ЭНДОМЕТРИОЗ. ДАРТ ӨТҮШҮП КЕТСЕ АЯЛ ЖАТЫНДАН КОЛ ЖУУЙТ

Көптөгөн окурмандар аялдарда көп кездешкен эндометриоз оорусу тууралуу маалымат берүүбүздү суранышты. Андыктан онколог-гинеколог Гульзада Аденовага кайрылып дарт боюнча маалымат алдык.

“ЭНДОМЕТРИОЗ – ИЧИНЕ СУЮКТУК ТОЛГОН БАРСЫЛДАК”

– Эндометриоз оорусу менен Кыргызстанда болжол менен 25-45 жаш курактагы 100 аялдын 15и ооруйт. Аталган дарт аялдар арасындагы тукумсуздуктун 35-40 пайыздайын түзөт. Бул дарт аялдарга балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган жатын менен байланыштуу.

Жатын 3 катмардан турат. Эң ички катмары эндометрий деп аталат, түзүлүшү боюнча былжырлуу кабыкча. Ортоңкусу булчуңдуу миометрий катмары, сырткысы периметрий деп аталган илешмелүү (уюма) кабыкча. Ай сайын этек кир келер учурда эндометрий кабыкчасы сыйрылып, кан агуу башталат. Эндометрий кабыкчасынын ткандары табигый мыйзам ченемдүүлүк боюнча ордунда гана өсүп, башка жактарга өспөшү, тарабашы керек. Бирок кайсы бир себептер менен ал ткандар жатындын берки катмарларына, жатын моюнчасы, табарсык, өпкө, көзгө жана башка органдарга да тарап, өсүп кетет.

Өскөн жеринде ал эндометриозду пайда кылат. Эндометриоз – бул ичине кочкул күрөң коюу суюктук толгон барсылдак. Таң калычтуусу, эндометрийде этек кир келип, кан агуу башталганда башка жактарда өскөн эндометриоздордо да кан кетүү башталат (гормондордун таасиринин арты менен). Кан кетүүдөн жанындагы башка ткандар сезгенип, калыңдап, түзүлүшү өзгөрө баштайт. Ушундан улам этек кир келген сайын оорутуу катуу болот. Илимде сейрек болсо да көздүн былжырлуу кабыкчасында өскөн эндометриоздо ай сайын кан кеткен учурлар белгилүү.

"СЕБЕПТЕРИ – АБОРТ, ОПЕРАЦИЯ ЖОЛУ МЕНЕН ТӨРӨӨ"

– Дарттын эмнеден келип чыгары боюнча медицинада так түшүндүрмө жок. Бирок келип чыгышын шарттайт деген факторлор бар.

Алар:

  • Тукум куучулук. Апасы эндометриоз менен ооруган болсо кызы да оорушу мүмкүн.
  • Тубаса оорулуу төрөлүү. Түйүлдүк жаралып жатканда кайсы бир терс таасирлерден улам кээ бир органдарда гормондордун айынан эндометрий клеткалары жаралып калат.
  • Аборт, жатын моюнчасындагы эрозияны күйгүзүү, операция жолу менен төрөө, миомага жасалган операция. Жаракат алган эндометрий былжырынын ткандары үзүлүп, канга кошулат да, кан менен барып бир жерге токтоп, ошол жерде өсүп калат. Этек кир келип жатканда деле ткандар үзүлүп канга кошулуп кетиши мүмкүн.
  • Иммунитеттин төмөндөшүнөн, стресстен гормондордун өзгөрүшү (бирок изилдөөчүлөр буга көп кошулбайт).

“ДАРЫЛАБАСА БАРСЫЛДАКТАР БАШКА ОРГАНДАРГА ЖАЙЫЛЫП КЕТЕТ”

– Дарттын 3 түрү бар:

  • Ички гениталдык, башкача айтканда жатында гана өсчү эндометриоз (аденомиоз деп аталат). Оорунун 1-стадиясында эндометриоздун саны бирөө болот жана ал эндометрий катмарында гана өсөт. Дарттын 2-стадиясында көлөмү мурункудан да чоңоёт. Көбөйүп, саны бир нечеге жетет жана алар жатындын миометрий, периметрий катмарына чейин тереңдеп өсүп кетет. Жатын чоңоюп, бойдо 5-6 апталык түйүлдүк бардагыдай көлөмдө болуп калат. Гениталдык эндометриозду көбүнчө миома да коштоп жүрөт. Анткени миома да гормондорго көз каранды жана жатында өсөт.
  • Сырткы гениталдык эндометриоз. Бул эндометриоздордун жыныс кыны, жатын моюнчасы, эн бездери, жатын түтүкчөсүнө тарап өсүп кеткени. Мындай көрүнүш оорунун 3-стадиясында күтүлөт.
  • Экстрагениталдык эндометриоз. Бул эндометриоздордун ичеги, табарсык, көтөн чучук, өпкө жана башка органдарга тарап, өсүп кетиши. Өсүү менен кошо аларды да сезгентип, адамдын абалын начарлатат. Мындай көрүнүш оорунун 4-стадиясында жолугат. Аялдарда көбүнчө ички гениталдык эндометриоз кездешет.

ЭТЕК КИР КЕЛГЕНДЕ КАН КУЮЛУП АГАТ, ТҮЙҮЛТҮП ООРУТАТ”

Дарттын белгилери төмөнкүлөр:

  • Этек кирде кандын мурдагыларга салыштырмалуу көп келүүсү, оорутуу. Оору өтүшүп баштаганда этек кир апталап келет, түйүлтүп оорутат. Аял кыймылдай албай жана катуу дем ала албай, бүк түшүп жатып калат. Чоңдор үчүн чыгарылган памперс кийип, аны 3-4 саат сайын которгонго аргасыз болот. Этек кир токтоп баштаганда күрөң өңдөгү суюктук келет. Көтөн чучукта өскөнү даарат кагазынын кан болуп калганы менен белги берет. Дарттын 4-стадиясында оорутуу дайыма сакталып, заара кылганда, заңдаганда күчөшү мүмкүн.
  • Жыныстык катнаштагы оорутуу.
  • Тукумсуздук. Уруктанган жумуртка клеткалары жатынга жабыша албайт, эгер жабышып өсө баштаса да бойдон түшүшү мүмкүн. Эгер эндометриоз эн безинде болсо жумуртканын жаралышы кыйын же жаралбайт. Кокус жатын түтүкчөсүндө болсо урукту өткөрбөй тосуп калат.
  • Анемия. Кан кетүүлөрдөн улам анемия жаралат.
  • Алсыздык, ич катуу, көңүл айлануу (өзгөчө этек кир келген учурда).

ДИАГНОЗ

Диагноз үчүн УЗИнин жыйынтыгы, кандын жана тиешелүү гормондордун анализи керектелет. Айрым учурда компьютердик томография керектелиши мүмкүн.

“ДАРЫЛОО ЖАРДАМ БЕРБЕСЕ ЖАТЫН АЛЫНЫП САЛЫНАТ”

– Дарылоонун 2 ыкмасы бар: консервативдүү дарылоо (дары-дармектер менен) жана операция ыкмасы.

  • Консервативдүү дарылоодо оорутууну басуучу, сезгенүүнү жоюучу жана гормоналдык дары-дармектер берилет. 1-2-стадияларда балалуу болуу мүмкүнчүлүгү кайсы бир пайыз бар болгондуктан аял кааласа, төрөгөнгө аракет кылса болот. Төрөөнү врач өзү да сунушташы ыктымал. Бирок бойдо болбой же болгон күндө да түшүп калышы мүмкүн. Негизи кош бойлуулук кезде эндометриоз өспөй жана көбөйбөй турат. Айрым учурда майдалары жок болуп кетиши да ыктымал.Гормоналдык дарылар этек кирдин келишин токтотуу менен эндометриоздун башка жактарга таралып кетишинин алдын алат, өсүшүн токтотот, көлөмүн кичирейтип барып жок кылат. Дарылануу 6 айга жана андан узакка созулат.
  • Операция ыкмасы. Бул дары-дармектер жардам бербеген учурда жана оорунун 3-4-стадияларында колдонулат. Операция эндометриоздордун өскөн жерине жана санына жараша жүргүзүлүп, алар алынып салынат. Мисалы, алар жатында көбөйүп кеткен болсо жатын жарым-жартылай же толук алынат. Жатындан сырткары жатын түтүкчөсүнө, эн безине чейин тарап, жайылып кетсе аталган органдар чогуу алынат. Аял балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйт. Кокус көтөн чучукта бар болсо анда операцияга проктолог хирург, табарсыкка жайылса уролог хирург кошо катышат.

АЛДЫН АЛУУ

– Этек кир адаттагыдан көп кан агуу, катуу оорутуу менен коштолсо дароо эндокринолог-гинекологго же гинекологго текшерилүү керек. Балалуу болууну пландабаган учурда бойдо болуунун алдын алып, абортко жетпөө керек. Оору жок болгон учурда деле 1 жылда 2 ирет текшерилүү зарыл. Миоманы алдыруу боюнча операция жасаткандарда, жатын моюнчасындагы эрозиясын күйгүзгөндөрдө, операция жолу менен төрөгөндөрдө эндометриозго кабылуу коркунучу чоң болгондуктан врачка барып убагы менен текшерилүүнү унутпоо керек.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан