Түштүк Африка Республикасынын Дурбан шаарында предметтик сабактардан төмөн баа алган окуучулар “адилеттүүлүк жок” деп мектебине өрт коюшту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматта айтылгандай, мектеп администрациясы өрт өчүрүүчүлөрдү өз убагында чакырып, өрт өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес. Бирок директордун иш бөлмөсү, мектеп ашканасы жана персоналдардын бөлмөсү тилсиз жоонун кучагында калып, жараксыз абалга келген. Окуядан соң Улуттук билим берүү департаментинин өкүлү Квази Мтхетва окуучуларды маселе чечүүдө вандализмге алдырбоого чакырды. Учурда жергиликтүү полиция кызматы окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Дамира Арстанова
koom@super.kg