“Ирактын Фаллуджа шаарына жакын аймактан табылган 643 адамдын сөөгү 2016-жылы дайынсыз жоголгон аль-Мухамда уруусундагы адамдардыкы болушу мүмкүн” деп жазып чыгышты чет элдик маалымат каражаттары.
Маалыматка таянсак, казуу учурунда чоң кишилердин, балдардын сөөктөрүнөн сырткары чириген кийимдер, кишен, октор чыккан. Мындан улам Рамади соттук-медицина департаменти "бул жерде массалык кыргын болгон" деген жыйынтык чыгарган. Айрымдар “булар Ирак аскерлери менен Ирандын күч түзүмдөрү аталган аймакты “Ислам мамлекетинин” террорчуларынан бошотуу аракетин көргөндө каза болушса керек” деп божомолдошууда.
Дамира Арстанова
koom@super.kg