"АЙЫЛ БАНК" ААКсы 2019-ЖЫЛДЫН 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН «ДЕПОЗИТ+1» АКЦИЯСЫН ӨТКӨРӨТ

Көпчүлүгүбүз капысынан келип чыккан кандайдыр бир кесепеттүү оор жагдайдын келип чыгышына алдын ала кам көрүп, каражат караштырып, топтогонго көнгөнбүз. "Айыл Банк" мына ушул алгылыксыз көндүмдөн арылтып, анын маани-маңызын өзгөртүп, учур талабын эске алуу менен калайык-калкта жөн эле акча топтоп отура бербестен, финансылык ресурсту көбөйтүп алуу табитин калыптандырууга өбөлгө түзүүдө.

Акча топтоп, аны сактоого үйрөнүү – ар бир жарандын жакшы жошоосунун өзөгүн, пайдубалын түптөйт. Жыйым топтоо – бул бир жагынан күтүүсүз келип чыккан жагдайдан чыгуу ыкмасы болсо, экинчи жагынан туруктуу пассивдүү киреше булагы болуп саналат.

Топтогон каражатты үйдө сактоо мурдатан канга сиңип, калыптанып келген, адатка айланган көндүмдөн. Ар ким ойлоп табуучулук дараметине жараша топтогон жыйымын төшөк арасына катып, сандыкка же идишке салып, же сейфке сактап келген. Албетте, каалаган учурда катып койгон жериңден керектүү суммадагы акчаны алып, пайдаланууга бул оңтойлуу болгону менен, төмөндө келтирилгендей, көкөй кести көйгөйлөр менен да коштолушу ыктымал:

  • каткан акчаңдын көбөйбөстөн, кыймылсыз жата бериши;
  • колуңда акча болсо, ал көбүрөөк коромжу болот;
  • уурдалып кетиши да ыктымал.

Ушул жагдайларды эске алуу менен «Айыл Банк» калктын бардык катмарын канааттандыра алган депозиттик продукттарды эл кызматына сунуштап келет.

Алардын катарын толуктоо ниетинде банк 31-декабрга чейин «Депозит+1» акциясын өткөрүп, кардарларга 3 жылга чейинки аралыкка депозит ачууга мүмкүнчүлүк түзүүдө:

"КЕНЧ" МӨӨНӨТТҮҮ ДЕПОЗИТИ – бул толуктоого же бөлүп алууга мүмкүн болбогон, жогорулатылган пайыздык чен алдында, белгилүү бир мөөнөткө банкка салып коюуга боло турган бош акча каражатына ээ болгон кардарлар үчүн каралган. Жетиштүү кирешеси барлар же жакында эле кыймылдуу же кыймылсыз мүлкүн сатып, түшкөн акчасын көбөйтүп алууга кызыкдар болгондор банк сунуштаган мына ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кепилденген туруктуу киреше алууга үлгүрүп калууга тийиш.

Депозиттин минималдуу суммасы – 1000 KGS; 20 USD

Пайыздарды төлөө аралыгы – ай сайын

Кошумча салымдар жана алар боюнча чектөөлөр жок



«КЕРЕМЕТ» ТОПТОЛМО ДЕПОЗИТИ – ар бир жолу тиешелүү өлчөмдө сумманы сактап коюп, жыйым топтоого артыкчылык берген жарандар үчүн каралган. Алар көбүнчө студенттер, жогорку окуу жайын жаңы эле аяктагандар, үйлөнгөн жаштар болушу мүмкүн.

Депозиттин минималдуу суммасы – 1000 KGS; 20 USD; 1000 RUB.

Пайыздарды төлөө аралыгы – ай сайын.

Кошумча салымдар жана алар боюнча чектөөлөр:

- келишим колдонулган мөөнөт ичинде 10 миллион сомдон, 200 миң АКШ долларынан, 10 миллион рублдан ашпоого тийиш.

- Кошумча салымдарды кабыл алуу депозит келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин 30 күн мурда токтотулат.



ПЕНСИОНЕРЛЕР ҮЧҮН «АРДАГЕР» ДЕПОЗИТИ
– эркектердин пенсия курагы 63 жаштан, ал эми аялзатыныкы 58 жаштан жогору. Ушул куракка келгендер адатта күндөлүк керектөөлөрүн, айталы, тамак-аш азыктарын, дары-дармектерди сатып алуу, неберелерине белек кылуу үчүн топтогон каражатынан ай сайын пайыздарды алып туруу максатын көздөшөт.

Депозиттин минималдуу суммасы – 1000 KGS; 20 USD.

Пайыздарды төлөө аралыгы – ай сайын.

Кошумча салымдар жана алар боюнча чектөөлөр:

- келишим колдонулган мөөнөт ичинде 10 миллион сомдон, 200 миң АКШ долларынан, 10 миллион рублдан ашпоого тийиш.

- Кошумча салымдарды кабыл алуу депозит келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин 30 күн мурда токтотулат.


"Айыл Банк" эл камын ойлоп, жакындан жардам сунуштоо ниетин көздөйт!

http://www.ab.kg
0312680000
0556680000

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 891, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан