ТОҢКУЛДАК – ЧАРЧАБАГАН ТОКОЙ КЫЗМАТКЕРИ

Эч качан чарчабай дарактарды тумшугу менен чукуп тешкен тоңкулдак бир эле маалда 2 ишти аткарат: жемин таап жейт, даракты курт-кумурскадан арылтат.

ДАРАКТЫН ИЧИНДЕГИ КУРТТУН ДАБЫШЫН УГА АЛАТ

Орточо эсеп менен тоңкулдактын денесинин узундугу 25 сантиметр, салмагы 60-100 грамм болот. Канаттарынын жазылыгы – 45-49 сантиметр. Тоңкулдактар жер шарында Антарктида менен Австралиядан башка бардык жерде жашашат. Токой канаттуулары болгондуктан Тайга, нымдуу тропик өлкөлөрү болобу, жашай беришет. Эң көп таралган ала-була тоңкулдак орточо эсеп менен 10-11 жыл жашайт.

Тамагы болуп дарактарды байырлаган курт-кумурскалар (өсүмдүк митеси, кабык жегич коңуз, кумурска) жана алардын личинкалары эсептелет. Тоңкулдактар чукуп тешкенге зыянкечтерден жабыркап ооруган дарактарды тандап алат. Андыктан “токой санитары” атка конгон. Алардын сак жана уганаак кулактары дарактын ичиндеги зыянкечтердин чыгарган дабыштарын уга алат. Тоңкулдактар ошондой эле өсүмдүктөрдүн уругун, бактардын мөмөсүн, ийне жалбырактуу дарактардын тобурчактарын жейт. Бир жегенде 1000ге жакын кумурсканы жеп коё алат. Өздөрү шумкар, ылаачын, үкү, жылан, суусарлардын жеми болуп саналат.

Бир жерди байырлап, отурукташа турган канаттуу. Жупташуу кезинен башка учурда жалгыздап жашайт. Жазында сайрап, ургаачысынын көңүлүн бурууга аракеттенет. Акыры ага көңүл бурган бирөө чыгат да, экөө жуп түзүп, дарактын көңдөйүнө уя салышат. Ургаачысы 3-7 жумуртка тууп, 2 аптада басып чыгарат.

ЭМНЕ ҮЧҮН ТОҢКУЛДАКТЫН БАШЫ ООРУБАЙТ?

Тоңкулдак 1 күн ичинде даракты тумшугу менен 12 000 ирет ургулап, тешкилейт. Тактап айтканда, секундуна 25 ирет тумшугу менен даракты койгулайт. Башка жаныбар же адам болсо башы жарылып калмак, а тоңкулдактыкы жарылбайт. Эмне үчүн? Анткени тоңкулдактын баш сөөгү менен тумшугунун ортосун «жаздык» деп аталган губка сыяктуу ткандар бөлүп турат. Тоңкулдак даракты ургулаганда соккуну ошол ткандар өзүнө алып, амортизатордун ролун аткарат. Тумшугу жана мээси да соккуну жумшартуучу ткандар менен курчалган.

КЫШКЫГА ДЕП ЭМЕНДИН 50 МИҢДЕЙ УРУГУН ЧОГУЛТАТ

Тоңкулдактар кышкыга деп өсүмдүк уруктарын, кургаган мөмөлөрдү, тобурчактарды чогултат. Кышында адамдар жашаган жерге байырлашып, тамак-аш калдыктарын да жешет.

Эмен дарактары өскөн аймактагы тоңкулдактардын кышка камынуусу өзгөчө. Жайында куурап калган бийик даракты таап, ага көптөгөн тешиктерди жасай баштайт. Качан эмен дарагынын уругу бышканда аларды ташып келип, ошол тешиктерге тыга берет. Тешик урук батпай да, түшүп да калбагыдай өлчөмдө болот. Андай тешиктердин саны 50 000ге чейин болот. Бул кышы менен азыгы жетет дегенди түшүндүрөт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
knk
2019-12-16 12:35:36
Секундасына 25 ирет эмес, минутасына болушу керек го дейм.
+1
RNA78
2019-12-16 14:13:37
knk, Туура айтасыз минутасына 25 ирет, супердин журналисттери да "Супер" урду-келди карабай жаза беришет. Чыпалак баатыр журналисттер кобойуп кетти, эми экообуздун тен жазганыбызды очуруп, катасын ондоп койушат.
+1
admin_portal
2019-12-16 17:24:59
knk,RNA78, cаламатсыздарбы? Маалымат такталып жазылган. Бул цифра жаратылышты изилдөөчүлөр келтирген далилдерден улам келип чыккан. Эгер кызыксаңыз интернеттеги башка булактардан карап, салыштырып көрүңүз. Дал ушундай эле маалымат чыгат.
+1
asdef
2019-12-18 17:07:38
Туура эле секундасына 25
-2
asdef
2019-12-18 17:08:10
Токойдо жургондо укпайсынарбы автоматтай эле чыгат уну
0
Nurmukhammeduulusherali
2019-12-23 03:59:23
Дятел способен совершать удары по дереву со скоростью 20–25 раз в секунду (что почти вдвое превышает скорость работы пулемета) 8000–12000 раз в день!
+1
№ 893, 12-18-декабрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан