(Башы өткөн сандарда)
– Бирок колума бир күнү ийгилик келди. Бир күнү колума бакыт келди. Алар чындап меники эмес экенин билсем да аларды меники деп ойлодум.
– Ата...
– Кызым, артыма карасам бир гана чоң шедевр жаратыптырмын. Ал сен! Келечегиң бар, талантың бар. Мендей орто заар таланттуу эмессиң. Ошол үчүн сен дагы окушуң керек.
– Ата, сиз бир аз ичипсиз, ээ?
– Ооба, бирок апаңа айтпа.
– Ден соолугуңузга болбойт да сиздин.
– Билем, бирок бүгүн ичким келди. Сен апаңа айтпа. Мен жатып калайын.
– Макул.
Сулайман өз бөлмөсүнө бет алды. Кызы аркасынан карап турду.
– Ата, мен сени жакшы көрөм.
Сулайман укту. Ыйлагысы келди. Кызды алып жатканда эч кимге билгизбейм, бул сырды эч ким билбейт деген. Бир өмүр саксактап жашады. Кызынын “сизди жакшы көрөм” деген сөзү бардык азапты жууп кетти. “Периштем” деди ичинен.
ххх
– Ата, мен көрдүм ал кишини. Оңой менен жеңиле турган адам эмес. “Кыздарым бар” деди. Эки кызы бар экен. Бири Арууке менен жашташ.
– Айдар, балким, ал биздики эмес.
– Жок, ал адамдын көзүнө тиктегенимде көздөрүн ала качты. Шашкалактап кетти. Бир жашырганы бар.
Куду ичине жалын түшүп кеткендей экөө тең кыйналып жатышты. Эрнис эртеси кайра көргөзмөгө барды. Кайра баягы сүрөттүн жанында турду. Аны байкаган көргөзмөнүн уюштуруучусу басып келди.
– Сиз бул сүрөткө аябай кызыгып калдыңыз?..
– Ооба. Хм... Балдарымдын бала чагын эстетти... Ошондон...
– Ооба, бала чак сонун кез эмеспи.
– Тарткан кызга жолуктуңузбу?
– Жок, жолуга албадым.
– Анда телефонуңузду берип коюңуз. Мен сиздин сүрөткө кызыгып калганыңызды айтып, кааласаң байланыш деп берип коём. Асман бул жерге көп келет.
– Мейли, жакшы болот.
Эрнис чөнтөгүнөн телефонун алып, номерин берейин деп жатканда тиги киши токтотуп койду.
– Керек болбой калды, тигине Асман өзү келе жатат.
Жаш кыз келе жатты. Алакандары тердеп, жүрөгү дүкүлдөп кетти Эрнистин. Кыска күрмө, бутунда спорттук бут кийим. Бойлуу экен. Чачтары түз. Аруукеники бир аз тармал эле да. Жүзүн даана карай албай жатты. Бир сүрөттү карап турду да, бурулуп түз эле эки адам турган жакка басты.
– Кандайсың, Асман?- деди тиги киши.
– Жакшы байке, өзүңүз?..
– Бул адам сен тарткан сүрөттү жактырып калды. Сени менен таанышам деп жүрдү эле.
– Ошондойбу?
Кыз түз тиктеди. Эрнистин жүрөгү жарылып кете жаздады. Мончоктой жылтыраган тептегерек көздөрү өзгөрбөптүр. Каштары, мурду, апакай жүзү... Бул Арууке болчу. Нес боло тиктеп тура берди. Асман ак чач бойлуу адам өзүн түшүнүксүз тиктеп турганына таң кала түштү. Бир саамга тиктешип калышты. Адамдын көздөрүндө терең кайгы бар болчу.
– Арууке!- деди Эрнис көмөкөйү кургап. Ичинен кыйкырды. Айтып алдым деп чочуп кетти.
– Эмне болду сизге?
– Мен...
Эрнис дагы деле турат. Бир нерсе айтайын дейт, акылына эч нерсе кирбеди.
– Мен тарткан сүрөт...
– Ооба. Кызым, бул тарткан сүрөт мага жакты. Булар кимдер?
– Билбейм, кичине кезимде бир китептен көрсөм керек. Жөн эле отуруп тартып койгом. Атама аябай жаккан үчүн бул көргөзмөгө койгонбуз.
– Мындагы эки бала... Китептен көрдүм дедиңби?
– Ооба. Же окудум бекен? Эсимде жок.
Эрнис чарасыз тиктеп турду. Эсинде эч нерсе жок.
– Дагы сүрөттөрүң барбы? Мен да сүрөт тартам.
– Көп эле.
– Асман,- аркасынан бирөө чакырып калып, кыз аны көздөй басты. Эрнис туруп калды. Эч нерсе деген жок. Сүйлөй албады. Токтото албады.
ххх
– Мен көрдүм аны...
– Кимди?
– Аруукени...
Айдар чакчайып тиктеп туруп калды. Оозундагы чайга чакап да кетти.
– Сен аны мага азыр айтып жатасыңбы? Кайсы жерде? Кана? Жүрү, ата...
– Кайда барасың? Отур.
– Ата, кайдан көрдүң?
– Албы же ал эмеспи, билбейм (Эрнис калп айтты). Асман деген кызды көрдүм. Сүйлөштүм. Жанында турдум. Эй, сен титиребей өзүңө келчи.
– Ал эмеспи деген эмне деген сөз. Сен өз кызыңды тааныбай калдыңбы?
Айдар чын эле колдорун караса титиреп туруптур. Деми буулуп кетти. Галстугун алып ыргытты. Көөдөнүндөгү муштум эт жарып чыкчудай дүкүлдөйт.
– Айдар, менде толтура суроолор бар. Биринчи ошолорду чечүү керек. Туура, ал биздин Арууке болушу мүмкүн. Бирок сен эч нерсе кылбайсың. Сен бул жолу жөн эле турасың. Түшүндүңбү? Мен кызыма жакындашканга аракет кылам.
– Ата, эмне деп жатасың?
– Болгону 4 жашта болчу ал. Бала бул жашта эмнени эстейт? Эмне эсинде калат? Тарс деп биз сенин атаң менен агаңбыз деп айта алабызбы? Кыздын жашоосун астын-үстүн кылып алабызбы? Баарын шашпай отуруп ойлонуп чечишибиз керек.
– Ата, эмне деп жатасың? Сен түрмөдө отурганда ал кызга мен ата да, ага да болдум. Мен аны сенден жакшы билем. Ал мени көргөндө баарын эстейт.
– Айдар!
– Сен ага да, мага да ата болгон жоксуң! Биздин атабыз да, энебиз да болгон жок. Түштөн кийин келип алып ээлик кылба. Сен кызың тууралуу эч нерсе билбейсиң. Мени унутуп калды деп жатасыңбы? Эч унутпадым.
Буркан-шаркан түшүп кетти жигит. Атасына өмүрү айтпайм деген сөздөр оозунан чыгып кетти. Жылдар бою чогулткан ызасы, жоготуулары эми жол тапкандай сыртка шиленип жатты. Болгонун кыйкырып алып сыртка чыгып кетти. Эрнис отурган жеринде нес болуп кала берди.
ххх
– Асманды чет өлкөгө окууга жиберем,- деди аялына Сулайман. Алыс эч кайда жиберчү эмес эле. Аялы таң кала түштү.
– Эмне болду?
– Окусун дедим. Эл көрсүн, жер көрсүн.
– Ошол элеби себеп?
Шектене сурады. Сулайман үшкүрүп отура калды. Ичиндеги бурганакты бөлүшпөсө болчудай эмес.
– Анын агасы келди.
– Эмне-е?
– Акырын! Агасы келди дейм.
– Сен атасы издегенде эле бардыгы бүттү деп айтпадың беле? "Баарын бүтүрдүм. Эч шеги жок" дегенсиң.
– Ооба, бул жолу агасы келди. Көздөрү окшош экен. ТИМде иштейт экен. Тың жигит көрүндү. Эгерде бир шек билсе... Андан көрө шаардан алыс жиберишибиз керек. Чет жакта Асманга жакшы болот, бизге дагы тынч.
– Сулайман...
– Ии?
Аялы аяп карап турду. Асман ал үчүн баарынан кымбат экенин билчү. Кээ бир убак болот, жакын адамыңа жаныңды бергиң келип турса да анын дартын өзүңө ала албайсың. Күйөөсүнө канчалык оор болуп жатканын билип турду. Бирок эч нерсе дей албады.
– Жакшы болот баары,- деди жөн гана.
– Албетте, сен капа болбо.
ххх
– Ата?
– ...
– Сен кечир мени!
– Жат төшөгүңө...
– Мен токтоно албай кеттим. Мен жылдар бою Аруукени табам деп жашадым. Биздин жакындыгыбызды сен түшүнбөйсүң. Анан "өзүм чечем" дегениңде көп нерсе оозумдан чыгып кетти. Мен сени...
– Ал менин да кызым. Жаман ата болсом да менин кызым. Ушуну унутпа!
– Макул, сен айткандай болсун. Бирок бир жолун таап мен аны көрүшүм керек. Жок дегенде алыстан...
– Кайсы жерде кайсы факультетте окуурун билдим. Эртең...
– Рахмат, ата.
Экөөнө тең оор түн эле. Эртеси эле айтылган окуу жайдын короосунда Айдар машинесинде отурду. Мынча элдин арасынан кантип таанышын деле билбейт. Сулайманова Асман, психология факультети деген нерсе бар акылында. Шарт түшүп, окуу жайга кирди. Ар бир басыгы оор боло баштады. Башы айланып жатты. Жер таяна отура калды...
(Уландысы кийинки санда)