БЫЧАК МИЗИНДЕГИ ЖАШОО (Тынч жашоосу күтүүсүз бузулуп, Казакстанда оор күндөрдү баштан кечирген жигиттин жашоосу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Ресторан аябай жасалгаланыптыр, киши көп. Жаңы жылга үч күн калган. Залды аралап өтүп төрүндөгү бир эшиктен кирсек, төрт бөлмө бар экен, бир эшиктин алдында лөкүйгөн олбурлуу эки жигит турат. Бизди көрүп, бири эшикти ачып баш багып:

– Кире беришсинби?- деди да, бизге "киргиле" деген ишарат кылды. Экөө да кирип, эшик ичинен бекилди.

Чоң бөлмө экен, ортодо жаңгактан жасалган чоң стол, кайыш стулдар. Дубалда аюунун, тоо текенин башы катырылып илиниптир. Жаратылыш пейзажы тартылган түрдүү картиналар. Жерде калыңдыгы эки элидей болгон килем салыныптыр. Жайсаң четтеги стулда отурат. Төрдө орто бойлуу, чап жаак, арыгыраак келген, кер мурут, жашы кырктын кырындагы бирөө телефондо сүйлөшүп жаткан экен, көзү менен стулдарды көрсөтүп "отургула" дегендей белги берди. Сүйлөшүп бүтүп таякем экөөбүздү баштан-аяк карап, ойлонуп калды. Таякем күнөөлүү адамдай башын жерге салып бүрүшүп, тумагын мыжыгылап, ырайым күткөндөй бир байкуш болуп отурат. Жиним келип кетти, ак жерден күнөө койгудай булар ким өзү? Адыл мени карап турган экен, мен да көзүмдү ала качпай тиктешип калдык. Адылдын көздөрү сүрдүү экен, карышкырдын көзүнө окшоттум. Өткүр, адамды теше тиктеген өрт көздөр. Коркпой, өзүмдү күнөөлүү сезбей эркин отурганымды сезди окшойт, жүзүнөн ушуну байкадым.

– Адыл ага,- деп Жайсаң сүйлөйүн деп ордунан тура баштаганда "коё тур" дегендей колун жаңсап:

– Ага,- деп таякеме карады.

– Сөз бергенден кийин аткарыш керек. Сиз мас болуп уктап калыптырсыз, сиздин айыңыздан балдар көп акчага түшүптүр. Эми мындай, макул, болор иш болду. Кыргызстандагы жашоо шартыңарды уктум, акчаны баары бир кайтара албайсыңар, сиз же иниңиз бизге иштеп берип кутулат. Кимиңер каласыңар, өзүңөр чечкиле. Болду сөз бүттү,- деп ордунан туруп, күрмөсүн кийип чыгып кетти. Артынан бир жигити чыгып, андан кийин таякем чыгып баратканда Жайсаң мени далыма чаап:

– Жүрү, бүгүндөн баштап менин кулум болосуң,- дегенде жаным чыгып кетти. Бурулуп эле бир урдум. Муну күтпөдү болуш керек, көзү алайып, ийрелеңдеп барып жыгылып, узунунан түшүп жатып калды. Сокку ээгине таамай тийгендиктен кол көтөрүүгө чамасы келген жок.

Жанындагы шеригин кол көтөрөт болушу керек деп бурулуп даярданып калсам, мени таң кала карап калыптыр. Жанымдан унчукпай өтүп, эшиктен жаңы эле чыккан шефин чакырып калды. Адыл кайрылып келип жерде жаткан Жайсаңды көрүп:

– Эмне болду, бул эмне жатат?- деп жанындагы жигиттен сурады эле, тиги ийинин куушуруп:

– Түшүнбөй деле калдым, тигиге "менин кулум болосуң" дегенин уккам, анан эле жерде жатат,- деп күлүп жиберди.

Адылдын жүзүнөн ачуусу келгени билинбейт, эки жигитине мени көрсөтүп “мушташкыла” дегендей ишарат кылды. Өзү бөлмөнүн бурчундагы диванга отура кетти. Болушунча болду, мушташтан башка жолум жок эле. Дароо бөлмөнүн төрүнө өтүп, үстүмдөгү күрмөнү чечип ыргытып, даярданып калдым. Эки бала узун столдун эки жагы менен мага жакындап келатканда таякем чуркап келип бирөөсүнүн колунан кармап жалбара баштады. Тиги бала колун тартып алайын деди эле, коё бербей койду, ачуусу келип кетти окшойт, эки колу менен таякемди жакадан алып дубалга жапшыра чапты. Таякем арык киши эле, онтоп жатып калды. Беркиниси мага жакын келип калган, шеригин карап алаксып калды эле, секирип барып ээк тушка бир урдум. “Былч” дей эле түштү, дубалга сүйөнө бир азга турду да, кулап түштү. Столдун үстүнө секирип чыгып, таякемди дубалга урган баланын үстүнө секирип, салмагымды салып катуу түртүп жиберсем, башы менен дубалды катуу сүзүп, чалкасынан түшүп калды. Дароо он чакты жигит топтолуп калышты, бирөөсү мени көздөй жулунганда Адыл токтотуп койду. Жайсаң жатат дагы деле, жанында таякем отурат онтоп, көзү алайып калыптыр.

Чөнтөгүмдөн отвёртканы алып чыгып, даярданып калдым.

Адыл эмне болор экен, балдар турганга жарайбы деп күттү окшойт, экөө тең онтоп жатышат. Аларды бир аз тиктеп турду да, турбашына көзү жетти окшойт “эмне болуп кетти?” дегендей түр менен мени карады.

– Адыл байке, менин ордумда болсоңуз сиз деле ушуну кылмаксыз. Сизге кандай сөз жеткенин билбедим, бирок бизде күнөө жок. Туура, алмалардын үчтөн бирин суукка алдырдык, бирок алмаларды өтө арзан таап бергенбиз. Калганын сатканда деле пайда эки эсе ашып түштү. Ошого деле ыраазы болсоңуз болмок,- дедим. Адыл дароо жерде жаткан Жайсаңга жини келгендей тиктеди да, жигиттерине мени көрсөтүп:

– Бул балага эч кимиң тийбегиле, Калысты чакыргыла, буларды карасын!- деп таякемди ээрчитип чыгып кетти.

Лөкүйгөн, башы таз, капкара дүңүрөйгөн бирөөсү, чоңураактарынан окшойт, мени баштан-аяк бир тиктеди да, турайын деп аракет кылып жаткан Жайсаңга карап:

– Эй, келемиш, сен Ажымукан элең го, эмне болду бир соккуга тура албаптырсың?- деп каткырып күлдү. Жайсаңды баары эле жактырышпайт окшойт, берки жигиттер да күлүп жатышты. Тиги олбурлуу жигит менин жаныма келип, колун сунду:

– Атың ким?

– Самат.

– Менин атым Серик. Капа болбо, Самат, түшүнбөстүк болуп кеткен окшойт, бизге башкача сөз жеткен,- деп Жайсаңды жаман көзү менен карады. Жайсаң эптеп ордунан турду:

– Сени менен кийин сүйлөшөм!

Баары бир күчү жетпешин түшүндү окшойт, мени сөз менен коркутумуш болуп унчукпай калды.

Адылдын балдары мага кызыгып карап калышты. Айрымдары “ырас кылдың” дегендей ыраазы боло карап жатышты. Аңгыча врач окшойт, бирөө кирип жерде жаткан экөөнү текшерип көрүп:

– Менин бөлмөмө алып баргыла,- деп чыгып кетти. Балдар экөөнү көптөп көтөрө артынан жөнөштү. Бирөөсү мени ээрчитип бир бөлмөгө алып кирип жайгаштырып, өзү чыгып кетти.

Башка эч ким кирген жок. Коңшу бөлмөдө бирөөлөр майрамдап жатышкан окшойт, эшик ачылып-жабылган сайын музыканын үнү, каткырык, кыйкырыктар угулуп жатты.

Жарым сааттан кийин бир бала кирип, мени башка бөлмөгө ээрчитип барды.

Чакан бөлмө экен, "П" формасында стол коюлуп, столдун үстүндө ар кандай кагаздар жатат. Төрдө Адыл, оң жагында таякем отурат. Таякемдин алдында бир бөтөлкө коньяк менен стакан, бир тарелкада бөлүнгөн лимон турат. Жанагы бүрүшкөн таякем жок, жадырап көңүлү ачык. Бир топ эле кызып калган окшойт, мени карап көз кысып койду. Адыл колу менен жаңсап:

– Кел, иним, бул жакка отур,- деп сол жагындагы отургучту көрсөтүп, өзү телефондун кулагын бурап бир жакка чала баштады.

Таякем мени карап "баары жакшы" дегендей башын ийкеп койду. "Эми даана өлдүк" деп жаткам, таякемдин түрүн көрүп тынчтана түштүм. Адыл чалган номер албады, трубканы коюп:

– Ага, биз өзүбүзчө сүйлөшүп алалы. Сиз залга чыгып каалаган тамагыңызды заказ кылып бир аз отуруп туруңуз, эшиктин оозундагы жигит балдарга дайындап коёт,- деди.

Таякем "макул, макул" деп ордунан шашылып туруп бөлмөдөн чыгып кетти.

Адыл тамеки күйгүзүп, түтүнүн асманга үйлөп бир топко отурду да минтти:

– Самат, иним, мага туура эмес маалымат жеткен экен. Баарыбыз тең Кудайдын алдында жүргөн пендебиз, күнөөсү жок адамга биз деле жамандык кылбайбыз, бирөөнүн акысын жебейбиз. Таякең айтып берди эмне болгонун. Макул эми, болор иш болду, өттү, кетти. Сөз мындай, мага ишеничтүү, тың балдар керек. Эгер биз менен иштейм десең, сага ылайык иш бар. Жакшы төлөп беребиз, каалаганың болот. Бирок ызы-чуусу да болуп турат. Азыр жооп бербе, баары бир эртең кетесиңер. Түнү менен убактың бар. Жакшылап ойлон, мага жан дили менен иштеп берчүлөр керек, моюнунан байлангандар керек эмес. Эртең саат он бирлерде келем, ошондо айтасың жообуңду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Erkinai7479
2019-12-09 13:54:38
Мен биринчи окшойм :)
+1
akmanai
2019-12-11 07:00:14
Жакшы чыгарма экен. Рахмаат.
+1
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан