ЭКИ ГҮЛДҮН ТАЛАШЫ

Режиссёру – Евгений Марчелли
Продюсери – Александр Акопов
Сценарийин жазган – Алексей Молоков
Ролдордо: Анна Снаткина, Наталья Рудова,
Кирилл Сафонов, Софья Донианц, Илья Иосифов ж.б.

Учурда россиялык 1-каналдын кечки эфири “Амедия” кинокомпаниясы тарабынан тартылган “Татьянин день” аттуу көп сериялуу үйбүлөлүк көркөм фильм менен ээленип турат. Мазмунуна жараша бул фильмди кыргызча «Эки гүлдүн талашы» деп атасак жарашчудай. Аталган сериал 1999-жылы Колумбияда “La Guerra de las Rosas” (“Розалардын согушу”) деген ат менен чыгып, дүйнөнүн 18 өлкөсүндө көрсөтүлгөн фильмдин ремейки (ошол сюжеттин негизинде башка актёрлор аткарат) болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө “Розалардын согушу” Испания, АКШ, Израиль, Мексика жана башка өлкөлөрдө көрсөтүлүп жатса, ал эми «Эки гүлдүн талашын» Россия жана КМШдагы көрүүчүлөр көрүп жатышат.

Сүйүү үч бурчтугу
Сериалдын өзөгүн эки бийкечтин бир уланга болгон ысык сү­йүүсүн чагылдырган окуя түзөт. Баш каармандардын жолдору Москва шаарында кесилишет. Эки Татьяна университеттин архитектура жана курулуш бөлү­мүндө окушат. Булар кезиккен күндөн тартып бири-биринен эч нерсени жашырбаган жакын курбуларга айланышкан. Татьяна Разбежкина (Анна Снаткина) Саратов областынын Тупилки айылынан келген. Мектепте да, университетте да дайыма эң алдыңкы окуучулардын бири болгон. Жогорку окуу жайдын областтык филиалында 4-курска чейин окуп, студенттик конкурста мыкты долбоору үчүн жеңүүчү болуп чыгат да, окуусун борбордо, Москвада улантууга мүмкүнчүлүк алат. Акылдуу, токтоо, өжөр, намыскөй, бирок, өтө эле ишенчээк кыз.
Экинчи Татьяна (Наталья Рудова) Москвада чоң кызматкердин үйбүлөсүндө тарбияланган, тагыраак айтканда, тарбияланбай калган. Анын энеси алыскы Испанияда жашайт, атасынын оор жумуштан улам эч качан колу бошобойт. Баринова деген фамилиясы айтып тургандай, бул кыз байлыкка бөлө­нүп өскөн. Атасынын эрке кызы окууга же иштөөгө шыгы жок, бирок, шаардын эң ири элиталык кечелери ансыз такыр өтпөйт. Жашоосундагы алдына койгон максаттарына акча жана жакшы тааныштарынын жардамы менен жетүүгө көн­гөн.
Татьяна Разбежкина жаңы курулуш компаниясына жумушка орношуп, чогуу иштеген кызматташына ашык болуп калат. Ички сезимдери тууралуу курбусуна айтып берет. Баринова да өз кезегинде өзүнө көптөн бери жагып жүргөн сулуу жигит жөнүндө кеп салат. Кийинчерээк эки кыздын жүрөгүн ооруткан сырдуу жигит бир эле адам экени билинет. Ал – акыл десе акылы, келбет десе келбети бар көптөгөн бийкечтердин жүрөгүн өйүткөн дон жуан Сергей Никифоров. Шаардын алдыңкы архитектор-куруучусу өзүн сүйүү жагынан да мыкты адис деп эсептейт. Ошол себептен эки татынакай курбу кыздын башын айлантып, экөө менен тең сүйүү оюнун ойноп келет. Оюндан от чыгып, сүйүү үч бурчтугунун арасында күтүлбөгөн окуялар башталат. Кызык экенби? Уландысын өзү­ңүздөр көрүңүз­дөр.

Жөнөкөй, бирок, курч окуялуу тасма
Карапайым элеттик кыз чоң шаарга келип, алдындагы бардык тоскоолдуктарды жеңип, сүйүүсүнө жолугат да, бактысын табат. Башынан эле аягы эмне менен бүтөөрү билинген мындай көнүмүш сюжеттер элди тажатпайбы деп ойлойсуң. Бирок, сериалга болгон суроо-талап, эфирдеги рейтингдин даражасын көргөндө тажатпасы түшүнүк­түү болот. Тескерисинче, жөнөкөй, бирок, курч окуяларды камтыган тасмалар көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынат. Ошентип, сөз болуп жаткан фильмде эки гүлдүн талашы Татьяна Разбежкинанын пайдасына чечилет.
Фильмдин жакшы жыйынтыкка жетиши үчүн мыкты актёрдук топ, тажрыйбалуу режиссёр жана тасманын жакшы сапаты маанилүү талаптар экени талашсыз .
Тасма 2006-жылдын октябрь айында тартылып баштаган. Актёрлорду тандоо, башкача айтканда, кастинг абдан катуу жагдайда өткөн. Башкы ролго гана 45 талапкер катталган. Тандалган Анна Снаткина катар саны боюнча 37-актриса болчу. Кастингге баш-аягы 339 киши катышып, негизги жана катардагы ролдорго 26 актёр тандалган.

Кызыктуу статистика

  • Тартуучу топ 185 адамдан жана 12 иттен турат.
  • Сериал тартуу учурунда 5 миң ирет түшкү тамактануу катталып, чай жана кофе үчүн 20 миң пластик стакан колдонулган.
  • Фильм 22 жерде тартылат. Кээ бир бөлмөлөр, мектеп классы жана түрмөдөгү камера жасалма декорация болсо, калган окуялар тартылган фильмдеги 114-квартира, офис, Бариновдордун үйү, Никифоровдун квартирасы сыяктуу жерлер чыныгы имараттарда жайгашкан.
  • Эң көп дубль 1-сериядагы унаа кырсыгын тартууга кеткен. Кырсыкты чындыкка окшоштуруу үчүн 20 дубль тартылган.
  • Сценарий, иш кагаздар, пландар үчүн туура 3 “Камаз” (!) кагаз сарпталган.
  • Тасманын даяр бөлүмдөрү Betacam;В форматтагы 100 кассетада сакталууда.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 234, 27-апрель-3-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан