(Башы өткөн сандарда)
Эрнис ички калтыроосун араң басты. Тиги киши бейкапар сүйлөй берди.
– Жакшы сүрөтчү чыгат. Сүрөттү Сулайман Абировдун кызы тартты.
– Бул сүрөттү тарткан кыз ким? Канча жаштарда?
– Билбейм, жаш кыз, 19-20 жаштарда болсо керек. Студент иши кылып. Атасынын сыймыгы.
Эрнистин кулагы чуулдап, акылы алдастап кетти. “Жараткан, жардам бер. Балким, бул Аруукедир. Бир ишарат көргөз, эгерде менин кызым болсо бир нерсесин билейин” деди ичинен.
– Мага бул сүрөт жагып калды. Мен бул кыз менен таанышайын дегем. Өзүм да сүрөт тартам. Сүрөтчү эмесмин, бирок жаман эмес сүрөттөрүм бар. Мен бул кызды кайдан тапсам болот?
– Атасы менен устаканасында болот көп учурда. Өздөрүнөн сурап көрөм, дарегин бере бер десе берейин сизге,- деди тиги киши. Эрнис кайра барды сүрөттүн жанына. Көпкө тиктеп турду. Жүрөгүндө бир үмүт жанды. Курган жүрөк кабынан чыга тургандай дүкүлдөп согуп жатты.
ххх
– Уулум, кайдасың?
– Жумушта. Ата, эмне болду?
– Билбейм, мен...
Мукактанган атасы сүйлөй албай алдастап жатты. Айдардын жүрөгүнө да куру үмүт жандыргысы келген жок. Бирок ичинде бул жаңылыкты сактай албай койду.
– Ата, эмне болду сизге?
– Мен сүрөт көргөзмөсүнө бардым. Анда... Билбейм, менин көзүмө көрүндүбү же окшоштургум келдиби, айтор, бир сүрөт бар экен. Анда Арууке экөөң тартылгандай. Эмне деп ойлоорумду билбей жатам. Сен бул жакка келе аласыңбы?
– Барам, ата. Азыр барам.
Айдар дароо жетип барды. Атасы короодо турган. Экөө жетелеше жанагы сүрөттүн жанына келишти. Турат сүрөт. Анда өспүрүм бала боз талаада аркасында бир кичинекей кызды мингизип алып келе жатат. Айдар дендароо боло түштү. Бул сүрөт көп нерсени айтып турган эле. Ал алгачкы жолу тапкан 500 сомун, ошондогу көөдөнүн жарып сала тургандай сүйүнүчүн эстеди. Талаада кыйкырып кубанып чуркап келе жаткан Айдар. Ушунчалык даана элестеди ошол ирмем. Ыйлап жибере албай калтырап туруп берди.
– Ата, бул чын эле биз. Мен биздин айылда бир байкенин талаага суусун жыкканга жардамдашып, ал мага 500 сом берген. Эч чарчабай дикилдеп үйгө Арушту жонума көтөрүп келгеним эсимде. Бул эмне? Демек, бул... Ата, бул сүрөттү тарткан кыз Арууке.
– Эрте сүйүнбөйлү,- деди Эрнис өзүн токтото.
– Ата, ким тартыптыр?
– Жүрү, үйдөн сүйлөшөлү.
Экөө көпкө отурушту. Ичтеринде бир сүйүнүч бар болчу. Бирок сүйүнүчтөрүн да чыгара албай жөн эле отурушту.
– Сүрөтчү Сулайман Абиров деди, ээ?
– Ооба, ошентип айтты.
Компьютеринен карап изилдей баштады. Медиамагнат дешет экен көбү. Бир нече телеканалы, сайты, гезиттери бар имиш. Бирок өзү эч бир жерге интервью бербептир. Үй-бүлөсү тууралуу дээрлик маалымат жок. Сүрөтүн карап туруп бир жерден көргөндөй болуп жатты. Кайдан көрдү эле бул кишини?
– Эмне, балам, бир нерсе бар бекен?
– Эч нерсе азырынча. Эртең менен өзүнө барам.
– Коё туралы. Шектентпейли, Айдар. Андан көрө устаканасынын дарегин табалы.
– Жок, шек алдырбай эле жөн эле жолугууга барам. Сен камсанаба, ата, мен бир ыңгайын табам.
Эрнис уулун далыга таптады. Айдар ошол түнү такыр уктаган жок. Таңга маал гана көзү илинип кеткен экен. Түшүнө Арууке кирди. “Абака” дейт адатынча. Эч бир ортосунда айрылуу болбогондой жакын. “Сени издебедимби, Аруш” деп айткысы келет. Бирок тамагы кысылып айта албай жатып ойгонуп кетти.
Таң атпай жумушуна барды. Сулайман Абировго жолугушу керек. Кеңсесин издеп таап, кабылдамасында отурду.
– ТИМден бир кызматкер келиптир. Сизде шашылыш жумушум бар дейт.
– Кирсин.
Айдар чоң кабинетке кирди. Орто жаштагы адам каршы алды. Айдар кызматташуу, эл аралык долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча сунуштарын айтып жатты.
– Мен ойлонуп көрөйүн,- деди Сулайман чарчаңкы.
– Ойлонуңуз.
– Баса, аты-жөнүң ким дедиң?
– Эрнис уулу Айдар.
– Экөөбүз бир жерден таанышкан жок белек мурун?
– Мүмкүн.
– Добушуң тааныш сезилип жатат.
– Балдарыңыз барбы?- деди капыстан Айдар.
– Эмне болду?
– Балким, балдарыңыз менен тааныштырмын.
– Жок, кыздарым бар. Эркек балдарым жок.
– Ысымдары ким?
– Кимдин?
– Кыздарыңыздын...
Канчалык шек туудурбайын деген менен Айдар эмоциясын токтото албай жатты. Сулайман бейтааныш жигитти таң кала тиктеп турду. Жүзүнө караганда гана жүрөгү селт эте түштү. Көздөрү окшош эле. Асман менен бул жигиттин көздөрүндө таң каларлык окшоштук бар болчу.
– Эмне болду, мени кайсы жерден көргөнүңүздү эстедиңиз окшойт.
– Жок, андай деле эмес. Макул, жигит, сенин сунушуңду ойлонуп көрөлү,- деди шашкалактаган ал. Жигиттин көздөрү куду бир нерсени издегенсип карап турду. Ордунан турду да, чыгып кетти.
– Мүмкүн эмес!- деди Сулаймандын чар-жайыт ойлору. – Жөн эле окшош көрүндү мага.
Адам бир нерседен качкысы келгенде эч нерсени эстегиси келбей калат эмеспи. Ал дагы эсинен чыгарганга аракет кылды. Бирок өчөшкөндөй тепчий караган көз караш эч эсинен кетпей койду. Аз убакта Айдарды анын кишилери изилдеп баштады.
Ошол эле күнү кечинде болгон маалымат Сулаймандын столунда жатты.
Сулаймандын көзүнө Айдар дагы балдар үйүндө болгону илинди. Асманды алган балдар үйүндө болгон экен. Демек, шектенүүсү бекер болбогон экен. Шалдайып отуруп калды. Ал кызды алып жатканда агасы бар экенин чын эле билген эмес. Кийин билди. Айдар изине түшкөнүн да билди. “Жок, силер аны таба албайсыңар” деди өзүнө-өзү.
ххх
Кыз сүрөт тартып отурду. Көзүн көтөрүп сыртты карады, кеч кирип калган экен. Атасы күтүп жатканын эстеди. Тез жыйналып, машинесине отурду да, үйгө келди.
– Атам келдиби?- деди үй кызматчысынан.
– Жок, келе элек.
– Айжан кайда?
– Апасы менен бир жакка кетти.
Адатынча экөө конокко кеткен экен. Апасы ар дайым Айжанды ээрчитет. Ага деле капа болбоду. Болгону кезектегидей жүрөгүн бир нерсе кырчып өткөндөй болду. Эшик ачылып атасы кирип келди.
– Атооу, эмне кеч келдиң?
– Билбейм, кызым, иштерим бар болчу.
Кыз менен ата маңдай-тескей отурду. Сулайман кызын маңдайынан өөп койду.
– Чет өлкөгө окуу тууралуу айттым эле, ээ, кызым?
– Ооба, бирок сен мени эч кайда барбайт дегенсиң.
– Келечегиң үчүн чет өлкөгө окуган жакшы эмеспи, кызым?
– Ата, мен бул жакта эле окуюн. Чындап көңүлүм жок.
– Сен дагы бир жолу ойлонуп көрчү.
– Апам дайым мени чет өлкөгө кетиргиси келчү, а сен жок дечүсүң. Эми эмне болду?
– Сен анда кичине элең. Азыр чоң кыз болдуң. Мен сага ишенем, кызым.
Кыз ойлуу отуруп калды. Эч кеткиси жок эле. Бул үйдү, бул шаарды жакшы көрчү. Бирок так кесе атасына кетпейм деп айта албай койду. Сулайман мунун баарын билип турду. Ошентсе да аргасыз болчу. Асманды чет өлкөгө кетириши керек.
– Социалдык тармактарга катталгансыңбы, кызым?
– Жок.
– Катталба, кереги жок.
– Сиз бүгүн башкачасыз.
– Мен аябай чарчадым, кызым. Өмүр бою жүрөгүңдө жүк көтөрүп жүргөндөй жашаган оор эле. Көп күнөө кылдым. Көп кишиге залал келтирдим. Мен өз жашоомду такыр мындай болот деп ойлогон эмесмин. Мен сүрөтчү болчумун. Беш тыйыны жок сүрөтчү элем...
(Уландысы кийинки санда)