бир мектеп 1-класска кирүүчү окуучуларга 100 сааттык бекер даярдык курсун өтүшү керек. Мына ошондо деле бала мектепке чейин көп нерсени үйрөнөт.
Ал эми каражат жагын айта турган болсок, ата-эне баласын мектепке киргизүү үчүн акча төлөбөшү керек. Эгер бала каттоо боюнча ошол аймакка караса, мектеп аны алууга тийиш. Ал эми взнос дегенди мектепке жардам берүү максатында ата-эне өз каалоосу менен берген болсо, анда ага сөз жок. Эгер мектеп жетекчилиги тарабынан мажбурлап жатса, бул – мыйзам бузуу.
Учурда баласын жакшы мектепке бергиси келген ата-энелер баарына даяр. “Канча кааласаңыз, ошончо берейин” деп мектеп директорлоруна акча сунуштагандар да болуп жатат. Ал эми акчага азгырылып алып жаткандар да арабызда жок эмес. Эгер кайсы бир мектептин директорунун үстүнөн ошондой маанидеги арыз менен кайрылса, биз чара колдонобуз. Мисалы, бул жылы пара алуу иши менен бир мектептин директору кармалып, жумуштан бошотулду.

“ПАРАКОРЛУКТУН КҮЧӨГӨНҮ ӨКҮНДҮРӨТ”
2008-жылдан бери “Менин баламды мектепке алгыла” деген акцияны “Балдардын укугун коргоочуларынын лигасы” фонду уюштуруп, дал ушул мектепке киргизүү маселесинен кыйналган ата-энелерге жардам берип келет. Фонддун директору, укук коргоочу Назгүл Турдубекова бул тууралуу:
– Баланы мектепке киргизүү маселеси жылда жаңырып, жыл сайын козголуп турат. Көп учурда бул маселе ата-эне өз укугун билбегенден пайда болот. Алар өз талабын тиешелүү түрдө талаша алышпайт. Анан мектепке киргизүү үчүн акча беришет. Тилекке каршы, мектеп арасында паракорлук бар экени өкүндүрөт.
Учурда 1-класска кирүүгө караганда университетке өтүү жеңил болсо керек. “Баламды жакшы мектепке берет элем” деп 500-1000 доллар берип жаткан ата-энелерге көп жолуктум. Мындай маселелерге көбүнчө жаңы конуштарда жашаган ата-энелер кабылышат. Ал жактагы мектептерде билим берүүнүн сапаты борбордогуга салыштырмалуу начар. Мектептерди жакшы-жаман деп бөлбөй, ар бир мектептин деңгээлин бирдей кылууга, билим сапатын жогорулатууга бүт аракет жумшалса дейм.

Билим гана адамды эркин жана бийик кылат. Ооба, бул турган кеп. Бирок жашынан ошол бийиктикке, эркиндикке умтулгандар жогорудагыдай көрүнүшкө такалып жатканы өкүнүчтүү. Мектептерди ар кандай категорияга бөлүүнүн ордуна баарын, балдардын деңгээлин бөлүп-жарбай бирдей кылсак кандай болор эле?
“Мыкты мектепти эмес, мыкты биринчи мугалимди тандаш керек” деген да жакшы бир кепти кулагыбыз чалды. Туура, билим балага сиңип, түптөлүшүнө мугалимдин тиешеси зор. Андыктан жакшы мектепти мыкты кылган мугалимдер көбөйсө, мүмкүн, бул маселе өзүнөн-өзү жокко чыгат.


"АКЧА АЛЫШАТ" ДЕГЕН АДАМ ДАЛИЛДЕП БЕРСИН!"
“Бишкектеги №13-гимназияга кирүү үчүн 1000 доллар керек” деген маалыматка ээ болгон соң мунун чын-төгүнүн билүү үчүн аталган мектептин директоруна кайрылганбыз.

Алиева Гүлайым, №13-мектеп- гимназиясынын директору:
– Биздин гимназия Кыргызстандагы эң жакшы дегендердин бири. Ошондуктанбы, бул гимназияга окуйм дегендердин саны арбын. Ар бир эле каалоочуну ала бергендей, биздин мектеп чоюлган резина эмес да. Мисалы, бир класска 36-38 окуучуну алабыз. Быйылкы жылы 1-класска 120 окуучуну кабыл алдык. Кабыл алынган окуучулардын көбү ушул районго катталгандар. Эгер орун артып калса гана (!) башка аймактан келген балдарды сынак өткөрүп алабыз. Ал эми баласын биздин гимназияга киргизе албай калышкан ата-энелер же биздин мыкты иштеп жатканыбызды көрө албагандар ушундай ушактарды таратышы мүмкүн. "Кирүү үчүн 1000 доллар алышат экен" деген адам менин бетиме келип айтып, далилдеп берсин (акча берген ата-эне баласынын келечегин ойлоп, "мынча акча бергем" деп айтууга дити барбаса керек. Пара алып жаткан жерден кармоо операциясын уюштуруу да оңой эмес (авт.)!
Чындыгында, бизде кирүү взносу деген жок. Бир жыл даярдык курсун өтүп, анан 1-класска киришет. Мыйзамдуу түрдө гана айына 600 сомдон төлөп окушат. Мындан тышкары ата-энелер фонду бар. Ага ар бир ата-эне өз каалоосу менен мектептин өнүгүүсүнө салым кошушат.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

БАЛАҢЫЗДЫ МЕКТЕПКЕ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН
КАНЧА КАРАЖАТ САРПТАГАНСЫЗ?

Рахат,
39 жашта, жеке ишкер:
– Мен уулумду гимназияга киргизүүгө 12 миң сомго чукул каражат сарптадым. Жөнөкөй мектепке бербегенимдин себеби, баламдын эртеңки күнүн ойлодум. Кыйынчылыктар көп болгонуна карабастан, баламды ал жерге кабыл алышты.

Марат,
30 жашта, архитектор:
– Кызымды жөнөкөй мектептин 1-классына киргизүү үчүн 5 миң сом короттум. Анын кийим-кечеси жана окуу куралдарына да бир топ акча кетти. Бул менин биринчи балам болгондуктан, мектепке киргизүү биздин үй-бүлөлүк бюджетке оор эле болду.

Венера,
35 жашта, мээрман айым:
– Быйыл кызым 1-класска барат. Кадимки эле борбордогу мектептердин бирине кирди. Көбү акча алышат деп айтканы менен, биз бир сом да бере элекпиз. Бирок кийим-кечесине жана башка керек-жарагына эле 4 миң сом жумшадык.

Жылдыз,
45 жашта, социолог:
– Менин кызым бир ай мурун мектепти аяктады. Аны мектепке киргизүү үчүн канча каражат кетиргеним эсимде калган эмес. Жылдан-жылга шаарда жашаган ата-энелер үчүн балдарын мектепке киргизүү кымбаттап жатканын угуп жүрөм.

Байышбек,
58 жашта, мугалим:
– Быйыл уулум 4-класска көчтү. Аны мектепке киргизүү үчүн 10 миң сомдой кеткен. Эсимде, бизди ата-энебиз мектепке алып барарда бүгүнкүдөй акча сарпташчу эмес. Азыр мектепке киргизерде банкка акча которосуң. Дагы толтура майда-чүйдөлөрү чыгат. Анын баары акча.

Чолпонбек,
48 жашта, ашпозчу:
– Балам 8-класста окуйт. Быйылкы окуу жылына даярданууга 10 миң сомдун тегерегинде акча короттум. Албетте, канча акча кетсе дагы өз балаң үчүн аянбайсың. Мен үчүн балама мугалимдер тиешелүү билимди бергени чоң
мааниге ээ.

Бермет,
59 жашта, жазуучу:
– Кызым мектепте окуйт. 1-сентябрга даярданууга 7 миң сом кетирдим. Бул акчага бардык керек-жарагын алып бердим. Бирок окуу башталгандан кийин деле толтура кем-карчы чыга берсе керек деп ойлойм.

Асель Нурманбетова,
Жумакан Канатбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
milli
2010-08-20 19:37:25
Ay-iiy, 1. klasska kirish uchun ushuncha akcha ketse, mektepti butkoncho kancha $ ketet. Bilbeym, akcha menen ar bir balany "Wunderkind" kyla alyshaby?
Men Avstriada 1-4 klasska cheyin sabak berem, bizge 1.klasska kirip jatkan baldar, ozunun kiyip kelgen Kiyimderin (kurtkasyn) biluu, ozu kiyinuu, but kiyimin ozu bayloo, ozuno taandyk kalem, kalem saptaryn, kitepterin biluu, kitep, depterlerin irettep sumkasyna saluu talap kylynat.
0
milli
2010-08-20 19:42:19
Andan syrtkary jany kelgende atyn aytyp, kancha jashta ekenin, kancha bir tuugany bar, uy janybarlary barby, attary kim osholordu gana ooz eki aytyshat. Al emi jazgandy mektepten uyronushot. Mektepke dayardoo kurstary jok, bolgonu muzykalyk aspaptardy uyrotuuchu iyrimderge baryshat. Baldar bakchadan surot tartkandy, gruppa menen oynogondu, suroogo joop bergendi uyronushot.
Bilbeym, salyshtyruu kyiyn, okup alyp tan kaldym.
0
lira
2010-08-20 23:33:42
Kyrgyzstan ushunday abalga jetip kaldykpy...Andan koro okuunun sapatyna konul burushsa...Baldarybyzdy 4et olkodo ele okutuu tuura bolot tura..
0
Ceed
2010-08-21 12:18:59
Мамлекет билимге суусап турган убагы, жаш муундарды колдоп-остуруштун ордуна уялбай эми мектепти коррупцияга айландырып алганын. Жогорттогу акча алган мектептердин ар биринин "крышасы" бар, либо кайсыл бир чиновниктин жеке бизнеси! Ушундай уялбай мыйзамсыз акча алган директорлорду, чиновниктерди кудай урсун, жаш муундардын каргышы тийсин, Оомийн!
0
Ceed
2010-08-21 12:24:59
Тилекке каршы, мен азыр Кыргызстанда эмесмин! Эгер мекенимде болгонумда ушул теманы изилдеп, мектептерге барып, эгер чындап ушундай болсо ошол мектептин директорун млииин оло сабамакмын! Козлы, мамлекет олойун, деген кыйналган абалда турса, а алар озунчо мектептерде бизнес уюштуруп алганына жанын кейийт!
0
milli
2010-08-21 18:34:18
Menin oyumcha mugalim, direktorlordun chogulup alyp kylgan ishteri... balkim bashinda alarga "podderjka" bergen chon kyzmattagy adam bardyr. "Balyk bashynan sasyit" dep koet go...Al emi ata-eneler aryzdanyshsa, bala al mektepten chygat, jany kirgen mektebindegi mugalimderden toluk konul burulbayt jana jalan tomon baalar koyulat. Balasyn mynday bolushun kaalabagan ata-eneler da mugalim, direktorlorgo karshy bolo alyshpayt jana akcha algandaryn da dalildey alyshpayt.
0
Саби
2010-08-22 16:48:29
Мен да мындай жонундо коп эле угуп журом.Менин кесиптешим эле кызын 1-класска беруу учун бир жыл мурун 15000 сом берип койгон.Эми дагы канча сурайт деп отурат.
0
Шаиста Шатманова
2010-08-23 11:36:40
Маселе ошондо. Ата-энелер көрүп-билип турса да, мугалимдерге каршы барбай жатышат. Ал үчүн тымызын бир акция жүргүзүү керек окшойт. Бир эле директор же мугалимдин бетин ачуу менен эч нерсени чече албаспыз.
0
Шаиста Шатманова
2010-08-23 11:38:03
Кимде кандай ой-идея, сунуш бар. Балдары мектепке бара электер деле бул маселени көңүлдөн тыш калтырышпаса дээр элем. Эртең эле келет да ал күн.
0
Regenbogen
2010-08-23 22:35:40
mindaj temp menen Kirgizstan aldiga jilbaj kaldik go,kajaka barba korrupzia bizde
0
marina
2010-08-25 21:29:53
yshynyn baarin kim blet i kim yiyshtyrat deroktorda ....
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан