11 жылдан кийин ЭКОнун жардамы менен балалуу болгон жубайлар: «3 ЭМИБИЗДИН ЭКӨӨ УУЛ, БИРИ КЫЗ БОЛДУ»

Акыркы убактарда Кыргызстанда үч эм, эгиз төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Бул туурасында редакциябызга көптөгөн жеке каттар келип түшкөн. Биз да бул суроолордун негизинде изилдеп көрүүнү туура көрдүк.

Бул багытта 5 жылдан ашуун иштеп келе жаткан Бишкек шаарындагы «Анкалайф» Аялдардын саламаттыгын сактоо жана экстракорпоралдык уруктандыруу борборунан ата-эне статусуна ээ болгон Ош шаарынын тургундары Алтынбековдордун үй-бүлөсү менен жагымдуу маек курдук.

– Саламатсыздарбы? Алгач өзүңүздөрдү тааныштырып кетсеңиздер.

– Менин атым Алтынбек. Жубайымдын аты Гүлмира. Экөөбүздүн баш кошконубузга 11 жылдан ашты. Ушул жылы Кудайдын буйругу менен үч эмдүү болуп отурабыз.

– "Анкалайф" клиникасы тууралуу кайдан маалымат алдыңыздар?

– Экөөбүз чогуу жашаган 11 жыл аралыгында Бишкектеги эң мыкты аталган гинеколог, урологдорго барып, ар кандай жолдор менен дарыланып жүрдүк. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Ошондо бизге врачтар ЭКО ыкмасын сунуштап, Казакстанда жасаларын айтышты. Биз алардын айтканындай ал жакка ЭКО жасатууга даярданып бардык. Бирок тилекке каршы, ийгиликсиз болуп калды. Анан интернеттен издеп отуруп Бишкектеги «Анкалайф» түрк ЭКО клиникасы тууралуу окуп калдык. Буга чейин бизде мындай клиника бар экенин билген эмеспиз. Дароо консультацияга жазылдык. Анткени биз үчүн убакыт маанилүү болчу.

– Гүлмира, айтсаңыз , ЭКО процедурасы сиз үчүн кандай өттү? Коркуу сезимдери болгон жокпу?

– Биз алгач клиникага келгенибизде бул процедура кандай этаптардан турарын толук түшүндүрүп беришти. Мага үч эмбрион салышты. Үчөө тең өсүп жетилип, кош бойлуу болдум. Башында профессор үч эмбрионду сала турган болсок, үчөөнөн үчөө тең, же болбосо экөө, же бирөө жашап кетиши мүмкүн экенин айткан. Бирок биз үмүтүбүздү үзбөй, бирөө болсо да, эң негизгиси, дени сак балалуу болсок дегем, Кудайым буюруп, үч баланын энеси болуп отурам.

– Алтынбек, ата статусуна ээ болгонуңузда сизде кандай сезимдер болду?

– Сөз менен айтып жеткире албайм. Ушунча жыл бала күтүп жүргөн адам чынында сүйүнгөндөн да коркуп калат экен. Кызым менин эле көчүрмөм. Уулдарым болсо апасына окшош.

– Адатта ЭКО жолу менен балалуу болгон айымдар жашыра беришет го. Сиздер буга кандай карайсыздар?

– Менин да таң калганым, ЭКО менен төрөдүм дегенден уялышат экен. Мен, тескерисинче, кубануу менен айта алам. Өз каныбыздан жаралган балдардан эмнеге уялышыбыз керек? Учурдан пайдаланып, акыркы үмүтүбүздү жандырган «Анкалайф» клиникасынын бардык кызматкерлерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз.


«Анкалайф» клиникасынын негиздөөчүсү – профессор Жихангир Чакыжы. Ал Түркиядагы «Жихангир Чакыжы» жеке клиникасын 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштетип келет. Ал эми биздин өлкөгө келгенине 5 жылдай болду. 20 жыл аралыгында 3 миңден ашуун ымыркайдын жарыкка келишине себепчи болгон Жихангир мырза менен да маектештик.

– Эң алгачкы пациентиңиздин баласы азыр канчага чыкты?

– ЭКО жолу менен эң алгач жарыкка алып келген наристе эркек бала. Учурда 22 жашта. Үй-бүлөлүү, өзү табигый жол менен эле балалуу болуп, үй-бүлөсү менен бактылуу жашап жатат.

– ЭКО кантип жасалат жана канча убакытка созулат?

– ЭКО жасатуу убактысы гормоналдык фонго, жумуртка клеткалардын сапатына, жаш куракка, салмакка жараша белгиленет. Эгерде булардын баары жайында болсо, анда 1-1,5 ай убакыт кетет. Бул аралыкта жубайлар психологиялык даярдыктан өтүшөт, керектүү анализдерди тапшырышат. Андан соң жубайлардын урук клеткалары алынып, пробиркада өстүрүлүп, аялдын жатынына салынат. Клиниканын дарыгерлери болочок эне менен 9 ай бою тыгыз байланышта болуп турушат.

– Азыркы учурда клиника бейтаптар үчүн дагы кандай кызматтарды көрсөтүүдө?

– Биздин клиника аялдардын жана эркектердин тукумсуздугун дарылоо, ЭКО ыкмасы менен балалуу болуу, карын эне (суррогатная мать), уруктарды тоңдуруу, донор (эркек жана аял), инсеминация, гистероскопия, TESE жана башка кызматтарды көрсөтүүдө.

– Урукту тоңдуруп коюу ыкмасына токтоло кетсеңиз. Тоңдуруп коюп, кийин салдырган энелер көп эле болобу?

– Андайлар көп. Бул да болсо медицинанын жетишкендиги деп билем. Урук клеткаларын тоңдуруу медицинада криоконсервациялоо деп аталат. Мында эркектин бел суюктугунан активдүү, мыкты жумуртка клеткалары тандалып алынат да, -196 градустагы суюк азатто тоңдурулат. Аларды чектелбеген убакытка чейин сактоого болот. Эркектер гана эмес, аялдар да бул кызматты колдоно алышат. Анан качан аял кош бойлуулукка даяр болгондо жатынына салдырып алса болот.

– Тоңдурулган урук менен эгиз же үч эм төрөсө болобу?

– Ооба, болот. Бул методду колдонгон пациенттерибиз абдан көп. Бирок мында кепилдик бере албайбыз. Мисалы, үч эмбрионду сала турган болсок, үчөө тең, же болбосо экөө, же бирөө жашап кетиши мүмкүн. Же болбосо эч кимиси.

– Акыркы жаңылыктардан бөлүшө кетсеңиз.

– Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган «MOST FASHIONABLE AWARDS 2019» жыл мыктыларын тандоо аземинде
Кыргызстан боюнча "Жылдын эң мыкты клиникасы" номинациясынан алдыңкы орунду камсыздадык. Демек, биздин жасаган ишибизди эл баалап жатат. Андан сырткары ноябрь айында жаңы үйлөнгөн жаш жубайларга акысыз консультация, диагноз алууга мүмкүнчүлүк бердик. Ата-эне болууга ар бир адам татыктуу!

Клиниканын дареги: Бишкек шаары, Горький көчөсү, 21

Байланыш телефондору: 0312 59 39 99, 0770 220 157 (кабылдама), 0770 220 104 (WhatsАpp)

www.ankalifebishkek.com

ankalife_bishkek

Аnkalifebishkek

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
meni_kut
2019-12-03 10:08:32
Экодон торолгон балдар уруксуз болот деген ушакчыларга жооп болуптур.Молодцы.Балдарынар омурлуу болушсун.
+2
№ 891, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан