Англиянын Кембридж шаарынын жашоочусу үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринен калган ири суммадагы мурасты жалаң баңгизатына короткон. Маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыкты. Лорна Уэбб аттуу 51 жаштагы аялга 250 миң фунт стерлинг (болжол менен 21 миллион сом) мурас калган. Ал акчаны 14 айдын ичинде жалаң баңгизатына коротуп салган. Ал жергиликтүү жашоочуларга тынчтык бербей, чуу жаратып келген. Аны тартип сакчылары кармап кетип, соттук отурум болгон. Уэбб уурулук кылууга, “Тез жардамдын” кызматкерине кол салууга, мас болуп алып баш аламандык жасоого айыпталган. Ага жаза катары 1 жарым жыл бою коомдук жумуштарды жасоого милдеттендирүү чечими чыккан.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg