«АЙЫЛ БАНК» ААКсы БИЗНЕС-КРЕДИТТЕР БОЮНЧА ЧЕНДИ 4%га ТӨМӨНДӨТТҮ

«Айыл Банк» ААКсы ата мекендик бизнести колдоону улантып, орто жана кичи бизнести каржылоо боюнча “Бизнес Плюс” акциясы башталганын кабарлайт.

Эгерде сиз ишкер болсоңуз, каржылоодон пайдалануу же айланма, негизги каражаттарды толуктоо булактарына муктаж болуп жатсаңыз, анда сиз “Соода жана кызмат көрсөтүү” бизнес-кредит боюнча төмөндөтүлгөн пайыздык ченди пайдалансаңыз болот.

“Бизнес Плюс” акциясынын шарттарына ылайык, ишкерлерде 2020-жылдын 1-мартына чейин гана улуттук валютада жылдык үстөгү 18 пайызга чейин бизнес-кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгү бар!

“Айыл Банк” өзүнүн жана потенциалдуу кардарларынын керектөөсүн канааттандыруу үчүн ченди төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Кредиттин максималдуу суммасы жана кредит берүү чечиминин тез арада кабыл алынышы аталган банк продуктусуна болгон жогорку суроо-талапты камсыз кылууга багытталган.

Чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү программасы боюнча кредиттин минималдуу суммасы – 30 000 сом, ал эми максималдуу мөөнөтү – 5 жыл.

Банктык бул сунуш бир катар артыкчылыктарды сунуштоо менен ата мекендик ишкерлердин кызыкчылыгын максималдуу эске алат: кредиттин ийкемдүү мөөнөтү, тариздөө үчүн минималдуу талаптар, билдирмелерди кароо мөөнөтүнүн кыскалыгы, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгү. Биздин банк өз кардарларын ойлоо менен ишинде мыкты тажрыйбаны жана методиканы дайыма колдонууга аракет кылат.

Кесипкөй консультация берүү жана кредитти тариздөө “Айыл Банк” ААКсынын бардык филиалдарында ишке ашырылат. Тейлөө боюнча адистер бардык пайда болгон маселелерди тез чечүү үчүн кардарлар менен жолугууга дайыма даяр.

720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Логвиненко көч., 14

0(312) 68 00 00 0556 68 00 00

office@ab.kg www.ab.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Shef87
2019-12-17 13:39:55
18 да кымбат кредит элдин канын сорууда
0
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан