КЫРГЫЗСТАНДА «ЖЫЛДЫН ТАНДООСУ-2019»



11-декабрь күнү саат 18:30да Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында “Жылдын тандоосу-2019” улуттук долбоорунун 19-жолку сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Салтанатта мыкты товар өндүрүүчүлөргө башкы байге – Ардак медалдар, “Коомдук таазим” фестивалынын “Коомдук таазим” сыйлыгы, “Кыргызстандын канаттуу келечеги” фестивалынын Ардак сертификаты тапшырылат.

“Жылдын тандоосу” улуттук долбоору коомдук, улуттук долбоор катары демилгеленген жана Кыргыз коомчулугу, ЖМКлар жана Кыргызстандын эли тарабынан кеңири колдоого алынган. Долбоордун миссиясы жана кредосу – бийик патриоттуулук.

Кыргызстанда бул фестивалдын зарылчылыгы чоң. Себеби компаниялар арасында атаандаштыкка жөндөмдүүлүк күндөн-күнгө өсүп, керектөөчү үчүн туура тандоо жасоо кыйындап баратат. Бул долбоор бардык жарандар үчүн кызмат көрсөтүүнү жана товар тандоону, ал эми компаниялар үчүн өз өндүрүмүн жакшыртуу үчүн туура багыт тандап алууну жеңилдетет.

“Жылдын тандоосу” фестивалы эл аралык статуска ээ жана КМШнын беш өлкөсүндө: Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Украинада жана Беларуста өткөрүлөт.

Жеңүүчү бири-биринен көз карандысыз негизги 2 этап боюнча аныкталат, бул тандоонун калыстыгына кепилдик берет. Жеңүүчүлөрдү тандап алуу Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында элден социологиялык сурамжылоо жүргүзүү менен башталат. Аналитикалык колдоо “Эл-Пикир” коомдук пикирди изилдөө борбору тарабынан жүргүзүлөт.

Социологиялык изилдөө менен бир убакытта эксперттердин добуш берүүсү жүргүзүлөт. Алар катышуучулар берген маалыматтардын, өздөрүнүн жекече профессионалдык тажрыйбасынын, дегустация, сынап көрүү жана экспертиза жыйынтыктарынын негизинде тыянак чыгарышат.

Андан ары уюштуруу тобу алынган жыйынтыктарды анализдеп, аларды системдештирет. Жыл сайын тандап алуунун жыйынтыктары милдеттүү түрдө аудиттен өтөт. 2019-жылкы долбоордун расмий аудитору “Кыргызаудит” аудит-консалтингдик фирмасы ЖАКсы.

Фестивалдын жыйынтыгын жарыялоо Кыргызстандын эли үчүн жакшы салтка айланды. Ал эми жыл сайын өтүүчү үстүбүздөгү сезондун каармандарын сыйлоо аземи – бул фестивалдын туу чокусу, узап бараткан жылдын өзгөчө окуясы. Аны катышуучулар да, жеңүүчүлөр да чыдамсыздык менен күтүшөт.

Кыргызстанда “Жылдын тандоосу-2019” эл аралык фестиваль-сынагын уюштуруу комитети. Бишкек шаары, Сыдыков көчөсү, 178.

Тел.: 0555 79 70 52, 0504 47 30 97, 0555 44 70 97

choice_1kg@mail.ru

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан