2020-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ



Босогодо Жаңы жыл. 2020-жылы Чычкан тактан Доңузду түшүрүп, жаңы 12 жылдык астрологиялык циклди ачат. Чычкан жылы кайсы жылдыз белгилерине эмне убада кылат, эмнеден сак болууну эскертет? Анда астротөлгөгө көңүл буралы.


КОЙ (21.03-20.04)

Жумуш, карьера

Кой белгисиндегилерге Чычкан менен болгон союзу кошумча импульс берип, тоону томкоруп, карьерадан өсө алышат. Бирок кыйын мезгилде да агрессияны көрсөтпөй, адамдар менен ачык душмандашпаса гана! Айрым учурда куу болуп, айрым учурда баш ийе билүү керек. Январь жана июль ийгиликтүү убакыт. Кимдин маркетинг сферасында карьера курам же жеке ишкерлик баштайм, же жаңы ишке өтөм деген планы болсо кылчактабай киришсе болот.

Акча
Каржылык маселелерди күзгө чейин чечип алуу сунушталат. Андан ары оор мезгил башталат. Жайында бирөө бир ишти сунуштап, ага акча салсаңыз көп пайда көрөрүңүздү айтып ишендиргиси келет. Макул болсоңуз акчадан кол жууп каласыз. Негизи жыл ичинде жакшы жашоо үчүн короткон акчанын ордун эки эселеп толтуруп туруу керектелет.

Жеке жашоо, үй-бүлө
Жыл ичинде сизди романтикалык окуялар, кызыктуу жолугушуулар, сүйүү баяны күтөт. Кээ бирлер саякатка чыгышат. Бир окуядан улам жашоодогу ордуңуз тууралуу ойлонуп, оңолууга багыт аласыз. Анткени кемчилигиңиз алаканга салгандай даана көрүнүп калат. Күзүндө ачык провокацияга туш келип, жан дүйнөңүз огунан чыгат. Чырдын башы өткөн жашооңузга барып такалат.

Ден соолук
Кой белгисиндегилер өнөкөт ооруларга аз чалдыгышат. Бирок алардын кемчилиги – кайсы бир процесске баш-оту менен кирип кетип, режим, уйку, тамак дегенди унутуп коюуда турат. Бул уйкусуздук жана депрессия менен коштолот. Андыктан ден соолукка убагында кам көрүүлөрү керек.

Күзүндө жүрөк-кан басым оорусунан жабыркагандар туура тамактанып, эмоцияга алдырбай токтоо болушпаса инсульт же инфарктка кабылуу коркунучу бар.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жумуш, карьера

Жылдын башында иш же жашаган жерди алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чыгат. Ойлонбой алмаштыра бериңиз, сиз утасыз. Илимий иштерди жазууга, курстардан окууга январдан майга чейинки убакыт ылайыктуу. Чет өлкөдө иштеп келем дегендерге жол май, июнь айларында ачылат. Туруктуу жумушу барлардын иши жыл бою жакшы болот. Карьера жасоого жылдын экинчи жарымында киришүү керек.

Акча
Букачар молчулукта, ар күндүн кубанычына балкып жашоону сүйөт. Бирок чычкан жөндөн-жөн акча чачуу туура эмес экендигин жылдын экинчи жарымында далилдеп, акчадан тартып коёт. Андыктан киреше, чыгашаларды жазып-тактоону үйрөнүү зарыл. Мураска ээ болуп калуу же жаңы бизнес баштап, андан пайда табуу мүмкүнчүлүгү болот. Ноябрь-декабрда акча сарпталуучу иштерде абайлабаса күйүп кетүү мүмкүн.

Жеке жашоо, үй-бүлө
Өзгөрүлө баштай турган жыл. Имиджден тартып жашоо багытыңыз менен максаттарыңызга чейин түп тамырынан бери өзгөртүүнү каалап чыга келесиз. Сиз достор деп атап жүргөн адамдарга талдоо жүргүзүп көрсөңүз, арасында жакын жолоого болбой тургандары бар экенин билесиз.

Жан шеригиңиз же сүйүктүү адамыңыз менен болгон мамиле эң сонун өнүгүп отурат, болгону аны одоно мүнөзүңүз менен бузуп албаңыз.

Ден соолук

Энергиялуу болгондоруна карабастан букачарлардын жыл ичинде иммунитеттери бир калыпта болбойт. Ашказан-ичеги, бөйрөк, неврологиялык оорулардын жаралуу коркунучу бар. Андыктан туура тамактанып, сергек жашоо образын кармануу, убагында текшерилүү, дарылануу туура.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жумуш, карьера

Январь айында жетекчилик же мамлекеттик органдар менен иштешүү кыйындайт. Жамаатта бөлүнүүлөр болушу мүмкүн. Февраль, мартта баары калыпка келип, иш оңой кетет. Май айында профессионалдык көрөгөчтүгүңүз өсөт. Эмнени кыялдансаңыз ишке ашырууга киришиңиз. Мүмкүн, жеке фирма ачасыз же бизнести кеңейтесиз, же карьерадан жогорулай аласыз.

Акча
Май айынын аягына чейин киреше булагын түптөп алуу керек. Бул үчүн айлыгы көп жумушка өтүү ашыктык кылбайт. Банктан алынган насыя акча болсо, аны жаап, кайра албоо сунушталат. Инвестиция кылуудан эч нерсе утпайсыз, андыктан акчаны чогултуу оң. Жыл ичинде акчадан колдоо көрсөткөн адам чыгат же утушка ээ болосуз.

Жеке жашоо, үй-бүлө
Чымындан төө жаратпай, реалдуу жашоону ошол калыбында кабыл алууну үйрөнүңүз. Эски калыптанган эреже, тыюулар менен коштошуп, жаңы өз эрежелериңизди түзүңүз. Үй-бүлөлүүлөрдө майда чырлар жыл ортосунда чыгат. Калган учурларда жан шериги колдоо көрсөтүп, алга сүрөп турат. Айрым бойдоктор сүйгөнү менен бакыт өргөөсүнүн эшигин атташса, айрымдар үшкүрүнүп калышат. Анткени сүйүүсүн арнаган адамы башка менен убактылуу мамиле курган болуп чыгат.

Ден соолук
Январда омуртка менен муундарды, февраль жана октябрда бутту абайлабаса жаракатка кабылуу мүмкүн. Ноябрь айында энергия жана чыгармачылык азайып, депрессияга кабылтуусу ыктымал. Өнөкөт оорулар козголсо үйдө БАД жана витаминдерди ичип жата бербей врачка көрүнүү, дарылануу кажет.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жумуш, карьера

Иште жана карьерада кыйынчылыктар күтүлөт. Ар кандай кырдаалга даяр туруп, маселе сиздин пайдага чечилүүсүнө жетишүүңүз кажет. Керектүү адамдарды колго алыңыз. Жаңы ишке өтүүнү пландасаңыз январдан калтырбаңыз. Сентябрда иште кетирилген каталарды сизге жүктөгүлөрү келишет. Жол бербеңиз. Олуттуу кызмат ээлеринин айрымдары жайында креслолору менен коштошот.

Акча
2020-жылы көптөн болбосо да акча дайыма түшүп турат. Аны үнөмдөп чогултуу керек. Ошондо машина алмаштырууга же баштаган курулушту аягына чыгарууга болот. Тууганга же доско жашоосу оңолсун деп бир топ акча берүүгө туура келет.

Бөйөндөр бул жылы билимин туура колдонуп, чөйрөсүн кеңейтишсе кирешесинин өлчөмү өсөт.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Июль жана август айлары жеке жашоодо жагымдуу сюрприздерди сунат. Атап айтсак, күтүлбөгөн жерден саякатка чыгуу, кооптуу иштен пайда табуу, жакшы көргөн адамынын камкордугуна чулгануу. Сүйүктүүсү менен мамилеси аягына чыгып бара жатканын сезген бойдоктор аны коё берүүлөрү кажет. Эгер мамиле, тескерисинче, жакшы өнүгүп жатса, анда үй-бүлө курууну октябрга белгилөө сунушталат.

Ден соолук
Бөйөн – Айдын колдоосу астындагы суу белгиси, андыктан маанайы көбүнчө туруктуу болбойт. Чычкан жылы сезимдерин талдай билүүгө, депрессияга алдырбоого, иммунитетти көтөрүүгө чакырат. Күзүндө жана кышында бел, бөйрөк оорулары кармашы мүмкүн. Оору козголбошу үчүн оор жумуштардан качуу керек.

АРСТАН (23.07-23.08)

Жумуш, карьера

Карьералык жолуңузда апта сайын кескин бурулуштар чыгат, андыктан алдын ала план түзбөй туруңуз. Айлык азайса же жамаатта тирешүүлөр өссө иште кармалуунун кереги жок. Өзүңүздү башка сферадан сынап көрүңүз. Июнда жаңы иш баштасаңыз команда топтооңузга, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүңүзгө мүмкүнчүлүк бар. Массажист, чачтарач, кулинардык курстарды бүткөндөр жай этегинде жакшы иш орунга ээ болушат.

Акча
Келишим түзүүдө, акча алып-беришүүдө ачык сүйлөшүп албасаңыз, акырында чыгым тартып каласыз. Бир туугандарыңызга жардам керек болот, зыкымданбаңыз. Ал акча башка жолдор менен кайтып келет.

Негизи бул жылы өзүнө гана ишенип иш жүргүзүп көнгөн арстандар башкалардын кеңешин уга билбесе кирешесин көбөйтүшү кыйын болот.

Жеке жашоо, үй-бүлө

Үй-бүлөлүү арстандар мамилелер солгундабашы үчүн аны ырааттуу өнүктүрүп кетүүлөрү керек. Болбосо ар ким өзүнүн эркиндигин сактоого, материалдык жактан көз каранды болбоого аракет кыла башташат. Бул жакшылыкка алып барбайт. Башка өлкөдөгү тааныштар конокко чакырса баруу сунушталат. Турак жай, жер тилкесин сатып алам дегендердин тилеги жыл аягында ишке ашышы мүмкүн. Бойдоктор жыл ортосунда сүйүүдөн жолдуу болушат.

Ден соолук
Жыл ичинде майлуу, күчтүү тамак-ашты көп жебей, ичкиликтен баш тартуу керек. Антпесе ичеги-карын ооруларынын жаралышы күтүлөт. Буга чейин тынчсыздандырып келген органдарды УЗИден, компьютердик томографиядан өткөрүү, дарылануу сунушталат. Жылдын экинчи жарымында боорду этияттоо керек.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жумуш, карьера

Иш, карьера сиз ойлогондой болушу үчүн жамаатта өз позицияңызды бекемдеп, лидерлик сапатыңызды көрсөтүүңүз кажет. Өзгөрүүлөрдөн коркпой, кайра ага ыңгайлашуу зарыл. Сизге перспективдүү ишти сунуштоолору мүмкүн. Макул болуу кажет. Жайында иштер бир аз кыйындайт, бирок ал кырдаал кийин эмне каталарды кетирбөө керектигин эскертип берет.

Акча
Кирешеңиз жылдын башынан майдын аягына чейин бир калыпта болуп, андан кийин бирде азайып, бирде көбөйүп жүрүп отурат. Бирөөнүн акчасын убактылуу колдонуп, кайра берип коём дегенден качуу керек. Анткени ордун толуктай албай чырга кабыласыз. Бат байып кетүү үчүн алдамчылыкка жеткендер өз акчаларынан да кол жууп, мыйзам менен эсептешип калышат.

Жеке жашоо, үй-бүлө
Жеке жашоодо кризис күтүлбөйт. Өткөн жылдан калган айрым маселелер январь айында козголушу мүмкүн. Бирок февралда мамилелер нейтралдуу болуп барып, жөнгө салынат. Жыл ортосунда романтикалуу учурларды баштан өткөрөсүз. Үй-бүлөлүүлөр жөн гана ата-эне эмес, жубайлар экендигин эске алып, бири-бирине көп көңүл буруп, доомат артышуудан оолак болуулары зарыл. Ошондо жыл ичинде бакыт эмне экендигин сезишет.

Ден соолук
Убагында эс албай көп иштөөдөн качуу, стресстердин алдын алуу кажет. Болбосо жүрөк же кан тамыр оорусунун жаралышы күтүлөт. Февраль-октябрь айларынын ичи жаракаттарга, күтүүсүз приступка кабылууга жакын. Андыктан абайлаңыз, агрессивдүү адамдарга жолобоңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жумуш, карьера

Карьераңыз жыл ичинде сиз ойлогондой ылдам өспөйт. Бирок жардам көрсөтүүчү адам тааныштарыңыздын арасынан чыгат. Карьерадан өсөм же айлыгым көбөйсүн дегендер иште активдүү позицияны ээлеп, түрдүү иш-чараларга катышып, көзгө урунуулары зарыл. Авантюрага аралашпаңыз. Жазында иш ордун алмаштыргандарды ийгилик коштойт.

Акча
Өжөрлөнө иштесеңиз, жыл ичинде миллионер болбосоңуз да, сизге керектүү каражатты таба аласыз. Бирок бирөөлөргө ортомчу болуп карыз алып берүүдөн, жумшак сөзгө алданып карызга акча карматуудан качуу керек. Декабрда байкабастан жасалма документке туш болуп, бөөдө күйүп кетүү коркунучу бар экендигин унутпаңыз.

Жеке жашоо, үй-бүлө
Үй-бүлөлүүлөр январь, ноябрь айларында этият болбосо никеси туңгуюкка такалат. Жан шериктердин бири экинчисине бийлик жүргүзбөй, өзүн артыкча көрсөтпөшү керек. Бойдоктор сүйлөшкөн адамын ар тараптан сынап көргөндөн кийин баш кошпосо, никелери узакка сакталбайт. Жыл этегинде башка жакка көчүү меселеси чыгышы мүмкүн.

Ден соолук
Жылдын башында жаш балдардын уулуу суюктуктарды ичип алышынан сак болуу кажет. Жүрөк оорусу барлар дарысын ичип, убагында текшерилип турбаса приступка кабылып, өмүрүнө коркунуч туулат. Негизи жыл ичинде оорулар козголбошу жана жаралбашы үчүн чуркоого же фитнеске, же сууда сүзүүгө чымырканып киришүү керек.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Жумуш, карьера

Иште жыл бою чөйрөдөгү адамдардын биринин саткынчылыгынан, атаандаштардын тузагынан сак болуу сунушталат. Башкаларга караганда жакшы иштеп, кызыктуу долбоорду колго алуу зарыл. Ошондо карьерадан өсүү курмандыксыз ишке ашат. Бизнесмендер күтүлбөгөн ийгиликтерге кез келет. Болгону ишенчээктиктин айынан жаңы тааныштарга алдатып жибербөө керек. Жазында тренингдерге катышуулар күтөт.

Акча
Жыл ичинде убак-убагы менен акча тартыштыгына кез келесиз. Бул пландалбаган чыгашалардан, айлыктын азайышынан, чоң нерсе үчүн топтогон акчаңызды жумшап ийгенден болушу мүмкүн. Андыктан кошумча иш караштырууга туура келет. Бирок фортуна туугандардын колдоосунан, майда олжолордон куру койбойт. Ишенген адам чогуу бизнес кылууну сунуштаса макул болуу оң.

Жеке жашоо, үй-бүлө
Үй-бүлөлөрдө бири-бирине таасир эте турган адам – бул жан шериги. Андыктан жан шеригине, балдарына, үйүнө көп көңүл буруусу кажет. Анткени сизди коргоочу бекем чеп болуп берчү ошолор. Үй сатып алуу же турак жай куруу планыңызда болсо июнь айында кирише бериңиз. Түгөйүн таба электер бирөөнүн сунушу же эсеп менен үйлөнүүгө жетпөөлөрү кажет. Ажырашуу күтүлөт.

Ден соолук
Жыл ичинде сизди беймазага салчу маселе – бул тиштерди оңдотуу жана салдыруу болмокчу. Февраль-март айларында ооруп калсаңыз анализиңизди 2-3 жерден текшертиңиз, диагноз коюуда врач ката кетириши мүмкүн. Жаз жана күз айларында өпкө ооруларынын кармашы күтүлүүдө.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жумуш, карьера

Сиз буга чейин көп нерсеге жетиштиңиз, эми горизонтту кеңейтүүгө убакыт келди. Жакшы иштөөнү улантып, кызыктуу сунуш түшсө кабыл алыңыз. Иште позитивдүү өзгөрүүлөр болот. Мүмкүн, сизге ыңгайлуу иш графиги түзүлөт. Ноябрь, декабрь айларында ишке өтө олуттуу талаптар коюлат. Жамаатта интригалардан, чырлардан качыңыз, болбосо карьераңыз жарга такалат.

Акча
Жаачылар бышык жана акылдуу экендигине карабай шериктерине же иш берген адамдарга ишене беришет. Алдаса деле тыянак чыгарышпайт. Андыктан компаниянын кызыкчылыгынан мурун айлыкты көбөйтүүнү талап кылышса, кирешеси көбөйөт. Жыл ичинде башка ишке которулуу же чет өлкөгө иштөөгө кетүү мүмкүнчүлүгү чыгат.

Жеке жашоо, үй-бүлө
Үй-бүлөлүүлөр каражат таап, жашоо абалын оңдоо боюнча чечимдерди кабыл алышат. Кыймылсыз мүлк жаатында келишим түзүү, турак жай сатууну артка жылдыруу керек. Айрымдар эски сүйүүсүн жандандыргысы келет, бирок роман аларды бактылуу кылып жибербейт. Эркиндикти колдон чыгаргысы келбей тырышкан бойдоктор кыйынчылыктарга туш болуп, жалгыз калышат.

Ден соолук
Жаачылар ден соолугуна жакшы көңүл бура тургандарга киргендиктен, жыл ичинде катуу ооруга чалдыгышпайт. Спорт менен машыгууда ашыкча кетпей, бут, муундарга күч келтирбөө керек. Жаачылардын аялуу органдары болуп ашказан-ичеги жана боору болуп саналат. Андыктан оорунун белгилери билинсе дароо гастроэнтерологго жөнөө керек.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жумуш, карьера

Карьералык өсүүгө январдан тартып июнга чейин жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Харизмага жана иш тажрыйбага таянып жакшы орунга жетишүүңүз мүмкүн. Жоопкерчиликтен коркпой жаңы долбоорлорду колго алуу керек. Айтылган убактар бизнес ачууга да ылайыктуу. Июндан жыл этегине чейин иш процессине баш-отуңуз менен киришип, кирешеңизди көбөйтөсүз.

Акча
Материалдык жактан кризиске туш келбейсиз. Бирок жазында киреше чектелип, акчаны үнөмдөөгө туура келет. Финансы жактан жакшы пландарды түзүп, ишке ашыра баштоо керек. Жылдын экинчи жарымында акчаны ашыкча таап, короткон акчалардын ордун толтуруп аласыз. Оңдоп-түзөө, курулуш иштерин июнда баштоо оң. Анткени материалдык жардам бере тургандар табылат.

Жеке жашоо, үй-бүлө
Бойдоктор июнга чейин ким менен олуттуу мамиле түзүү керектигин аныктап алуулары кажет. Үй-бүлөлүүлөр бири-бирин колдоп, ишти акылдашып жасашпаса, майда чырларга көбүрөөк кабылышат. Турак жай сатып алуу-сатуу, оңдоо-түзөө иштерин күзгө калтырыңыз, анткени орто жолдо кыйынчылыктар чыгып, аягына чыгаруу создугат.

Ден соолук
Жыл ичинде кулак жана тамактын сезгенүүлөрү чоң маселе жаратуусу мүмкүн. Андыктан ооруп калсаңыз, дартты өтүштүрүп жибербеңиз. Гастрит, ашказан жана ичеги жарасынын жазында, күзүндө курчушу күтүлүүдө. Диета кармап, врачтын көрсөтмөлөрүн так аткаруу кажет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жумуш, карьера

Жыл ичинде иштер ийгиликтүү уланат. Январдан апрелге чейин тынбай иштеп, жамаат менен мамилени бекемдеп алуу кажет. Андан ары карьера өргө жыла берет. Билим, иш тажрыйба, социалдык статусуңузга төп келчү ишке орношуп калуу мүмкүнчүлүгү чыгат. Резюмеңизди жөнөтүп, аңгемелешүүгө барыңыз, ийгилик сиз тарапта болот.

Акча
Жылдын биринчи жарымында акчаны үнөмдөөгө, кошумча иш караштырууга банктан алынган насыя акча же карыз аргасыз кылат. Жылдын ортосунан баштап көп таба баштайсыз. Бирок юридикалык документтерге окуп-таанышкан соң кол койбосоңуз тапкандарыңыз чыгып кетет.

Жеке жашоо, үй-бүлө
Июль айында үй-бүлөдө келишпестиктер жаралат. Бул жеке жашоодо жаралган маселеден улам нервденип, үйдөгүлөргө талапчыл болуп чыга келүүдөн болушу мүмкүн. Бирок августта мамилелер калыпка келет. Жыл этегинде акча көп түшүп, бир жактарга барып эс алып келүүңүз мүмкүн. Суу куярлар эл менен бат тил табыша алгандыктан бойдоктор сүйүүдөн куру кол калышпайт.

Ден соолук
Тынбай, каржалып иштөөнүн жыйынтыгы ооруканага жеткирерин эске алып, чеги менен иштеңиз. Баарына бир мезгилде жетишүүгө мүмкүн эмес. Андыктан эс алууга убакыт бөлүңүз. Жайкысын баш оору, кышкысын болсо угуунун төмөндөшү, калкан безинин оорулары тынчыңызды алып, текшерилүүгө жеткирет.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Жумуш, карьера

Жыл башынан жылдын ортосуна чейин өз позицияңызда калып, колдон келген ишти жасай бериңиз. Маселелерди стандарттуу эмес жолдор менен чечип, жаңы идеяларды ойлоп табыңыз. Жылдын экинчи жарымында карьера экинчи планга жылып, үйдөгүлөргө көп убакыт коротосуз. Эгер буга чейин иштеп келген ишиңиз жакпаса, башка ишке өтө бериңиз. Карьерага жабышуунун кереги жок.

Акча
Каржылык маселе тынчыңызды көп алат. Февраль айынан октябрга чейин акчага байланышкан авантюраларга макул болбоо, аралашпоо кажет. Күздүн башталышынан тартып акча туруктуу келе баштайт. Бирок чоң нерсени алууну декабрга чейин токтотуп туруу керек.

Жеке жашоо, үй-бүлө
Жазында үй-бүлөлүүлөрдө байкалбай келген маселелер көтөрүлүп чыгат. Чатакташпай түз отуруп сүйлөшүп чечүү кажет. Калган убактарда жашоо ойдогудай болот. Бойдоктор сүйүктүүлөрү болсо деле андан сулуу, акылдууларды издөөнү коюшпайт. Бирок мындай жоруктары билинип, жалгыз калуу коркунучу бар. Айрымдар калтырылган мурастын арты менен же ипотека боюнча үй-жайга ээ болушат.

Ден соолук
Жакшы тарабы: ден соолукта олуттуу маселе болбойт. Жаман жаңылык: эгер режимди кармабай, баш аламан тамактанса, энергия аз болуп, депрессия келип чыгат, иштер алдыга жылбайт. Жазында, жайында аллергиядан жабыркоо мүмкүн. Бул эмгек өргүүсүн пландагандан эрте алууга жеткирет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан