Максатбек Жанаков, “Домтехсервис” компаниясынын жетекчиси: “ЭЛГЕ САПАТТУУ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ КӨРСӨТҮП ЖАТАБЫЗ”

“Домтехсервис” компаниясынын негиздөөчүсү Максатбек Жанаков “кыргыз элиме кызмат кылып, бата алам” деген максатта ушул компанияны түптөп, иш алып барып жаткан чагы. Ал Швецияда мигрант болуп жүргөндө, Кыргызстанга барып үй жылуулоо, сантехника иштерин сапаттуу жасоодогу жаңы ыкмаларды элге жайылтам деп кыялданган. Ал жактагы кыйынчылыктары жана ийгиликтери, татаал тандоо, оош-кыйыштар тууралуу кызыктуу маек куруп берди.


ШВЕЦИЯДА САНТЕХНИК БОЛУП ЖҮРГӨН КҮНДӨР...

– Азыркы билгенимдин көбүн чет өлкөдө жүргөндө үйрөндүм. Швецияда иштеп жүргөн жылдары тапкан акчам менен бул жактан тапкан акчаны салыштырып болбойт. Чындыгында көп тапчумун. Бирок менин максатым тапкан акчама ыраазы болуп жүрө берүү эмес, чет өлкөдө турак жайды техникалык жактан тейлөөдөгү жетишкендиктерди Кыргызстанга алып келүү болчу. Барганда эле сантехниктин жумуштарын издеп баштадым. Англис тилин бир аз билем. Ошол тил билгендигим мага жакшы жардам берди. Сантехниктин кызматтарын көрсөткөн фирмаларга телефон чалып жатып, жумуш таптым. Кудай жалгап ошол компаниянын жетекчиси орус улутундагы адам экен. Көптөн бери ошол жакта жашап, бирок өз тилинде кенен болбосо да баарлаша алат экен. Экөөбүздүн орусчабыз бирдей болчу (күлүп). Ошентип ал жакка ишке кирдим. Дароо эле инженердик чоң жумуштарды алып иштегенге мүмкүнчүлүк болгон жок. Мага окшогон мигранттарды майда-чүйдө, кол арага керектүү жаман, оор жумуштарга салып коюшат. Анткен менен жумуш тандабай, жумшаган жагына чуркап, майда болсо дагы берилген тапшырманы так аткарып жетекчиликтин ишенимине кирдим. Китептерди алып окучумун, мазмунуна түшүнбөсөм дагы сүрөттөрүн көрүп үйрөнчүмүн. Жарым жылдан кийин мени чоң объекттерге барып иштөөгө жибере баштады. Бир жылдан кийин 1 бригаданы жетектеп калууга жетиштим. Мындан соң тилди билгендигиме байланыштуу техникалык сервис көрсөтүүнү да мага ишенип тапшыра башташты. 1 жыл ичинде өзүмө керектүү билим, көндүмдөрдү топтогон соң, алган билимим Кыргызстан үчүн жетет деп түшүндүм. Билгенимдин баарын өз өлкөмө келип жайылтып, элге сапаттуу тейлөө көрсөтүүнү самай баштадым.

“ОТУН РЕСУРСУН ҮНӨМДӨӨГӨ ШАРТ ТҮЗӨБҮЗ”

– Мындан тышкары ортодо Москвадан тиричилик техникаларын оңдоо боюнча адистикти да окудум. Кыргызстанга келип жалаң техникалык тейлөө багыттарын камтыган кызмат көрсөтүүчү компания ачтым. Мендей колу эптүү, атайын окуп билим алып, техниканы менден мыкты түшүнгөн балдарды таап, алардын башын бириктирип, учурда “Домтехсервис” аттуу компанияны иштетип жатабыз. 2 жылдын жүзү болуп калды, бул арада биз үйдү жылуулоо (жылуу пол, жылытуу системин орнотуу ж.б.), сантехникалык кызматтар, үйдү желдетүү системи, тиричилик техникаларды оңдоо сыяктуу тейлөөлөрдү жүргүзөбүз.

Жасаган иштерибиздин баары заманбап ыкмалар менен ишке ашат. Мисалы, мурда үй жылытуучу системди орноткондо килейген калың чоюн, темирлерди ширетип батарея жасап, аны оркойтуп-каркайтып терезелердин алдына карала кылып тагып коюшчу. Калың темирдин ичиндеги суу ысып, анан темир өзү жылып үйдүн ичине жылуулугун бергиче жагылган отун көп коромжуга учурачу. Азыр андай эмес, заманга жараша үй жылытуучу системге керектүү материалдар отун ресурсун үнөмдөөгө ылайыкташып чыга баштаган. Эми ушул эле материалды деле өз ыгы менен, ыңгайлуу, ар кай жеринен сороюп чыгып калбагандай кылып жыйнактуу жасоонун да ыкмасын билиш керек.

Жогоруда саналган кызматтардын арасынан эң маанилүү дагы бир кызматты айта кетейин. Мисалы, азыр үйдүн баары пенопласт, пластик эшик-терезелерди колдонуу менен салынып жатат. Бул материалдар жылуу болгону менен, бөлмөнүн ичине жел киргизбей салат. Натыйжада сырттан муздак, үйдүн ичинен жылуу аба болгондо дубалдар ным болуп, көгөрүп кетет. Биз ушул кырдаалды жөнгө сала турган ыкма менен бөлмөнү желдетүүчү жабдыктарды да орнотобуз.

Биз дайыма жасаган ишибизге кепилдик беребиз. Буюртманы аткарып ишин жасап берип коюп жок болуп кетпей, аны колдонуунун ыкмасын үйрөтүп, кемчиликтер жаралса калыбына келтирип да беребиз. Ушул кезге чейин бир да кардарыбыз кемчилигибизди айтып, даттанып кайрылган эмес. Учурда ушул ишке баш отум менен кирип, элдин берген батасы мени шыктандырып жатат. Адамдардан жакшы алкоо уксаң кубанып, алдыга умтулуп, дагы жасаган ишиңди өнүктүрүүнү самап калат экенсиң.

“БИЗ ОКУТУП, ҮЙРӨТӨБҮЗ”

– Азыр эми компаниябыздын кулачын кенен жайып, тармактарын көбөйтсөкпү деп жатабыз. Учурда шыктуу, техника жана инженерияга кызыккан балдарга курстарды өтүп жатабыз. Курамыбызда тажрыйбалуу агалар бар. Алар аз болсо да коомго керектүү адистерди даярдап жатышат.

Мындан тышкары кардарларга колдон келишинче жеңилдиктерди берүү үчүн төлөмдөрдүн ыңгайлуу жолдорун сунуштап жатабыз. Кыргыздар өзү акча чогултканды жакшы билбейбиз. Үйдү ремонт кыларда же жылытуу системин орнотордо насыя алып жасаткандар четтен чыгат. Биз банктардын бири менен сүйлөшүп, кардарларга кызматыбыздын акысын бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берели деп жатабыз.

Тел.: 0706 30 40 20, 0556 30 40 20

Сайт: www.domtehservis.kg

Инстаграм: domtehservis

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
narjan
2019-12-09 12:20:53
Сонун маек болуптур, ишинизге ийгилик каалайм. Ушундай элин, жерин ойлогон мырзаларыбыз көп болсун.
0
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан