IPHONE ЖЕ MACBOOK УТУП АЛГЫҢ КЕЛЕБИ? АНДА БИЗДИН I LOVE ENGLISH BECAUSE… 2020 ВИДЕОСЫНАГЫНА КАТЫШ!

Сынактын катышуучулары англис тилин жакшы көрөрүн оозеки, жазуу, же кандайдыр бир башка жолдор аркылуу көрсөткөн видеоролик даярдайт. Видеороликтин узактыгы 30 секунддан ашпашы керек. Баса, аталышы жана титр менен берилген текстин да унутпаңыз.

2019-жылдын 1-декабрында саат 8:00дө ачылып, 2020-жылдын 15-январында саат 18:00дө жабылат. Таймаштын жеңүүчүлөрү I Love English Day Facebook жана Instagram @ilovenglishday баракчасына 2020-жылдын февраль айында жарыяланат.

Өзүңүздүн Instagram баракчаңызга #ILE2020 деген хэштег менен видеоролигиңизди жүктөп, @ilovenglishday баракчасын белгилөөңүз абзел. Ошондо I LoveEnglish сынагынын жамааты сиздин видеоролигиңизди өзүнүн баракчасына бөлүшөт.

Видеого кыргыз, орус же англис тилинде кыска түшүндүрмө жазуу зарыл. Ал 100 белгиден ашпашы керек.

Видеоролигиңиз менен бирге аты-жөнүңүздү, колдонгон телефон номуруңузду жана электрондук дарегиңизди жибериңиз. Сиз бул маалыматты жиберүү менен бул сынактын эреже-шарттарына макул болгонуңузду тастыктайсыз.

Сөзсүз түрдө АКШ Элчилигинин баракчасына @usembassybishkek жана I Love English Day @ilovenglishday баракчасына жазылуу зарыл.

Эки досуңузду комментарийге белгилеп жана @ilovenglishday баракчасындагы сынак жөнүндө #ILE2020 деген официалдуу кулактандыруунун астына комментарий калтырыңыз. @ilovenglishday баракчасын белгилеп, аны Instagram`дан сториске бөлүшүңүз (I Love English Day`дин жамааты кимдер постту бөлүшкөнүн билиши керек).

Гран-при: MacBook 2019 13 inch Touch ID 128 GB

Категориялар боюнча байгелер:

Романтикалуу:

iPhone 11 128 GB

Күлкүлүү:

iPhone 11 128 GB

Оригиналдуу:

iPhone 11 128 GB

Kөпчүлүктүн көңүлүн өзүнө тарткан деген байге

Amazon Kindle

Жеңүүчүлөр Бишкекте өтө турган белектерди ыйгаруу аземине катышууга милдеттүү. Ошондой эле кошумча белектер сынактын демөөрчүлөрү тарабынан берилет.

"I LOVE ENGLISH BECAUSE…VIDEO CONTEST 2020" сынагынын видеосунун талаптарын жана акыркы жаңылыктары менен кабардар болуш үчүн бул баракчаларга - Facebook: I Love English Day, Instagram: @ilovenglishday жазылып, «Жагат» деген белгини басыңыз. Сиз акыркы жаңылыктар жана сынакка жиберилген видеороликтер жөнүндө маалымат алууга мүмкүндүк аласыз. Биз сизди күнүгө акыркы окуялар менен тааныштырып турабыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bulathan
2019-12-09 10:33:33
жакшы нерсе экен
0
№ 892, 5-11 декабрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан