Айдин Шер: «ЫРЧЫ КЫЗГА ҮЙЛӨНҮШҮМӨ КӨЗҮМ ЖЕТПЕЙТ»

Мүнөзү шайыр Айдин Шер менен маектешүү кимге болбосун жагымдуу маанай тартуулаарына ишене бериңиз. Себеби болгонун болгондой айтып, эч жасалмасыз сүйлөйт. Азыр ал болгону 20 жашта экенине карабай, ырчылык менен бирге тергөөчүлүккө да киришиптир.

– Айдин, экөөбүз бир жыл мурда маектешкен элек. Ошондон бери сенде эмне өзгөрүү болду?
– Ооба, эсимде. Андан бери кыйла чоңойдук дегендей. Бир жылдын ичинде көп жакшы нерселерге жетиштим. Жаңы ырларды жазып, клип тарттык, анан киного тартылдым. Эң ийгиликтүүсү деп жумушка орношконумду эсептейм.
– Кандай кызматты аркалап жатасың?
– Өзүмдүн кесибим программист. Бирок юридикалык факультетке которулуп жатам. Азыр окуум боюнча чуркап жүрөм. Ысык-Ата райондук прокуратурасында тергөөчүлүктүн сырларын үйрөнүп баштадым.
– Орун кут болсун. Жумушуңа кантип келип калдың?
– Рахмат. Тааныштар аркылуу кирип калдым. Кичинемден өзүмдөн ырчылык менен тергөөчүлүктү көрчүмүн. Таякемдердин көбү мамлекеттик кызматта иштеген адамдар. Мүмкүн, алардын таасиринен уламдыр.
– Анда кыздарга таптакыр кол бошобой жатат экен да. Болочок тергөөчүгө кандай кыздар жагат жана жакпайт?
– Кичипейил, боорукер, ачык мүнөз кыздар жагат. Бой-келбети боюнча, бою 180 сантиметр кыздар болсун дебейм. Жылдыздуу кара каштар болсо... Анан эң негизгиси, тамакты даамдуу жасашы керек. Бир сөз бар го “кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы” деген. Азыр кыздар арасында тамеки тартуу модага айланды. Мурда жашынып тамеки тартса, азыр ачык эле мактангандай тартышат го. Өзүм тамеки тартып, ичкилик ичпегендиктен, мага андай кыздар жакпайт. Сөгүнүп-сагынган кыздарды жиним сүйбөйт.
– Макалдатып сүйлөгөнүңө караганда, сөз байлыкты кеңейтип жаткансың го...
– Азыркы жумушумда көбүнчө орус тилинде иш алпарылат. Бирок киргиз эмес, кыргыз эле баламын. Апам теледе иштегендиктен, урушканда деле, эркелеткенде деле макалдатып кирет. Кээде апамды туурайм деп такалып же макалды тескерисинче айтып күлкүгө салам.
– Кантип көңүл ачасың?
– Досторум менен акырын музыка коюп алып, тынч жерде эс алганды жактырам.
– Айдин деген лакап атка бат эле көнүп кеттиңби же көнө албай кыйналдыңбы?
– Өзүм да, үйдөгүлөр да лакап атыма көнүп калдык. Таятам Шерчик, эжем Шераалы деп чакырып калышты. Атам жактагылар көбүнчө өзүмдүн атымдан чакырышат. Өзүбүздүн үй-бүлө азан чакырган атымдан аташат.
– "Ырчылыкка оошума апам түрткү болду. Атам каршы болууда" деген элең...
– Азыр баары жакшы. Туура, башында атам "артист болуп не кыласың?" дечү. Ырдап калган соң "бул менин балам" деп сүйүнчү болду. Анан дагы жумушка орношкондон бери көңүлү жай алып калды. Апам баягыдай эле колдон-буттан таяп турат.
– Үй-бүлөдө эки бир тууган белеңер?
– Биз 4 бир тууганбыз. Мен мурда эки байкемди айтчу эмесмин. Себеби алар чоң атамдын колунда өскөндүктөн, анча жакын эмес элем. Улуусу Талант 30, Адис байкем 28 жашта. Экөө тең үй-бүлөлүү. Жеңелерим менен жакшы мамиледемин. Наргиза эжем болсо жакында эле турмушка чыкты. Жездем Токтогулдан болот. Азыр алар Стамбулда жашашат.
– Эжеңе жакын өскөн болсоң, турмушка чыкканда ичиң ачышкандыр?
– Апам экөөбүз сыздап жатып, эми көнүп калдык. Эжем кийимиме, чачы-башыма чейин карап турчу. Анын турмушка чыкканына эми көнүп келатканда кечээ үйгө конокко келишти. Кайра кетсе дагы жаман болом го.
– Клиптериңде дайыма эле бактылуу үй-бүлөнү көрүп, суктана бересиң. Үй-бүлөлүү болгуң келип жатабы?
– Азыр жашпыз. Кээде клиптегидей болуп эле үйлөнгүм келип кетет. Өзүм балага жакынмын. Кинодо Айгерим экөөбүз кыздуу болобуз да. Эмнегедир ошол “кызымды” азыр сагынып жатам. Өткөндө түшүмө да кирди. Кинодо бөбөк бакырып ыйлап жатат. Ызылдап ары-бери чуркап жүрөм. Ошентип, тартыларда момоюп уктап калды. Ошол сюжет сонун болду.
– Кино жаатында өзүңдү сынап көрдүң, кандай кыйынчылыктар жана кызыктар менен коштолду?
– Мага актёрлук оңой сезилчү. Өзүң тартылганда таптакыр башкача болот экен. Кыйынчылык көп деле болгон жок. Тасмада сүйгөнүм сууга чөгүп кеткен учур бар. Биз тартылып жаткан пляж анча терең эмес экен. "Мотор" дегенде жээктен кызга сүзүп баргыча чарчап калам десеңиз. Анан экөөбүз сууга түшөлү десек, терең эмес, тайыз. Улам эле бирде бутубуз, бирде чыканагыбыз суудан чыгып калат. Айтор, Айгерим экөөбүз кучакташкан боюнча каткырып сууга жыгылабыз. Ошентип, суудагы жерин 10-15 жолу тарттык.
– Ыйлаган жеринде эмнени эстеп ыйладың? Башкалар сөйкө салып, турмушка чыгып кеткен кызыңды эстедиңби?
– Тасмада кыз экөөбүз кучакташып ыйлаган жери бар. Башында ыйлай албай кыйналдым. Мүмкүн, сиз айткандай, ошол кызды эстеп ыйлагандырмын. Ак футболка кийип алган элем. Ыйлап бүтүп карасак, футболкам помада, тушь, суу болуп калыптыр. Кино бүткөндөн кийин үйгө келип, чыгармачыл топту сагындым. Айрыкча кичинекей бөбөккө көнө түшкөн экем.
“Тушалган махабатым” деп боздоп барып эле, кайра “мага сүйүү келе элек" деп калдың. Ырга байлагым келбейт, бирок жүрөккө сүйүү келдиби?
Сүйүү келбей жатат го. Канча күтсөм да карааны көрүнбөйт. Анын үстүнө жумуштан кол бошобой...
"Түштүк дарбаза жактагы сейил бактан Айдинди бир кыз менен көрдүк" дешсе, бирөөлөр "Бегимай Эсенгулова күнүгө эле бир жигиттин колун кармап ошол жакта сейилдеп жүрөт” деп айтып калышат...
– Алысыраак деп ошол жакка барган элем, аны да көрүп коюшкан турбайбы. Менин жакын досум Бегимайдын группалашы менен сүйлөшөт экен. Бир жолу Бегимайдын окуу жайына досум экөөбүз барганбыз. Анан төртөөбүз ошол сейил бакты көздөй басып, серүүндөп келгенбиз. Сыягы ошону айтышса керек.
– Көрдүңбү, сенин баскан-турганыңа чейин акмалаган күйөрман кыздар бар экен...
– Жакында эле кыздар "автограф алабыз" деп прокуратурага чейин кирип келишиптир. Бир убакта эле жетекчим "мага кир, Айдин" деп чакырат. Барсам, "сен эмне бул жерде концерт уюштуруп жатасың?" деди. Сыртка чыксам, 5-6 кыз туруптур автограф сурашып... Бир жолу сахнага жаңы чыгып жаткан кезде Таласта концерт коюп калдык. Баары жабылып ырчылардан автограф алып жатат. Ал гана эмес, оператордон да кол тамга алышууда. Бир маалда карасам, оператор Спартак деген бала ышкыртып эле Айдин деп коюп жатат. Көрсө, кыздар мени тааныбай, Спартак менен алмаштырып алышыптыр.
– Ырчы кызды сүйүп калсаң үйлөнөт белең?
– Анда катуу тарбия керек го. Бирок ырчы кызды алышыма көзүм жетпейт. Үй-бүлөдө бир эле ырчы жетишет го...
– Ырларыңды жазып берген жигит “Айдин иниме кээде таарыныч болот” дегендей сөз айтты эле. Ыр го, сага ийгилик алып келди дейли, а сен автордун атын чын эле атабай койдуң беле?
– Ий де. Аны Кудрет байке айтпайт, ээ, мага. Чынында, атаганга аракет кылабыз. Бирок кайсы жерден ката кетирип койдум экен? Бизден кетсе кечирип коюңуз, алдыңызга түшүп барайын дейинчи азыр.
– Азыркы чөйрөң сага жагабы?
– Ооба, жагат. Сиңип калдым. Баары менен эң жакшы мамиледемин. Продюсерим Динара эже барына да Кудайга шүгүр. Кээде эркелеп кетем, аны деле көтөрөт.
– Кызыктуу маек куруп бергениңе рахмат. Ишиңе ийгилик.

ЭМНЕДЕН...
...кыжырың келет? Алдамчылыктан.
...эргүү аласың? Мени мактап-жактагандан.
...тажайсың? Ызы-чуудан.
...коркосуң? Жакындарымды жоготуп алуудан.
...тартынасың? Ата-энемдин көзүнчө тост айткандан.
...кызарасың? “Мен Айдиндин апасымын” дегенде апамды “айтпаңыз” деп уялам.
...жыргайсың? Ырдап калганыма.
...кыйналасың? Ар бир адамдын жашоосунда кыйынчылык болсо керек. Кичинемден ар кандай жумушта иштеген күндөр көп болгон. Аны эстесем, ыйлагым келип, кыйналып кетем.

МЕН...
...Кийинем... көбүнчө “Дордойдон”.
...Ырдайм... эргүү менен.
...Бийлейм... тердеп-кургап.
...Ойнойм... шахмат.

МЕН ҮЧҮН...
...Ата-эне... байлыгым.
...Акча... көп деле маанилүү эмес, бирок керектелүүчү каражат.
...Байлык... болочокто кура турган үй-бүлөм. Жашоомдун учурларынан алынган ырларым.
...Махабат... өмүр көркү.


Жылмайып коюңуз!

Айдин досу менен Ысык-Көлдүн жээгинде баратышат.
– Вау! 10 доллар таап алдым!
– Азаматсың... Келесоо, эмне ыргытып жибердиң?
– Жасалма экен.
– Эмнеге?
– 10 доллар эки нөл менен жазылбайт да...

Бурул Исмаилова
star
@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
dekg
2010-08-21 00:44:22
daaa kyzdyn kyzdai kyshtyn kyshtai bolgonu jakshy.jakshy makal eken
0
nuriza
2010-08-22 13:27:54
Черешняя жеп жаткан суроту аябай жакты! ийгиликтер!

free poker
0
egizder
2010-08-24 09:36:29
макала мыкты болуптур. жакшы даярдалган макала. журналистке 5!
0
kimbat
2010-09-26 18:42:39
tochno daiardalgan,jurnalisty alga
0
№ 407, 20-26-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан