Испаниялык дарыгерлер дене табы 18 градуска түшүп, жүрөгү 6,5 саат сокпой калган 34 жаштагы жарандын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, Британиялык турист Пиреней тоосуна, деңиз деңгээлинен 2500 бийиктикке чыккан учурда эс-учун жоготуп, жолдошу куткаруучуларды чакырган. Алар келген учурда аялдын жүрөгү сокпой жаткан. Ага карабай туристти тик учак менен алып келип, дарыгерлерге өткөрүп беришкен. Жыйынтыгында дарыгерлер анын өмүрүн сактап, өз эрдиктерине өздөрү таң калып жатышканын жашырышкан эмес.
Дамира Арстанова
koom@super.kg