УЧУК – СОКУРЛУККА ДЕЙРЕ ЖЕТКИРҮҮЧҮ ООРУ

Бул оору күтүлбөгөн жерден пайда болот. Алгач эрин дулдуйгандай сезилет. Анан ал жер кызарып, кычышып, тырмадың дегиче суу толгон ыйлаакча жаралат. Окурман, сиз баамдагандай, албетте, сөз учук тууралуу болмокчу.

КЫЗЫКТУУ
Учуктун белгилери тууралуу алгач римдик врач Геродот биздин доорго чейинки 5-кылымда сүрөттөп жазган. Учук эл аралык деңгээлде “герпес” (байыркы грек тилинде “герпейн” – “сойлоочу”) деген аталышты алып жүрөт. Ооруга мындай аталышты Гиппократ ыйгарган. Герпеске каршы күрөшүү акциясын биринчи жолу мындан 2 миң жыл мурун Рим императору Тиберий уюштурган. Ал сенаторлорго сенатта бири-бири менен өбүшүүгө тыюу салган.
1912-жылы немис окумуштуулары Грютер менен Левенштейн алгач ирет учук тууралуу кенен маалымат жарыялашкан.

ЭМНЕДЕН УЛАМ ЧЫГАТ?
Учуктун чыгышын төмөнкүлөр шарттайт:

  • Суукка, шамалга урунуу;
  • Катуу ысыкта калуу;
  • Катуу стресс;
  • Адамдын жугуштуу ооруга чалдыгуусу (сасык тумоо, ангина ж.б.);
  • Күндүн зыяндуу нурлары астында узакка жүрүү.

Андыктан көчөгө чыгарда эринге күндөн сактоочу крем же помада сүйкөп алуу кажет.
Кокус учук суукка урунбаган же шамалдабаган кезде деле, кыскасы, себеби жок чыгып кайра кете берсе, демек, организмде өнүгүп жаткан оору бар. Мисалы, сарык оорусу болушу мүмкүн. Андыктан текшерилүү кажет.

УЧУК – ЖУГУШТУУ ООРУ
Учук – жер шарында эң көп кези­гүүчү жугуштуу оору түрү. Аны дүйнөнүн 90 пайызга жакын адамы алып жүрөт. Суу чечекти да учуктун вирусу козгойт. Анын жалпысынан 7 түрү бар.

КАНДАЙ ЖОЛДОР МЕНЕН ЖУГАТ?

  • Өбүшүүдөн;
  • Учук чыккан адамдын буюмдарын колдонуудан. Мисалы, чынысы, сүлгүсү ж.б.
  • Жыныстык жол аркылуу (гениталиялык учук).

Учук чыккан ооз менен жыныстык мүчөнү өпкөндө же жыныстык мүчөнү оозго алганда. Ошондой эле жубайлардын биринин жыныстык мүчөсүнө учук чыгып, анан түгөйү менен кошулса да учук жугушу мүмкүн.
Кыскасы, учугу бар адам оорунун булагы болуп эсептелет.

ВИРУС ОРГАНИЗМГЕ КИРГЕНДЕН КИЙИН...
Вирус организмге кирген соң узакка дейре омуртканын нерв түйүндөрүндө (ганглий) бекинип жүрөт. Анан иммунитет төмөндөгөн кезде, адам суукка урунганда, шамалдап же ысыкта калганда оозго ыйлаакча түрүндө чыга калат.

ЭМНЕСИ МЕНЕН КОРКУНУЧТУУ?
Жөнөкөй учук адамды көп деле жабыр тарттырбайт. Ал эми гениталиялык (жыныстык жактан жугуучу) учуктун зыяндуу жактары көп. Алар:

  • Тукумсуздук. Анткени вирус эркектердин сперматозоиддеринин башы менен аялдардын жумуртка клеткаларын жабыркатат.
  • Көздү жабыркатып, сокурлукка дейре алып келет.
  • Куяң.
  • Нерв системасына зыян алып келип, герпетикалык неврит менен энцефалитти жаратат.
  • Герпетикалык пневмониянын келип чыгышын шарттайт.
  • Боорду жабыркатып, герпетикалык гепатитке алып келет.

Эркектердин жыныстык органдарына учук чыкса, ал жер кызарып, кычыштырат. Вирус көбөйүп кетсе, ички бездер чоңоёт. Аялдардын жыныстык органдарына чыккан учук жыныс кынын, жатынды кошо сезгентет. Кээде жыныстык органдарга учук чыкканда ыйлаакча пайда болбойт. Бирок кызарып, кычыштыруу, шишүү сөзсүз күтүлөт.
Эринге чыккан учукту кармаган кол менен көздү сүрткөндө вирус көзгө да жугат. Кээде адам суу чечек менен ооруган соң да денесине (көбүнчө көкүрөк бөлүккө) учук чыгышы мүмкүн.

УЧУККА КАРШЫ ЭМДӨӨ ЖОК
Кызыгы, бул ооруга каршы вакцина жок. Вирусту биротоло өлтүрүүчү дары-дармектер да колдонууда жок. Болгону, вирустун көбөйүп, активдүү болуп кетишин жана ооруну басуучу дары-дармектер гана бар.

  • Ацикловир (Зовиракс). Таблетка, мазь, гель жана ампула түрүндө.
  • Валацикловир (Валтрекс). Батышта дал ушул таблетка кеңири колдонулат.
  • Фамцикловир (Фамвир). Таб­летка түрүндө.
  • Тромантадин (Виру-Мерц Серол). Гель түрүндө.

Кокус көл жээгине жөнөп кал­саңыз, сумкаңызда жогоруда айтылган дарылардын бири сөзсүз болушу шарт. Учук эринге чыккан соң аны токтотуш кыйын. Андыктан алдын алып, таблетка ичип же эринге мазь сүйкөгөн оң. Жаныңызда дары жок кезде учук чыгып баштаса, анда эринге арактан компресс жасаңыз. Булар да жок болсо, анда муздак, күчтүү кофеден, валерианкадан же корвалолдон компресс кылуу ылайык.

УЧУК МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨГҮ 5 ЭРЕЖЕ

  • Кыздар эч качан бирөөнүн помадасын колдонбошу кажет. Анткени учурда курбуңузда учук жок болгону менен, мурун чыккан учуктун вирусу помадага жуккан бойдон жашап жатышы мүмкүн.
  • Учук чыккан кезде эч качан би­рөө­лөрдү (мейли күйөөңүз, мейли балаңыз болсун) өппөңүз. Анткени вирус жугат.
  • Эстетикага ылайык келбесе да, учукка йод эмес, зелёнка сыйпоого болот.
  • Учук чыккан кезде ачуу, туздалган, ышталган азыктарды жеп, күчтүү кофе ичүү адамдын абалын начарлатып жиберет.
  • Шамалдуу аба ырайы, этек кир келер алдындагы кез, стресс учук чыгууга ылайыктуу учурлар болуп эсептелет.


Элдик медицинадан

МИТЕ КУРТТАРДАН КАНТИП КУТУЛУУГА БОЛОТ?

Мителер организмге кирген соң органдарга жайгашып алышат. Боорго, өпкөгө, көзгө, жадакалса мээге. Алар аскарида, лямблия жана башкалар. Жайгашкан органынан керектүү азыктарды жутуп, өзүнө сиңирет да, ордуна чоң өлчөмдөгү ууну бөлүп чыгарат. Уулар канга, лимфага өтөт. Бул аллергияга, алтургай кан оорусуна алып келет. Мителерден элдик медицинанын жардамы менен кутулууга болот. Бирок анализдерди тапшырып, анан дарыгердин кеңеши менен гана колдонуу зарыл.
Мителерден дары чөптөрдүн тундурмасы менен арылууга болот. Тундурма үчүн төмөндөгүдөй чөптөрдөн бир чай кашыктан керектелет. Кызыл мыянын тамыры, жапалак көкөмерен (чабрец), төө жалбырак, кырк муун, чай чөп (зверобой), арчанын даны (можжевельник). Баарын бир идишке салып, үстүнө жарым литр кайнак суу куябыз. Жылуу түрдө чай катары тамак алдынан 7 күн ичилет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
swan
2010-08-28 17:36:35
rahmat men murun ukpagan kengewter eken,uchuk maga jok degende bir jilda 4 jolu chigat.Darilatpasa minchalik korkunu4tuu bolorun ukkan da emesmin.
0
Zhenish
2011-06-11 14:06:39
Мага дагы учук ериндериме 1жылда 3-4жолу чыгат ,учук вирусу бар турбайбы...
0
gulnaz21
2014-06-02 14:09:12
Choon rahmat, men grip bolgon saiyn uchuk menen jenip ketem birok uchuktun juguwtuu ekenin bilbepmin turlorun da.
0
uli1234
2018-08-16 15:22:26
Озго алганда дейтко
0
№ 408, 27-август - 2-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан