ЖАШ КӨРҮНҮҮНҮН КОРЕЙЧЕ 7 КАДАМЫ

Сизге бет терисиндеги көйгөйлөрдү декоративдик косметиканын жардамы менен жымсалдап жапкан пайдалуубу же бырыш жана безеткилердин алдын алуу пайдалуубу? Эгерде өз курагыңыздан бир нече жылга жаш көрүнүүнү кааласаңыз, эртерээк териге кам көрө баштоо керек. Мунун жолун корейче ыкмалар менен үйрөтөбүз.

1) РЕМУВЕР, ТАЗАЛООЧУ СУУ ЖЕ ГИДРОФИЛДҮҮ МАЙ

Эч качан, эч качан макияжды тазалап-жууп кетирбей туруп уктаба! Бет териси дем алышы, эс алышы жана азыктанышы керек. Кымбат косметикага басым жасоонун кажети жок. Кыргызстанда корей косметикалык каражаттарынын капчыкка туура келгендери ого эле көп жайылган. Ремувер абдан калың коюлган макияжды өчүрүүдө колдонулат. Аны менен көздүн жана ооздун боёгун өчүрүү керек. Ал эми тазалоочу суу жана гидрофилдүү май жалпы бетке сүйкөлгөн каражаттарды кетирет. Үчөөнүн бирөөнү же ылайыкташтырып эки каражатты тандап алууга болот.

2) БЕТ ЖУУЧУ ГЕЛЬ, ЛОСЬОН ЖАНА БАШКА КӨБҮРҮҮЧҮЛӨР

Макияжды өчүрмөйүн бул каражаттарды колдонуу – убакытты текке кетирүүгө барабар. Майланышкан бет май, тоналдык крем мочалканын да шайын кетирип, бет жакшы тазаланбай калат. Жогоруда саналгандардын бирин бетке арналган ным мочалкага сыгып, бетти жана моюн бөлүктү акырекке чейин көбүртүп жууп, андан соң суу менен таза чайкап салуу керек.

3) ПИЛИНГ ЖЕ СКРАБ

Бул каражаттарды күнүгө колдонууга болбойт. Аптасына 2 же 3 ирет колдонуу керек. Беттеги өлүү клеткалар пайдалуу азыктардын терең сиңип таасир этүүсүнө жолтоо болот. Андыктан бул клеткалардан арылуу үчүн пилинг же скраб жардамга келет. Айрыкча күз-кыш мезгили пилингдин териге майдай жаккан учуру.

4) ТОНЕР

Таза жуулган бетти сүлгү менен аарчыбаңыз. Алакан менен бетке жеңил массаж кылып кургатып, дароо тонерди сүйкөө керек. Суудай суюк тонерди кебез тегерекчеси менен сүйкөө керек. Ал эми бир аз коюуларын алаканга куюп, бетти кылдат чапкылап сиңирүү туура. Тонер бетти кычкылтек менен камсыздап, кийинки процедурага даярдайт.

5) СЫВОРОТКА, ЭССЕНЦИЯ ЖАНА АМПУЛАЛАР

Бул этапты бетке корейче кам көрүүнүн “жүрөгү” деп да атасак болот. Бул үчөөнүн бирин тандап жатканда бет терисинде жаралган көйгөйгө жараша сатып аласыз. Мисалы, агартуучу, безеткиге каршы, нымдоочу, тешиктерди кичирейтүүчү, кара чекиттерге каршы же бырыштын алдын алуучу түрлөрүнүн керектүүсүн тандайсыз. Пипеткасы менен бетке тамызып, манжанын учтары менен укалоо, акырын чапкылоо менен сиңирүү керек.

6) ЭМУЛЬСИЯ ЖЕ ЧҮПҮРӨК МАСКАЛАР

Бул этап мурдагы кадамда колдонулган каражаттын терең сиңишин камсыздайт, керектүү азыктар менен азыктандырат. Чүпүрөк масканы бетке текши жаап, туруп калган желди чыгарып, беттин формасын бузбай, күлбөй, чекени тырыштырбай түз кармоо керек. Баштыгынын түбүндө калган суюктугун моюнга жана акыректин аймагына сүйкөп коюу керек. Бетке кандай кам көрүлсө, моюнга да ошондой кам көрүү керек. 15-20 мүнөттөн кийин масканы алып таштайсыз.

7) КӨЗДҮН АЙЛАНАСЫ ҮЧҮН КРЕМ, БЕТ МАЙЛАР

Масканын суюктугу сиңген соң көздүн айланасы үчүн крем жана уктаар алдында сүйкөөчү бет майды колдоносуз. Эгерде эшикке чыкканы жаткан болсоңуз, түнкү кремдин ордуна күндөн коргоочу SPF бет майын сүйкөп, андан соң тоналдык крем коюп кете бересиз. Корей аялдары эч качан күндөн коргоочу бет майсыз эшикке чыгышпайт.

Мындан тышкары корей айымдары туура тамактануу, куурулган, тез даярдалуучу тамактарды аз жеп, суюктукту көп ичүү, минералдарга жана витаминдерге бай суусундуктарды ичүү, косметологго тез-тез каттоо сыяктуу кадамдарды жасоодон баш тартышпайт. Жогоруда саналган 7 кадам эң жөнөкөйлөтүлгөн ыкма. Негизинен корей аялдарында бул сыяктуу 17-20 кадам жасалат. Ушунча кам көрүүнүн арты менен алар идеалдуу бет терисине ээ болушат.

МИФ ЖАНА ЧЫНДЫК

Жаш теринин сапатын косметикалык каражаттар менен бузбоо керек деген пикир көпчүлүгүбүздүн мээбизге сиңип калган. Бул – миф! Ооба, декоративдик косметиканы эрте колдонуп баштоо териде маселе жаратышы мүмкүн. Ал эми бет терисине эрте кам көрүп баштоо бул туура кадам. Кореялыктар бет терисине алгачкы бырыштар түшө баштаган мезгилде эмес, өспүрүм курактан баштап эле кам көрө башташат. Буга кошумча бетиндеги кемчилигине пластикалык операция сөзсүз жасатышат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бетинин жок дегенде бир жерине пластикалык операция жасатпаган адам Кореяда чанда кезигет. Ошондой эле кайсы жерине операция жасалганын жашырып, ал тууралуу сөз кылгылары келишпейт. “Бул жериңе пластикалык операция жасатыптырсың, ээ?” деп суроо же ал тууралуу сөз баштоо ыксыз сүйлөөгө жатат. Андыктан “бетиме канчалык кам көрүп жатсам да корей кыздарыныкындай болбой жатат” деп капа болуп жатсаңыз, алар скальпель алдына жатканын эске алыңыз.

Бет териси косметикалык каражатка көнүп калат дешет. Бул – миф. Бир гана косметикалык компания чыгарган бет майды же ошол компаниянын гана каражаттарын алып колдонууга басым жасагандар бар. Бирок сиздин бет териңизге жагып жаткан каражат кайсы бир учурда өз кызматын өтөп бүтүп, оң таасирин бербей башташы мүмкүн. Мисалы, сиздин бетиңиз кургап, түлөй баштаган болсо, ага кам көрүүчү каражатты колдоно баштайсыз. Каражаттын жардамы тийип, бет териңиз калыбына келгенден кийин сиздин бетиңиз башка бир кремден алчу витаминге же азыкка муктаж болуп башташы мүмкүн.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
DAKS
2019-12-02 09:57:09
Кулагынарна кумуш сырга: Пиллингти Кореяда кожага колдонууда зыяны чон деп чекке киргизилген косметикалардын бири.
Анткени пиллингтин составында пластик каражаты кошулаарын изилдеп чыгышкан.
0
sinej
2019-12-02 12:23:12
Сулуу болуш керек.
-1
Asyl10
2019-12-04 15:14:09
Адамдын жаш корунуусу учун стресси,депрессиясы жок жашоо керек. А бизде Кыргызстанда стрессиз жашоону элестетуу кыйын. Анан да ген абдан чон мааниге ээ, мисалы апабыз,тайене,чон апаларыбыз кандай болсо ошондой болуп карыйбыз. Тилекке каршы, карылыкты токтотуу мумкун эмес, эч кандай маска,пилинг,крем жардам бербейт, пластикалык операция гана бырыштарды тартат.Корей кемпирлерди корсонор беттери толтура бырыш,аларга караганда биздин энелерибиз жаш корунушот.
0
Akyljan_
2020-09-25 15:43:20
Эң жакшы! Бирок бетке макияж койбогон учурда дагы кечинде бетти жуу зарыл. Анткени, чаң беттеги тешикчелерге толуп калып, безеткинин чыгуусун шарттайт(майлуу бет үчүн)
0
№ 891, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан