Акын менен сүйлөшкөн жакшы нерсе. Жок дегенде көкүрөгүң жакшы сөзгө байып, кеңейип калат. Кезектеги маектешибиз төкмө акын Баян Акматов болду. Кызыгы, ал төкмөлөрдүн катарына кошуламбы же жокпу деп өзүнөн да сурап жүргөн кези экен.
– Баян мырза, кандай жаңылыктарыңыз бар?
– Жакында “Баяндын баяны” деген китеп чыгаруу алдында турам. “Атам” деген ыр жаздырдым. Сөзү Жыпара Исабаеваныкы, обонун мурун эле чыгаргам. Түшүнгөн адамга “Апакем” сыяктуу эле терең маанилүү ыр. Кечээ эле концертте ырдадым, эл жакшы кабыл алды. Эне тууралуу көп чыгармалар жазылып жатат, бирок аталарыбызды, алардын орду тууралуу унутуп бараткандайбыз. Негизи эле ата менен бала учурда көп сүйлөшпөйт, ортого апасын салып сүйлөшөт эмеспи. Бир келген өмүрдө ата-бала кучакташып, ичиндеги көксөөлөрүн айтып алышы керек деп ойлойм. Ырда ошол нерсени камтыганга аракет кылдым.
– Аткаруучу, обончу, төкмө акынсыз. Кайсы өнөрүңүз алгачкылардан жемишин берди?
– Мен үчүн бардыгы бир эле нерсе. Жамактап ырдаганды деле азыр төкмө акын деп калдык. Мен андай көз карашта эмесмин. Төкмө деген Алымкул (ред.: Үсөнбаев) акынга ыйгарылган ат экен. “Суудай шаркыратып оюн так айтат” деп ошол адамды айтышчу экен.
– Төкмө атына ылайыктуу акын азыр барбы?
– Кыргыз өлкөсүндө 60 акын бар делинет. Айтышка жамырап 60 акын келебиз. Ошонун ичинен азыраагы эле төкмө деген ыйык ысымга татыктуу болушубуз мүмкүн. Арасына өзүмдү да кошо албайм, анткени мен шар төгө албайм. Жеңишбек Жумакадыр жакшы акын. Кайсы жагдай болсо да “Жеңишбек, төк” десе төгүп кете берет. Аалы Туткучев Толубайдын тулпары сыяктуу кандай кырдаал болбосун төккөнгө даяр. Элмирбек Иманалиев лирикага жакын. Амантай Кутманалиев бар, ал чукул бурулуштарды жасай алган кыйын акын. Анан кийинки мен өңдүү жаштар бар, устатыбыз бир болгон үчүнбү, коёндун бөжөктөрүндөй болуп бир беткей болуп калдык. Жанагы 60 акын деле такшалып чыйралып чыгып кетмек. Тилекке каршы, бизде “Айтыш” сынактары жокко эсе. Казактарда айына 10 жолу болсо, бизде жылына 2-3 жолу чоң айтыш болот.
– Ушул жылы өткөрүлгөн “Айтыш” сынагында айтыш өнөрүнө талап бар экени сезилди. Сынакка келген эл залга батпай калды, социалдык тармактарда талкуу болду дегендей...
– Айтышка эл да, акындар да суусап турушат. Мамлекет көңүл бурганда бул өнөр жакшы өнүгүп кетмек. Мисалы, тойго акындарды көп чакырышат. Ырчы фонограмма менен ырдап жатканда көп көңүл бурушпайт. Акын чыкты дегенче баары тымтырс. Суктанып, суусап, эңсеп, жыргап угушат. Ушундан деле элдин талабын билсек болот.
– Сизге ким устат болду?
– Мен Нарын шаарында мектепти бүтүп, Искусство университетине тапшырганы келгенде чоң даярдык менен келгем. Адамда билимди тереңдетем деген чоң көксөө болот го, ошондой келгем. Бирок мага университетте окуткан билим программасы туура келген жок. “Комуз чертем, дастан айтам, айтыш өнөрүн улайм” деп келген мага колума балалайка, домбраларды карматышты. Ошол учурда чыйралуум жанып кетти. Анткени комуз менен айтышууга ашык болуп келгем да. 2-курсумда өзүм изденейин деп айтыш коомдук фонддорду издедим. Таба албай койдум. Ошол учурда Жеңишбек (ред.: Жумакадыр) байкеге кезигип калдым. Ал устатым болду. Анан Замирбек Үсөнбаев 5 жыл устатым болду. Дагы бир кичине устатым бар эле, бул окуя өзү кызык. Төкмө акын Майра Керим кызы менен тааныш элем. Ошол жылдары ал ооруп онкологиялык ооруканага жатып калды. Ал биздин жатаканага жакын эле, көп барып турчумун. Жолдошу Канат байке менен уулу Акжолтой жанында болушту. Акжолтой кичинекей, томпоңдогон, аябай эрке бала болчу. Апасынын каза болгону ага аябай сокку болду. Апасын ээрчип алып айтыштарга көп барчу. Өзү ачык-айрым бала эле. Топ ойноп жатсак “Мени менен айтышасыңбы?” деди. “Мен акын эмесмин” десем, “Жок, сен акынсың!” деди. Себеби дайым колумда комуз болчу, ошондон улам айтышат деп ойлоду окшойт. Бир аздан кийин “КТРКда 10 күн сайын айтыш болот, ошого барып көрбөйсүңбү? Сен өтөсүң!” деп салды. Акжолтойду ээрчип алып бардым. Көрүүчү иретинде баргам. Байкасам, менден начар айтышкандар деле чыгып жатат. “Кагылайын элим аманбы, сага айтам саламды” деген нерселерди эле айтып жатышты. Эртеси мен да айтышка чыктым. Ошол күндөн баштап айтышып келе жатам.
– Баян акын деген атка жетүү жолу кандай болду?
– Обондорду жаздым. Айтыштардын көбүндө биринчиликти алдым. “Көчмөндөр” оюнунда да биринчиликти алгам. Коргоол Досу уулунун 130 жылдыгында биринчи орунду, Айтматовдун 90 жылдыгында биринчи орунду, Карга акенин 300 жылдыгы болду, анда биринчи орунду алдым. Дагы көп айтыштарда биринчи орунду алып келе жатам. Анан “Апакем” ырын Ишен Назаров ырдап чыгып, сөзүнүн автору мен экеним билингенде ыраазы болгондор көбөйдү. Ошентип акырындап таанылдык деп ойлойм. “Ыр жазып бер, обон жазып бер” деген ырчылар бар. Арасында “руханий темада ыр жазып берчи” дегендер жок. Баары эле тойго ылайыкталган ырларды сурашат.
– Аталар арткы планда калып калды деп өзүңүз айтып калдыңыз. Аялдар коомдо активдүү боло баштады. Кайсы жерден желекти эркектер алдырып коюшту деп ойлойсуз?
– Мыкты, жүрөгүндө жалы бар мырзалар толтура. Алар азыр тынч жатканы менен, өз кезеги келгенде жебесин атып алышат. Мамлекет кыйчалыш абалда турат, жеп-ичкендер көбөйдү. Коррупционерлер коркушсун, анткени азыр билимдүү жаштар өсүп келе жатат. Акыл менен атылган октон тура албай калыштары мүмкүн. Кудайга шүгүр, эркектер желекти алдырбай эле турат.
– Баары бир эгемендүүлүктү алгандан бери кыймылдаткыч күч кыргыз аялдары болуп келе жатканын моюнга албайсызбы?
– Бул жолу сөзүңүзгө кошулам. Туура, эркектерге сөз тийгизгим келбей турат. Жакшы атадан жакшы кыздар төрөлөт. Кыймылдаткыч күч болуп жаткан аялдын карынында, балким, мамлекеттин тагдырын чече турган эркек жаткандыр. Мен 100 пайыз ишенем, кайсы бир күнү мамлекетибиз өнүгөт. Азыр акыл, салт, баалуулуктар баары кагылышып жаткан учурда жашап жатабыз. Кызды ала качып кетсе атасы кууп барып алып келгенди уят көргөн учурда жашап жатабыз. Ата анын аска зоосу да. Колунан жетелеп келгендин ордуна аялдарды жиберет. Аял чечкен чечимдин аркасында кыз калып калат. Бирок бул нерселерди жеңип өтөбүз. Мындан 10 жыл мурун жигиттердин мактанган сөзү башкача болчу. “Мен тигинин тумшугун жардым, мен тиги кызга бардым, мен тиги тайпанын балдарын уруп келдим” деген нерселерди сүйлөшчү. Азыркы жаштардын сөздөрү башка. Ар бири спорт менен машыгып, чет тилдерин окуп же башка бир өнөрүн, аң-сезимин өстүрүп жатышат. Баягы куру намыс, куру мактанычтар алардын сөздөрүндө жок. Демек, өнүгүп, жакшы жакка баратабыз.
– Айтканыңыз келсин. Маек соңунда өзүңүздүн чакан мамлекетиңиз тууралуу айтып кетсеңиз...
– Келинчегим менен сүйлөшүп жүрүп баш кошком. Өзү чыгармачыл чөйрөдөн. Үч уулду тарбиялап, өстүрүп жатабыз. Балдарым мамлекетке салымын кошкон мыкты инсандар болот деп ойлойм.
– Маегиңизге рахмат!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg