ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Кыз үн катпай калды. Жөн гана таң калды. Мынча букту, сагынычты бул жигит кайсы жагына катып жүргөн? Куду бүтөлүп турган сууну жарып жибергендей сезим болду Айдарда. Сүйлөй берди. 4 жашынан апасы таштап кеткен элес-булас элестерден баштап бүгүнкү күнүнө чейин төкпөй-чачпай айтып берди. Айгерим ыйлап калды.

– Эмне болду?

– Жөн эле. Чыдабай кеттим.

– Ыйлаба, мен бардыгын жеңдим го. Көрөсүң, буюрса, мен Арушту да табам. Атам, мен, Аруш болуп кайра биригебиз,- деди жигит кыялдана.

– А мен эмне болом?- деди кыз көз жашын сүртүп.

– Сен эч нерсе болбойсуң.

– Мен сенсиз жашай албайм. “Биринчи классыңдан тартып сүйдүм” деп айттың го. Мен сени, балким, андан да эрте сүйгөндүрмүн. Жашоомдо бир гана сен болдуң. Мен сенсиз эмне кылам?

Кыздын жаштуу көздөрүн тиктеп калды. Мындай көз карашка чыдаш мүмкүн эмес эле, Айдар ыйлагысы келип кетти.

– Айка, билбейм. Чындап билбейм. Сени өзүм менен кошо сүйрөлткүм келген жок.

– А мен сени күтөм десем...

– Канчага чейин экенин өзүм да билбейм да. Канчага чейин күт деп айта алам сага?

– Мейли, тишим түшүп, чачым агарганга чейин күтөм. Мейлиби?

Айдар аргасыз күлдү. Бооруна бекем кысты. Эч коё бергиси жок, бекем кучактап отура берди. Кыз ичинен күтөм деп сөз берип жатты.

ххх

– Айжан, чайыңды ич,- деди апасы.

– Асман ичпейт экен, мен да ичпейм.

– Кичинесиң сен. Ал университеттен тамак ичип алат. А сен?..

Сары кыз уккан жок. Чачтарын тарап жаткан эжесин суктана карап отура берди. Дайым Асманга окшош болгусу келчү. Эжесине бир өзгөчө жакындыгы бар эле. Ал эмне кылса ошону кылгысы келчү, бирок дайым эле аныкы эч окшошпой калчу.

– Айжан, чурка, тамагыңды ич,- деди эжеси.

– Сен бүгүн эрте келесиңби?

– Эмне кыласың мени?

– Билбейм, сен жок үй кызыксыз.

– Иштерим көп, жаным. Эгерде бошоп калсам сага чалам, экөөбүз, балким, бир жерге барып тамак ичебиз.

– Урее.

– Чүш-ш, апама айтпа.

Асман шыңгыр күлүп койду. Кантип сүрөттөө керек бул кызды? Сырткы сулуулук көп адамда болушу мүмкүн, бирок ички дүйнөсү жүзүнөн билинип нур чачырап турган адамдар бар го. Кыз ошондой болуп чоңойду. Кенедей арамзалык, ыза, атаандаштык жок эле дүйнөсүндө. Бир билгени жакшылык болчу. Жашоодо жалаң гана жакшылык бардай ишеним бар эле көздөрүндө. Дүйнөсү таза болчу. Кайсы бир учурда балдар ата-энесинин күнөөсүн жууш үчүн төрөлөт дешет. Эрнис менен Айгүлдүн күнөөсү үчүн, балким, бул наристе ушундай өзгөчө жаралып калгандыр. Ким билет?

Сулайман кыздарынын бөлмөсүнө кирип Асманды, анан Айжанды өптү.

– Бүгүн экөөбүз сүрөт көргөзмөсүнө барабыз. Унутпа,- деди улуу кызына.

– Макул, атаке,- атасынын бетинен чоп эттире өпкөн кыз сыртка жөнөдү. Апасына эч көңүл бурбады. Айжан аркасынан кетти.

– Ушунун баары сенин айыңдан,- деди Сания бултуңдап.

– Эмне кылдым дагы?

– Экөө тең сен үчүн мага баш бербей калды.

– Тобо, кызыксың го. “Апаңарды уккула” дегенден башка мен эмне деп жатам?

– Сөз менен айтпайсың, кылыгың менен менин эч ким эмес экенимди билдиресиң.

– Көп сүйлөбөчү.

– Асманды эмнеге дайым бөлүп сүйлөйсүң? Экөөнө тең айтсаң болбойбу? Айжан өз кызың сенин!

– Эсиңди жыйчы, эмне болуп жатасың?

– Дайыма ушундай. “Асман, жүрү, Асман, кеттик, Асман, сен азаматсың!” дейсиң да турасың. Сен Айжанды такыр көрбөйсүң. Сенин айыңдан ал өз жолун таппай жатат.

– А сен улуу кызыңды көрүп жатасыңбы? Көрбөгөн тууралуу сөз кылсаң сен эле утуласың. Андан көрө бул теманы ачпа.

– Мен аны өз кызымдай өстүрдүм. Ошого рахмат айтсын.

– Эч убакта экөөнү өзүмдүкү же башканыкы деп бөлбөдүм. Мен аны алган күндөн тартып ата болдум. Айжан төрөлгөндө деле мен аталыктан баш тарткан жокмун. Өзүмдүкү, өзгөнүкү деп 16 жылдан бери сен бөлүп келе жатасың. Уктуңбу? Жанымды кашайтпа сен.

– Сен чындап эле экөөнүн айырмасын сезбейсиңби?

– Эмне айырма бар экен?- деп бакырып жиберди чыдамы кеткен күйөөсү. Бири менин канымдан, экинчиси башканын канынан жаралганы үчүнбү? Эй, мен ошол каныңды урганым да жок. Жүрөгүмдө экөө тең меники. Асманда менин каным болбошу мүмкүн, бирок ал менин жаным! Алып келгенде моюнумдан кучактап, колумду кармаган кыз. Ошондо эч качан анын колун бошотпойм деп чечкем. Айжанда менин каным жүгүрүп турса, Асман менин жашоомдо жүрүп турат! Түшүн ушуну... Экинчи бул теманы мага ачпа.

– Сени жек көрөм!

– Менден эмнени каалайсың, бай болгур?

– Өз кызыңды көрүшүңдү каалайм. Асмандын аркасында көлөкө болуп калышын каалабайм. Ал дагы атасынын сүйүүсүнө татыктуу.

– Мен сага окшоп экөөнүн бирин артык көрбөйм. Айжан үчүн да жанымды берем. Асманга көп көңүл буруп жаткан болсом ал да сенин айыңдан. Байкуш кызды аябайсың такыр. Качан кучактап бооруңа кыстың, өзүңдүн да эсиңде жок.

– Кетчи бар.

– Сания, бул тема жабык! Кыздар үйдө болгондо бир да сөз болбосун.

– Барчы, кетчи.

Күйөөсү чыгып кеткенден кийин аял шалдырап отуруп калды.

ххх

– Сулайман байке, сиздин жана кызыңыздын тарткан сүрөттөрүн да коюп коёлу көргөзмөгө.

– Билбейм, жаккандары болсо эмнеге болбосун, ээ, Асман? Бир-эки сүрөттү берсек болот.

– Макул, ата.

– “Жолдогу бала” аттуу сүрөттү берелиби? Менимче, сенин ошол сүрөтүң сонун.

Жарк эте баш ийкеди кызы. Жүрөгү зырп этти. Анткени ар бир көз карашында ушунчалык чоң ишеним, атага болгон сүйүү боло турган. Эгерде кайсы бир күнү билип калса эмне дейт?.. Экинчи ага минтип кайрылып, минтип карабай калса керек. Өзүнүн атасын табат. Кан тартат дешет го. Издеп жүргөн өз атасын көрсө Сулайманды минтип карабаса керек. Мейли, ал түрмөдө отурсун, мейли, ал адам өлтүрсүн, баары бир аны жакшы көрсө керек. Ошондо Сулайман эмне кылат? Асман атасын карап калды.

– Эмне болду, ата?

– Эмне болуптур?

– Мен бир жакка кетип жаткандай кыйбай карадыңыз.

– Мен сени дайым ошентип карайм, кызым. Бир күнү кетесиң.

– Кайда?

– Турмушка.

– Сени таштабайм, ата, ала кетем,- деди кыз күлүңдөп.

– Тапканын кара мунун. Мейли, сен бактылуу болсоң болду.

Ата менен кыз. Бири-бирине жанын бергенге даяр. Буларды жашоонун кайсы бир чындыгы ажыратышы мүмкүнбү? Ал дагы белгисиз болчу.

ххх

Эрнис сүрөттү жакшы тартчу. Кээде көргөзмөлөргө кирип карап калчу. Түрмөдө анын Сүрөтчү деген лакап аты бар эле. Кокусунан кирип калды бул жолу. Бардыгын карап жүрүп бир сүрөттү көргөндө оозун ачып калды. Ээн талаада аркасына наристе көтөрүп келе жаткан өспүрүм бала. Жүзүндө анчалык окшоштук болбошу мүмкүн, бирок турушунда, кийимдеринде, чачтарында Айдарга окшоштук бар эле. Анан калса дайыма Аруукени ушинтип аркасына көтөрүп жүрчү. Аркасында кээ бир учурда уктап калчу. Нес болуп тиктеп турду. Баланы аркасына көтөрүп келе жаткан өспүрүмдүн турушунда ушунча тааныш нерсе бар эле. Сыртка чыгып кетти. Акылын токтотуп, балким, көзүмө көрүндүбү деп кайра кирди. Кайра ошол сүрөттүн жанына барды. Турат! Түшү эмес экен.

– Жигит, мен бул сүрөттү ким тартканын билсем болобу?

– Мен билбейм, тетиги жерде Кумар деген байке турат. Ошондон сурасаңыз.

Жанына жетип барып аптыга сурады.

– Иничек, тетиги сүрөттү ким тартканын билсем болобу?

– Болот.

Эрнистин колдору титиреп кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
rafo80
2019-12-02 17:30:48
Аябай эле аз болуп жатат го, эми берилип окуп баштасам түгөнүп калды.
+1
Eliza83
2019-12-02 18:49:14
Сонун чыгарма...
0
№ 891, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан